Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:23

21-декабрда бейөкмөт, жарандык коом, аткаруу, мыйзам чыгаруу бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда эмдиги жыл бюджетинин парламенттик угуусу өттү.

Өкмөт эмдиги жылы айлык маяна, социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйбөй тургандыгын ырастоодо. Анткен менен энергетика акысынын артынан инфляция да көтөрүлүшү турулуу иш.

Майып балдардын ата-энелери ассоциациясынын төрайымы Турдубү Жумабекова социалдык колдоо чоң жыйындарда айтылып-айтылып эле калып жатканына нааразы экенин жашырган жок.

- Биз ушул маселени, мисалы ассоциация ачылганына быйыл 15 жыл болду. 15 жылдан бери эле козгоп келатабыз.

Парламенттик угууда Кыргызстандын билим берүү министри Абдылда Мусаев бюджеттик каражаттарды ыктуу пайдалануу зарылдыгына токтолду. Анын маалымдашынча, министрлик 5 жыл ичинде чектүү акчаны кайсы мектептердин курулушуна жумшоо зарылдыгын аныктаган программа иштеп чыккан.

- Аябай зарыл болгон, жер титиреген жерлер бар. Балдар аябай оор жерлерде чайканада окуп аткан жерлер бар. Ошолордун баарын биринчи иретке коюп, анан илгертен башталып бүтпөй келаткан 79 объект бар. Жылдан-жылга өтүп келатат. Ошолордун баарын кошуп, ушундай программа түздүк.

Билим министри дагы көрүнүшкө токтолуп, кайсы бир камбыл айылда 42 түтүн айылга миң окуучулук заңгыраган мектеп салып коюшканын мисалга келтире кетти.

“Көз карандысыз укук коргоо” уюмунун өкүлү Нурбек Токтакунов парламенттик угууга келгендердин суроосуна өкмөттүн өкүлү экономикалык-каржылык терминдерге шыкалган жообун узатып, ортодо олуттуу пикир алмашуу жүрбөгөндүгүн белгиледи.

- Бир жума мурун бюджет долбоорунун эсептерин беришет. Мынча убакта теңата дискуссияга биз даяр боло албайбыз. Көпчүлүгү өзүнүн маселесин козгойт. Өкмөт бюджет терминологиясына салып, каалаган суроого жооп бере алат. Алынган жоопторго бул жердегилердин көбү алымсынбай эле калышты окшойт. Жооптор мени деле канааттандырган жок.

Анын пикирин улап республикалык ардагерлер кеңеш төрагасынын орунбасары Карабай Асаналиев эки ирет сот чечими чыкканы менен, өкмөт эс алууга чыккан күч кызмат ардагерлеринин тамак-ашына делген акчаны эмдигиче төлөбөй келатканын айтты.

- Мен дагы тиги жигитке окшоп биздин тамак-ашыбызга делген акчалар боюнча жоопторго ыраазы болгонум жок. Бюджетке эс алууга чыккан куралдуу күчтөрдүн ардагерлеринин тамак-ашына делген акча киргенби-жокпу, түшүнө албадым. Эми дагы соттошот экенбиз да.

Анткен менен бюджеттик чыгымдардын төрттөн бирине жакыны мамлекеттик кызматка бөлүнөт. Анын ичинде президенттик институт, мамлекеттик күзөт кызматына бөлүнчү акчалар өткөн жылдан кыйла арбын болгонун эмдиги жылдын негизги экономикалык документин түзүүчүлөр президент алдындагы катчылыктын, өнүгүү, инвестиция, инновация борбордук агенттигинин түзүлүшүнө байланыштуу түшүндүрүшөт. Кыргызстандын каржы министринин орунбасары Арзыбек Кожошев президенттик аппаратка болгону 33 миллион сом караларын ырастап, бул коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу өтөле аз экенин белгиледи.

- 33 миллион деген бул эми 800 миң доллар да. Биз салыштырып көрдүк башка президенттик администрацияларга. Бизде Кыргызстанда эң аз.

Эмдиги жыл бюджетине оорчулук келтирчү чыгымдардын дагы бири - тышкы карыздар. Ички-тышкысын кошкондо эмдиги жылда төлөнчү карыздар 7 миллиард 844,53 миллион сомго жетет. Анын 2 миллиард 858,15 миллион сому үстөгү менен тыш карыздарды жабууга сарпталмакчы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG