Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Акун: Текебаевдин камалышына көңүл бурбоо моралдык жактан туура эмес


Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун саясатчыларды ушу тапта "Ата-Мекен" лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча маселени негизги катары талкуулоого чакырууда.

Бүгүн Бишкектеги "Ак Кеме" мейманканасынын жыйындар залында "Саясий күчтөрдүн жарандык форуму" иш-чарасы өтүүдө. Ага "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын башчысы Адахан Мадумаров, "Ата-Журт" партиясынын лидерлери Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев жана "Конституциялык кеңешме" кыймылынан Равшан Жээнбеков катышууда.

"Коомдук-саясий абал курчуп баратканына байланыштуу саясий лидерлер шайлоо системасынын өксүктөрүнөн мурун Текебаевдин кармалышы боюнча маселени кароосу зарыл" деген Акун саясатчылардын "өлкөдө эч нерсе болбогондой" мамилесин "моралдык жактан туура эмес" деп атады.

Уюштуруучу тарап бул боюнча резолюциянын долбоору бар экенин, ал талкууланып анан бекитиле турганын белгиледи. (KJ)

XS
SM
MD
LG