Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

КОРРУПЦИЯНЫН КЫЛЫ КЫЙШАЙДЫБЫ?


Талкууну уюштурган Замира Кожобаева, Бишкек Эл аралык “Трансперенси интернешнл” уюму коррупциянын күчөөсү боюнча жылдык иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Анда берилген маалыматтар боюнча, быйылкы жылы Кыргызстанда коррупциянын деңгээли өткөн жылга салыштырмалуу көтөрүлгөн. Эгерде Кыргызстан өткөн жылы коррупциянын деңгээли боюнча 183 мамлекеттин ичинен 157-орунда болсо, быйылкы жылдагы иликтөө боюнча 166-орунга түшүп кеткен. “Азаттыктын” таңкы түз ободогу уктуруусунда “Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү, коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Болотбек Жанузаков; “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү, ЖК депутаты Бегалы Наргозуев; коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин аппарат жетекчиси Бакыт Бакетаев жана “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү, “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев мына ушул маселени тегерек үстөлдө талкууга алышты.

Азаттык: - Жогоруда айтылгандай “Транспаренши интернешнл” эл аралык уюмунун иликтөөсү боюнча, Кыргызстанда коррупция былтыркыга караганда өскөн. Эл аралык уюмдун мындай жыйынтык чыгаруусуна эмне түрткү болуусу мүмкүн? Же бир жыл аралыгында эле өлкөдөгү жең ичинен жеп-ичүүнүн өсүп кетүүсүнө кандай себептер болушу ыктымал?

Б. Жанузаков: - Биринчиден айта кете турган нерсе жалаң эле эл аралык уюмдун берген баасы эмес, бүгүнкү күнү жалпы элибиздин берген баасы бизге түшүнүктүү болуп турат. Элдин айтымына караганда, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн ошол аткарып жаткан мамлекеттик кызматын пайдаланып, өзүнө иш жасап алуу күндөн-күнгө күчөп жатат. Өзгөчө укук коргоо органдары, сот системасы. Кийинки мезгилде элдин көңүл оорутуп, сай-сөөгүңдү сыздаткан маселе – элге кызмат кылып берүүгө арналган мамлекеттик уюмдардын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткандыгында. Муну баарыбыз байкап калып жатабыз. Ошондуктан, эң биринчи айтарым: менимче бүгүн жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин жыйынтыгы, жемиши качан гана ар бир атуул коррупцияга каршы күрөшүүдөгү түз жолду тандап алса, ошого көңүл бурса, ошондо гана натыйжасын берет го деген оюм бар.

Б. Наргозуев: - Мен чынында бир аз таң калып отурам, анткени мен коррупция бир аз азайды десем, эл аралык уюм тескерисинче Кыргызстанды артка 166-орунга жылдырган баасын бериптир. Себеби бизде мурдагыдай министрлик орундар сатылбай калганы жалпыга белгилүү. Аларды мисал катары айтып кете алам: каржы министри Тажикан Калимбетова, ички иштер министри Молдомуса Конгантиев же экономика министри Акылбек Жапаровду кызматын сатып алды, дегенге коомчулук деле ишенбейт. Андан сырткары Жогорку Кеңеште да мурда ар бир мыйзам долбоорун өткөрүүдө дагы акча менен өткөрүү аракеттери көп болчу экен. Ал деген таптакыр тыйылды. Мына ушундай жылыштардан кийин мен ойлогом, тескерисинче биз жакшы жагына, алдыга жылабыз деп. Муну менен мен өлкөдө коррупция жок деп айткым келбейт, бизде коррупция бар. Айрыкча экинчи эшалондо. Андан тышкары министрликтердин көпчүлүгүндө. Бул жашыруун иш эмес. Мен өзүм билген тармакта – авиация тармагында, жарандык авиация департаментинде коррупция гүлдөп өсүп атканын айтып эле келатам. Менимче “Транспаренси интернешнл” уюмунун иликтөө көрсөткүчүндө Кыргызстандын 166-орунга түшкөнүнүн кандайдыр бир саясий себептери бар болуш керек. Менин пикирлештерим да ушуга кошулуп жатышат. Ошондой эле бизде түзүлгөн коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин иши жогорку деңгээлге көтөрүлө албай койду, бул дагы себеп болуусу ыктымал.

Азаттык:-Бакыт мырза, сиз Бегалы мырзанын Улуттук агенттиктин иши тууралуу айткан сын-пикирине кошуласызбы?

Б. Бакетаев: - Мындай деңгээлге түшөрүбүздү биздин эксперттер, укук коргоо органдарында иштеген адистер жана биздин президент билген, болжолдор боюнча бул бар эле. Ошондуктан эки ай мурун мамлекет башчы өзү коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин жетекчилигине жаңы адамды алып келди. Эми бизде жаңы комиссар иштеп, иш алып бара жатат. Эки айдын ичинде президенттин айткан сөзү менен биз стратегиябызды өзгөртүп жатабыз. Биринчиден, коррупциянын алдын алуу ишине элди аралаштыруу керек. Мурда элдик көзөмөл бар эмес беле, ошол сыяктуу коомдук инспекторлорду ар бир облуста, райондордо, айыл өкмөттөрүндө коррупция менен күрөшүүгө кошуп жатабыз. Анын үстүнө стратегиянын артыкчылыктары: жаңы улуттук кеңеш да түзүүдөбүз. Ал кеңешке президент өзү баш болуп көзөмөл кылат. Ошондой эле биздин мыйзамдардын баары кайрадан коррупцияга каршы иликтөөлөргө салынып, иштелип чыгууга тийиш. Пландарыбыз көп. Менин оюмча коомчулук, эл кошулуп, мамлекет башчы өзү баш болуп буга киришип атат, демек мындан ары биз коррупциянын деңгээлин басаңдатабыз.

Азаттык:-Жаңы бийлик орногондон бери коррупция менен күрөшүүгө багытталган аракеттер күчөдү деген пикирлер да бар. Демек, мурдагы бийликтин тушунда Кыргызстан коррупциянын сазына ушунчалык эле батты беле?.. Болотбек мырза, сиздин буга карата пикириңиз кандай?

Б. Жанузаков: -Мурдагы бийлик, бүгүнкү бийлик деп бөлгөнүбүз өтө туура эмес. Бирибизди-бирибиз жамандап, басмырлап, кечээ жаман болчубуз, бүгүн жакшы болдук, деп айта берсек, анда биздин келечек тагдырыбыз эмне болот? Себеби эртеңки бийлик бүгүнкү бийликти жамандап чыгат. Ошентип, бирибизди-бирибиз жамандап отуруп, ишпалдасы чыгат. Негизги айтайын дегеним: коррупциялык көрүнүш, коррупциялык кыймыл –министрлик орунду сатуу эмес, бул ар бир мамлекеттик кызматкердин өзүнө берилип, жүктөлгөн кызматына карата өзүнүн жеке керт башы үчүн, керт башынын кызыкчылыгы үчүн же болбосо бир топтун кызыкчылыгы үчүн ошол иш-аракетин туура эмес жасоо, мыйзамга туура келбеген аракеттер менен. Ошону биз коррупциялык кыймыл, коррупциялык көрүнүш дейбиз. Айтып коер элем: мамлекеттик ээлеп турган кызматыңдан пайдаланып, жасабай турган ишти жасасаң, же жасай турган ишти жасабай койсоң, коррупция деген мына ушунда турат. Ошондуктан, жалпысынан алып келгенде бүгүнкү биздин турмушубузда ушундай өз жеке кызыкчылыгы үчүн же болбосо бир топтун кызыкчылыгы үчүн, жасалбай турган иштерди жасап жатышкандыктарын байкап отурабыз. Ага жалпы коомчулук, мен дагы жана ушул жерде отурган баарыбыз күбө болуп отурабыз.

Азаттык:-Ушул жерден президенттин мамлекеттик кеңешчиси Токон Мамытовдун мурдараак “Азаттыктын” кабарчысына айткан сөзүн кыстарып уга кетели. Ал март ыңкылабынан кийин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгылыктуу иштер жасалганын билдирген:

-
Мурдагы бийликтин эки чоң катачылыгы болгон: биринчиси - элдин жакырчылыгы, экинчиси - коррупция. Мына 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин келген бийлик коррупцияга каршы күрөшүү жаатында колдонулган чаралардын негизинде бир топ иштер жасалды. Өлкө бюджети ошол 2005-жылга чейинки бюджеттен эки эседен ашык көбөйдү. Бул ошол коррупцияны муунткандын, ошого каршы иштердин жыйынтыгында болуп атат.

Азаттык:-Урматтуу маектештер, азыр эле биздин тегерек үстөл талкуубузга телефон аркылуу “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү, “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев кошулду. Анда Темир мырзаны сөзгө тартсак.
Темир мырза, 2005-жылы март ыңкылабынан кийин келген бийликтин тушунда коррупция азайды деген мамлекеттик кеңешчинин сөзүнө кошула аласызбы?


Т. Сариев: -“Транспаренси интернешнл” уюму – абдан абройлуу эл аралык уюм. Алар бийликке же дагы башка бирөөнө жагынып, сурамжылоо кылып, жыйынтык чыгарбайт. Алардын иликтөө жүргүзүп, чыгарган жыйынтыгына мен толук ишенем. Экинчиден жана башында тегерек үстөлдүн катышуучулары айтып кеткен – эң негизгиси элдин баасы деген пикирине кошулам. Чынында бүгүн элдин берген баасы өтө төмөн. Анткени коррупциянын гүлдөп, өнүгүп атканы айтылып жатат. Бүгүнкү талкууда да айтылды, министрлик орундар сатылбай калды деп. Кеп бир гана министрлик орунда эмес, кеп – системада болуп жатат. Анткени бүгүнкү күндө жашап, иштеп жаткан адамдар, мамлекеттик ар түрдүү уюмдар менен карым-катнашта болуп, аларга барып, өздөрүнүн маселелерин чечүүгө аракет кылгандар абдан чоң бөгөткө кабылып, өлкө коррупциялык системага батып кеткенин далилдеп атышат. Бир эле жөнөкөй мисал: мага жакында эле орто жетекчи болуп жүргөн адис минтип айтат: “Темир, биз азыр эшиктен бирөө бир маселесин чечем деп кирип келсе, андан кантип тыйын алып калышты эле ойлоп калдык, андан башка эчнерсе ойлобой калдык”, - деп айтат. Ушул баардык жетекчилердин ою эле – кантип тыйын тапсам деген ой. Ошондуктан, бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматка чуркап, ошол жакка эптеп-септеп орношуп алам, деген адамдар тизмеси абдан узун болуп турат. Мен ойлойт элем, коррупция менен күрөшүү үчүн эң биринчиден саясий эрк керек жана экинчиден жакшы система зарыл.

Азаттык:-ИИМдин коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн август айы үчүн берген маалыматын карасак, бир ай ичинде эле жалпы өлкө боюнча пара алып кармалган мамлекеттик кызматкерлердин саны 12 болуптур. Анда 500 сомдон тартып, эң ири пара алганы 600 доллар экен. Мына ушинтип 500 сомдон тартып, ашып барса 500 долларга чейинки пара алган майда кызматкерлер кармалышкан. Ошол эле учурда ири суммадагы акчаларды сол чөнтөгүнө солоп алган жогорку кызматтардагы жетекчилер тууралуу сөз жок, деген нааразы кептер да жок эмес. Бизде чынында эле коррупция жогорку кызматтарда жокпу деген суроо туулат. Мен бул суроону Бакыт мырза, сизге узатууну көздөп турам.

Б. Бакетаев- Коррупция менен акча тапкан кишилер билимдүү, эки-үч билими бар, тажрыйбалуу адамдар. Ошондуктан булар менен күрөшүүнү кадимки кылмышкерлер менен күрөшкө теңөөгө болбойт. Демек, коррупция менен күрөшүү үчүн биз эң негизинен –мыйзамдарды эл аралык деңгээлге келтирүүбүз керек. Мисалы, биздин жазык кодексинде 303-берене иштебей эле келе жатат. Анткени муну биз эл аралык деңгээлге чыгаруубуз зарыл. Ошондуктан коррупция менен күрөшүүдө эки-үч аткаминерди түрмөгө камап, соттоп жибергенибиз натыйжа бербейт. Эң негизгиси – мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизип, коррупциянын курамын криминалдаштыруу керек. Мына ошондо биз бийик деңгээлдеги коррупционерлерди тартипке келтире алабыз.

Б. Наргозуев: - Кеп мына ушунда болуп жатат. Биз майда чабактарды кармап алып, ал эми бизди курчап алган чоң деңгээлдеги коррупционерлерди кармай албай, аларды тартипке сала албай атабыз. Мен министрлик орундар сатылбай калды десем, кээ бирлери чычалап атышат. Министрликтердеги, Жогорку Кеңештеги коррупцияны жоюуга болгон аракеттердин жыйынтыктары тууралуу айтканда буга чычалаштын кереги жок. Бирок биз бийликти гана, системаны гана он беш-жыйырма жылдан бери сындап келе жатабыз. Андан башка жол жокпу? Коррупция менен күрөшүүнүн бийликти сындагандан башка жолу жокпу? Биздин өзүбүздүн элдин менталитети кандай? Ушундай кооз, татынкакай сүйлөгөндөрдү кызматка коюп койсун, деп өздөрү ошол коррупцияга аралашып жүрүшпөйбү. Ошон үчүн саясатты таптакыр түп тамырынан өзгөртүү керек. Мафия өлбөгөн сыяктуу эле коррупция да өлбөйт экен, муну менен күрөшүү керек. Бирок мына азыр талкууга катышып отурган үчөөбүз тең эски муундун өкүлдөрүбүз. Балким муун алмашса, жаңыча ой жүгүрткөн жаштар келмейинче бул оору кала берет го...

Азаттык:-Болотбек мырза, буга чейин мамлекет башчы өзү да айтты эле: жогорку кызмат тепкичтеринде коррупция калган жок, деп.. Сиз кошуласызбы?

Б. Жанузаков: -Туура айтышат, коррупциялык көрүнүш негизги системанын өзүндө. Ошондуктан, жогорку бийлик болобу, төмөнкүсү, орто бийлиги болобу бүт бардыгына коррупция сары чырмооктой болуп тарап кеткен. “Балык башынан сасыйт” деп элибиз бекеринен айтпайт. Эгер башы таза болсо, ар бир инсан, ар бир мамлекеттик кызматкер “мен тазамын” деп таза, ак жүрөк болсо, ак пейили менен акыйкат кызмат кылса, анда бул көрүнүштү жоюуга, азайтууга болот эле. Бүгүнкү мезгилде андай эмес, муну байкап турабыз. Ошол үчүн ушундай эл аралык уюм 166-орунду берип атканы бекеринен эмес, деп ойлойм.

Азаттык:- ИИМдин коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн маалыматтарында айтылып жүрөт: электр энергиясын көзөмөлдөөчү жигиттер 1 000 -2 000 сом пара алып, кармалганы тууралуу. Ошол кызматкерлерди пара алууга түрткөн себептердин бири – айлык акынын төмөндүгү деген да пикирлер бар?

Б. Бакетаев: - Абдан туура. Коррупциянын күч алышына эң биринчи негиз болуп – айлык акынын аздыгы эсептелет. Бирок Кыргызстан жаңыдан бутуна туруп келе жатат, муну ар бир кызматкер түшүнүүгө тийиш. Ошол эле учурда ар бир кызматкер коррупциялык жол менен акча алардан мурда өзүнүн ыйманына бир кайрылып койсо, ошондо да бизде коррупциянын деңгээли азаймак. Анткени бул дагы жеп-ичиүүнүн өсүп жатканынын бир себеби.

Б. Наргозуев: - Жумушчулардын же мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларынын аздыгынын себеби: бюджеттин тартыштыгы. Бюджеттеги акчанын тартыштыгы – бизде коррупциянын өтө күчтүү өнүккөнүнүн натыйжасы. Ал эми чоң айлык алгандар параны чоңураак алат. Айлык акыны көтөргөнү менен деле коррупция жоюлуп кетпейт. Тескерисинче ал кандайдыр бир өбөлгө болушу гана мүмкүн жөнөкөй кызматкерлерге. Мына бажы тармагында отургандар миңдеп, миллиондоп деле алып атышпайбы... Ошолор эмне айлыгы жетпей аткандыктан алып жатышабы?

Б. Жанузаков: - Бул жерде туура айтып атышат. Айлык акынын деңгээли коррупциялык көрүнүштүн деңгээлине таасир тийгизген бир гана себеп. Ошондуктан, эмгек акы көбөйсө, коррупция төмөндөйт деп айтуу туура эмес. А бирок ошол айлык акы өлчөмүнүн коррупциянын деңгээлине тийгизген таасирин баалабай коюу да болбойт. Туура айтып атасыз, эгерде алган айлыгы эки же үч миң сом болсо, бүгүн бир тонна көмүрдүн баасы үч жарым-төрт миң сомго чыкты. Жанагинтип көзүн кызартып, бирөөдөн акча алып, эптеп үйүн жылытып, үй-бүлөсүн багайын, деген максат болуп калышы мүмкүн. Муну эч качан танып болбойт. Менин оюмча, коррупцияга каршы бүгүн жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин баары жыйынтык берүүгө тийиш. Бул – ар бир атуулдун кылган кызматынын так жана таза болуусу.

-Урматтуу маектештер, талкууга катышып бергениниздер үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз.

XS
SM
MD
LG