Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Эмдиги жыл бюджети 1-окууда кабыл алынды


Эмдиги жыл бюджети парламентте 1-окууда кабыл алынды. Өкмөт 2010-2011-жылдардын бюджет болжолун да сунуш кылган. Бюджеттин киреше бөлүгү 44 миллиард сом, чыгашасы андан 3 миллиард сомго арбын.

Эмдиги жыл бюджетинин параметрлерин Кыргызстандын каржы министри Тажикан Калимбетова момундайча мүнөздөдү:

- Киреше бөлүгү 2009-жылга 44 миллиард, чыгаша бөлүгү 47 миллиард сом болду. Бюджет таңкыстыгы 2 миллиард 816 миллион сомду түздү. Эми 2010 – 2011-жылдары ушул таңкыстыкты азайтып, үч жылдан кийин жетишпестиги жок бюджетти кабыл алышыбыз керек деп ойлойбуз.

Каржы министри бюджеттин кирешеси менен чыгашасынын ортосундагы айрыманы сырттан келчү грант акчалардын, баалуу кагаздарды чыгарып сатуунун эсебинен жабыша тургандыгын кошумчалады.

Парламент депутаты, коммунисттер фракциясынын мүчөсү Бейшебек Акунов өкмөттүн айкын-ачык экономикалык программасы жоктугун сынга алды.

- Өнөржай калган тармактардын локомотиви, экономика боюнча ушундай. Сиздер, өкмөт, республиканын экономикасын каякка алып баратасыңар? Моминтип ылдыйлап, бизди жалаң агрардык өлкөгө такап келип атасыңар го. Банан республикалары деген бар, ошого алып баратасыңар. Бул жакшы жышаан эмес.

Кесиптешинин оюн улап социал-демократиялык фракциянын мүчөсү депутат Асылбек Жээнбеков эмдиги жыл бюджети деле мурдагысындай социалдык багытты көздөгөн, табылган кирешеден чыгашасы арбын, тапканды сугунуп коюудан ары көтөрүлө албаган экономикалык документ болуп калганына басым жасады:

- Бир жагынан ооба, туура, кризис абдан чоң. Биз бүгүнкү күндө өнүгүү бюджетин эмес, кризиске турштук берчү бюджет кабыл алышыбыз керек эле. А биз 2 миллиард сом көбөйтүп, кризис бюджетин кабыл алып жатабыз. Эмдиги 2-окууга чейин өкмөт бизге программа алып келбесе, кризистен чыга алабызбы деген ой болбосо, 2-окууга чейин киреше жагын көбөйтүп келбесеңер биз өкмөткө ишеним көрсөтпөшүбүз керек.

Парламенттин экономика, бюджет, салык комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев 2009-жылдын бюджети сөзсүз өзгөртүүгө туш келерин, каржылык кризистен улам, көрсөткүчтөрдүн кыйласы дагы такталарын маалымдады:

- Бүгүнкү күндө мен ойлойм, жалгыз Кыргызстанда эмес, жалпы дүйнөдө ушул кризис кайсы жакка алып барарын эч ким так айта албайт. Анын үстүнө биздин экономикабыз көбүнчө тышкы таасирге көз каранды.

Эмдиги жыл бюджетинде ички дүң продукт көлөмүнүн өсүшү 6% деңгээлинде болжолдонууда. Ушундай эле көрсөткүчкө жетишти болжогон Орусиянын өкмөтү эмдиги жыл бюджетине экономикалык өнүгүү ырааты 3% жетип берсе дурус болорун белгилеп отурат. Ички дүң продукттун теңине жакынын түзчү айыл чарбасындагы өсүш быйылкыдан бираз жогору 2,6%, өнөр жайында 6,1% жетип калыш ыктымалдыгы белгиленүүдө.

Парламент кийинки айдын башында эмдиги жыл бюджетин 2-окуудан өткөрмөкчү. Бюджеттин чыгаша бөлүгүн түзгөн 47 миллиард сомду үлөштүрүү түйшүгү ошондо башталмакчы.

XS
SM
MD
LG