Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:16

2010-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн үчтөн бирин экономиканын реалдуу секторунун өнүгүшүнө жумшалчу каражаттар түзөт. Өнүгүү бюджети негизинен жаңы түзүлгөн борбордук агенттиктин жактыруусуна ээ болгон долбоорлорду каржылоого жумшалмакчы.

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунун катышуучулары «Акшумкар» саясий партиясынын жетекчиси Темир Сариев, парламент депутаты Бегаалы Наргозуев, профессор Кылычбек Супатаев жаңы бюджет тууралуу пикир бөлүшмөкчү.

- Темир мырза, реалдуу экономикага жумшалчу бюджет, өнүктүрүү бюджети, мунун максат-милдеттери ишке ашышына негиз барбы?

Темир Сариев:
- Бюджет ачык-айкын, анын киреше менен чыгашасы бири-бирине шайкеш келип турганы мамлекеттин экономикалык саясатын көрсөтөт. Өнүккөн өлкөлөрдө бюджетти ийне-жибине чейин жиликтешип, парламенттин такай көзөмөлүндө турат. Мына, мисалы, Германияда утуп келген партия бардык бийликти алат да бюджет комитет жетекчилигин оппозициялык партияга берет. Ал абдан жакшы көзөмөлдөйт дейт. Кыргызстанда бюджеттин аткарылышы, көзөмөл кылуу жагынан өтө чоң мүчүлүштүктөр бар. Ушу кезге чейин бизде бюджеттик кодекс жок. Бюджеттин аткарылышын көзөмөл кыла турган күчтүү мыйзам жок. 2009-жылдын бюджетинин аткарылышы абдан кыйын болуп, көп мыйзам бузууларга жол берилди. Өкмөт Жогорку Кеңеш макулдугусуз эле өздөрү өлчөп, өздөрү калчап коюп жатышат. 2010-жылга бюджеттин өнүктүрүү бюджетине каражат бөлөбүз деп, бирок аны өкмөткө кирбеген мамлекеттик орган аркылуу жумшоо аракети чоң суроону туудурат. Бул туура эмес. Биздин Конституцияда негизги аткаруучу бийлик өкмөт болуп эсептелет. Баарына өкмөт жооп берип, акчаны башкалар жумшаса бул кандай болот? Эртеңки күнү бул органдын жоопкерчилиги кандай болот? Мына 20 миллиард сомду өнүктүрүү фондуна бериши туура эмес. Ал фонд бизге сырттан келчү инвестицияларды гана башкарышы керек. Аны иштетүү, көзөмөлдөө өкмөттө болушу керек. Бизде ушул эки ачакейлик болгондо кимиси эмне жеп жатканын билбей калышат. Бири ач, экинчиси ток, анын баары ашказанды ооруткандай болуп калат го.

- Анда эмесе кепти Бегаалы мырзага узатайын. Бюджеттин биринчи окуусу, мамлекеттик кирешелер бөлүгү абыдан тез кабыл алынып кетти. Мунун себебин эмнеге байланыштуу деп түшүндүрөт элеңиз?

Бегаалы Наргозуев: - Талкуудан анча деле тез өткөн жок. Сиздер парламенттеги талкууну гана көрүп ошондой тыянак чыгарып жатасыздар. Фракцияларда, комитеттерде бул абдан көп талкууланды. Өзгөчө каржы комитетинде. Фракцияда мурунку парламенттегидей узак талаш-тартыш болбой, талкуу негизинен комитет, фракцияларда өтүшү боюнча чечим кабыл алынган. Парламентте бюджет бир күндө кабыл алынды. Ошон үчүн сиздерде ушундай пикир түзүлүп калды.

- Кылычбек мырза, мына ушул өнүгүү бюджети бюджет ичиндеги өзгөчөлүү бюджет болуп жатат. Өнүгүү бюджетин түгөлү менен бир фондго берип коюудан кандайдыр бир майнап, жыйынтык чыгарына ишенесизби?

Кылычбек Супатаев:
- Бардык нерсе салыштырмалуу. Өткөн жылдарга караганда бул ирет 20 миллиард сомдун өнүктүрүүгө бөлүнүп жатышы жакшы. Бирок бул жерде бизди бюджеттин киреше бөлүгү бир аз күмөн санаттырат. Мына салык 34 миллиард сом чогулары көрсөтүлүп жатат. Калганы салык эмес кирешелерден келип түшөт деп турат. Эгер бул чын эле болсо, реалдуу негизге таянса анда албетте, бюджетти өнүгүү бюджети деп айтсак болот. 20 миллиард сом оңой-олтоң акча эмес. Темир Сариев айткандай, жоопкерчиликти башка бирөөлөргө берип ийүү чынында эле күмөн саноону туудурат. Бул жерде аткаруу бийлиги жоопкер болушу керек.

- Темир мырза, Кыргызстан абыдан коррупцияланган өлкө экенин эларалык уюмдар такай белгилеп келатышат. Жанагындай оңор эмес акчалардын бир колго топтолушу коррупциялык схеманы дагы кеңейтип ийбейби?

Темир Сариев: - Бизде коррупция менен күрөшүүгө саясий эрк жетишпей жатат. Анан да мурунку эле каталарды кайталап жатабыз. Мен жакшы башкарам дегендей кылып бирөөгө бергени жатабыз. Маселе башкарууда эмес, маселе калыптанган системага байланыштуу. Бирин-бири көзөмөл кылып турган система түзүлүшү керек. Парламент мыйзам кабыл алып, анын аткарылышын көзөмөлдөп турушу зарыл. Негизги көзөмөл мына ушул бюджеттин үстүнөн болот. Эгер аны туура эмес колдонсо өкмөттүн кетишине, бийликтин алмашына алып келет. Бюджетти кабыл алууда үч негизги көрсөткүч эске алынат. Биринчиси дүң продукциянын өсүү темпи. Экинчиси бюджет таңкыстыгы. Үчүнчүсү болсо баалардын көтөрүлүшү, инфляция. Булар бири-бирине байланып турушу керек. Эгер дүң продукция 5% өсөт десек, жалпы дүң продукциянын 20% кем эмес акча тике инвестиция катары негизги капиталга кетиши керек. Бизге мына орустар 150 миллион доллар акча берди. Бул 6 – 7 миллиард сом. Ал акча кайда? Бул акча өнүктүрүүгө, негизги капиталга кетпей калды. Аны биз жеп койдук. Анан азыр өнүктүрүү фондусуна 20 миллиард сом берип жатабыз дегени башкалардын баарын жаап койгондой туюлуп жатат. Экинчиси, биз жанагы бюджеттик таңкыстыкты эске албай жатабыз. 13 миллиард сом жетпей деп жатабыз. Ошол дефицитти тышкы карыздар менен жабабыз, деп жатабыз. Ал карыз акча. Анан ошентип алып келген акчаны фондго берсек, ал каякка саларын билбесе натыйжалуу башкаруу болбойт. Бул жерде абыдан чоң суроолор пайда болууда.

- Бегаалы мырза, сиздердин алдыңыздарда Эсеп палатысынын жетекчиси отчет берди. Канча акча максатсыз жумшалганы, уурдалганы, тонолгону айтылды. Бул такай эле айтылат. Өкмөт башчы Д.Үсөнов өнүктүрүү бюджети жалпысынан 30 миллиардга жакын акча болорун айтты. Бул акчанын кыйласы кайсы бирөөлөрдүн чөнтөгүн эле кампайтпайбы, болбосо аны максаттуу пайдалануунун механизмдери иштелип чыкканбы?

Бегаалы Наргозуев:
- Эсеп палатасы каржы комитетинин алдында 2008-жылдын бюджети боюнча отчет берди. Анда максатсыз сарпталган чыгашалар жөнүндө кеп болду. Бизге чейин эле бюджетти түзүү, бекитүү боюнча өз алдынча система түзүлүп калган экен. Көп чиновниктерге ошол бюджет бекилгенден кийин калпыстык жасоолоруна жол берчү мүмкүнчүлүктөр бар. Аны Эсеп палатасынын отчету көрсөттү. Азыр бюджетти түзүүнүн, бекитүүнүн жаңы жолдору изделип жатат. Бизде 2-3 ирет ушул боюнча семинарлар болуп өттү. Баарын каржы министри билип, өзү каалагандай бөлүштүрүүгө жол бербегидей, бир тыйындын да эсеби болгудай ыкманы колдонуу, жаңы усул, жаңы форманы табуу аракети көрүлүүдө. Биздин каржы комитети 5-6 ирет эларалык семинарларды өткөрдү. Эмдиги жыл бюджети мурунку калыптанып калган жол менен эле түзүлдү. Бирок азыркыдай 20 миллиард сомду жалгыз эле өнүгүү фондуна берип коет, деген бираз түшүнбөстүк деп ойлойм. Аны өкмөт өзү эле сарптайт. Ал эми өнүгүү фонду биздин талкууга катышып жаткан Темир Сариев айткандай, Кыргызстанга келип жаткан инвестицияны башкаруу максатында түзүлгөн фонд. Менимче, ал ошондой эле иштерди жасайт.

- Кылычбек мырза, жыл сайын эле кабыл алынган бюджет жарым жылда, ага чейин деле өзгөртүлө баштайт. Бул бюджеттик акчаларды уурдоонун, талап-тоноонун калыптанып калган механизмине айланып калган. Ага бөгөт болчу жолдор барбы?

Кылычбек Супатаев: - Мамлекеттик каражаттардын пайдаланылышы ачык-айкындуулукта болушу керек. Бизде бюджеттин сарпталышы боюнча ачык-айкын маалыматтар берилбейт. Эгер ал ачык болсо баары элдин көзөмөлүндө болуп кайсы каражат каякка жумшалып жатканын эл билип турат эле. Көрүп эле жүрбөйбүзбү Эсеп палатасынын аудиторлору бюджеттик каражаттардын мыйзамсыз сарпталышынын толгон-токой фактыларын таап чыгышат. Бирок ага тийиштүү жетекчилердин жооп бергенин көрө элекпиз. Каражатты алар өз билгениндей буруп кетип жатышат. Ал эми бюджет мыйзамынын жыл ичинде өзгөртүлүшү боло турган нерсе. Турмуш деген турмуш. Баарын алдын-ала белгилеш кыйын. Мына бул жерде урматтуу депутатыбыз ар бир тыйындын эсеби, аны көзөмөлдөөнүн механизми болуш керек деп айтпадыбы. Ошондой болушу керек. Ал эми тыйынды каалаган жакка бура берүү коррупцияга жол ачкандан башкага жарабайт. Коррупция болбош үчүн бюджеттин ачык-айрымдуулугуна, аны катуу көзөмөлдөөгө жетишибиз керек.

- Темир мырза, бизде өнүгүү темпи эмдиги жылы 5% жетери болжолдонууда. Андайга реалдуу негиз барбы?

Темир Сариев: - Негиз бар. Бизге Орусиядан 300 миллион доллар чоң акча келди. Дагы биртоп эларалык уюмдар акча беребиз деп жатышат. Тике инвестициялар мамлекетке өкмөттүн кепилдигисиз келсе абдан жакшы болор эле. Ал үчүн экономикага жакшы шарттар түзүлүшү керек. Бизге акчалар өкмөт кепилдиги менен келип жатат. Эртең эле алар бюджетке оордук алып келип, бизди кыйначу каражаттар. Көп мамлекеттерде тобокелдикти ишкерлер өз мойнуна алышат. Ага мыйзамдык шарттар түзүлүшү керек. Соттор мыйзам негизинде иштеши керек. Буга кошумча туруктуу экономикалык саясат болушу керек. Бюджет тазалыгы анын тартибинен келип чыгат.

- Бегаалы мырза, жаңы жылга чейин бюджетти толугу менен кабыл алууга жетише аласыздарбы?

Бегаалы Наргозуев: - Алдын-ала айтыш кыйын. Бирок биз жаңы жылга чейин бүтүрсөк деген максатыбыз бар. Бул жакка келе жатып да каржы комитетине кирип чыктым. Дем алышка карабай каржы комитетинин мүчөлөрү отуруп алып иштеп атышыптыр. Кийинки аптанын эки күнү да бюджетке арналат. Биздин каржы комитети менен министрлик канчалык бир пикирге келе алышканына жараша иш болот.

- Кылычбек мырза, жаңы бюджет таңкыстыгы 14 миллиардга жакын сомду түзүп жатат. Өкмөт муну сырттан келчү карыз акчалардын эсебинен жабууну көздөөдө. Тышкы карызыбыз 2,5 миллиард долларга чыкты. Бул дагы карызды көбөйтпөйбү?

Кылычбек Супатаев: - Карыз алгандан кийин көбөйтөт да. Көбөйтүшү көбөйтөт. Өнүктүрүү бюджети деп жатпайбызбы. Келечекте ал экономиканы алдыга сүрөп, ошол карыздан кутулууга көмөк болот. Ошол сырттан алып жаткан карыз акчаларды туура пайдаланып, экономиканы өнүктүрүп, андан майнап чыгара алсак карыз пайдалуу эле. Албетте, карыздын көбөйүшү ойлоно турган маселе.

- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Мырзалар ишиңиздерге ийгилик, келе жаткан жолборс жылыңыздар экономикалык өнүгүүнүн жылы болсун!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG