Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Чабак банктардын чамасы кантет?


Кыргызстандын учурдагы экономикалык абалына жыйырма үч банк артыкбаштык кылат. Республика үчүн беш банк деле жетиштүү болмок.

Мындай пикирин «Азия универсал банкынын» директорлор кеңешинин төрагасы Михаил Надель билдирди. Кыргызстандын каржы базарындагы жагдай кандай?

Бишкектеги эл аралык экономикалык жыйын соңунда өткөрүлгөн маалымат жыйынында “Азия универсал банкынын” жетекчиси Михаил Надель экономикалык мүмкүнчүлүгү кыйла эле чектүү Кыргызстанда 23 коммерциялык банктардын иштеп жатышы артыкбаш экенин белгилеп, ашып барса 5 банк өлкө үчүн жетиштүү болорун билдирди.

- Бизге эми бирин экинчисине кошуп алуу, бириктирип алуу болоруна мен ишенем. 23 банк өлкө үчүн өтөле көп. Экономиканын азыркы чама-чаркы үчүн бул олуттуу дегидей атаандаштыкты жаратууда. Бул, сөз жок, банк секторунда кошулууга, биригүүгө алып келиши керек.

М. Наделдин ырасташынча, ушу тапта Кыргызстанда банк секторунун калкка кызмат көрсөтүүсү болгону 4,5% гана түзөт. Кайриет, коммерциялык банктарды бул ирет дүйнөлүк экономикалык кризис кыйгап өттү. Антишке бул жердеги банктардын чет элдик өнөктөштөрүнөн күргүштөтүп ири өлчөмдөгү карыз акчаларды албагандыгы өбөлгө түздү. Анын үстүнө калктын көпчүлүгү акчасын жаздыкка катып, банк кызматы калктын көбүнө жете элек. Михаил Надель мындай шартта банктардын биригүү, кошулуудан башка аргасы жок, деген пикирде.

- Банк кызматынын элге кеңири жайылышы, уюмдашкан кардарларды ушу тапта тейлеш үчүн 5 эле банк жетиштүү, деп ойлойм.

Кыргызстандагы каржы базарынын 25% ээлеп турган ири банк жетекчиси эмнеликтен 5 банкты гана оозанып, ошого үмүт артышынын себеп-жөнүн Бишкектеги Борбор Азия банк жетекчилеринин жыйыны алдында Өнүгүү фондунун жетекчиси Алексей Елисеев ачыкка чыгарган. Кыргызстандагы эң ири каржы мекемесине айланып жаткан Өнүгүү фонду карыз акчаларды мына ушул 5 банк аркылуу таратууну көздөөдө.

Антип оңор эмес каражаттарды бир жерге топтоо артынан Кыргызстандын каржы базарын ээлеп алуунун амалы экенин айрым орусиялык маалымдоо каржаттары, маселен, “Компромат.ру” агенттиги жазып чыккан. Михаил Надель аты аталган агенттиктин артында кимдир бирөөлөрдүн акчасы турганын айтып, момундай жооп узатты.

- Билесизби, мен “Компромат.руга” жооп бергим келбейт. 1,5 миң доллар акча төлөп ага ким каалаган материалын жарыялай алат. Каалайсызбы, сиз тууралуу жазып берейин?

Улуттук банк төрагасы Марат Алапаев каржы базарын кимдир бирөөнүн же бирөөлөрдүн үстөмдүк кылуусуна, толук ээлеп алышына жол бербөө амалында белгилүү чек коюлганын эскертип, азырынча кооптонтчу жагдай жок экенин билдирди.

- Баары бир мамлекеттики болгон соң биз азырынча 40% деп койдук. Башка жакты айткан жокпуз. Банк системасында башка мамлекеттин: Кытай болобу, Корей болобу, Казакстан болобу, бир мамлекеттин капиталы 40% ашпаш керек деп өзүбүзчө норматив коюп алганбыз.

Улуттук банктын мурдагы төрагасы Улан Сарбановдун айтуусунда, өлкөнүн каржылык коопсуздугу үчүн жеке капитал 30 – 35% ашпашы абзел.

- Кеп эмне жөнүндө болуп жатат? Каржы базары бир эле киши тарабынан ээленип калбастан, ал эки адамдын көзөмөлүндө деле калышы мүмкүн. Эгер эки-үч институт болуп калса ыкка көнүү кыйынга туруп калат. Ал эми банк секторунда 30-35% жетиштүү.

Мындан 10 жыл илгери эки жыл ичинде 6 коммерциялык банк жабылган. Өткөн жылы ошол эле “Азия универсал банк” “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын өзүнө кошуп алган. М.Наделдин жоромолу чынга чыгып калса, сүрмөтоп банктарды кандай тагдыр күтүп жатканын болгоолош кыйын деле эмес. 23 банктын биригүү, кошулуусунан 5 банк калса, алар айрым маалымдоо каражаттары белгилегендей, өлкөнүн каржы базары азыркы бийликке аябай таасирдүү бирөөнүн колуна топтолуп калышы толук ыктымал.

XS
SM
MD
LG