Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:14

19-декабрда парламент 2009-жылдын бюджетин кабыл алды. Айрым депутаттардын өкмөттүн кризистен кантип чыгуу тууралуу программасы жоктугунан долбоорду кабыл алууну кийинкиге жылдыруу сунушу колдоо таппады.

Эмдиги жыл бюджетинин жалпы кирешелери 50 миллиард сомду түзөт. Кийинки жылы ал 56,4 миллиард, 2011-жылы болсо 62,1 миллиард сомго жетмекчи.

Ал эми республикалык бюджеттин кирешеси 44,6 миллиард сом, кийинки жылы 50 миллиардга бираз жете бербеген санды түзсө, 2011-жылы 55 миллиард сомго жакындап барат. Кыргызстандын каржы министри Тажикан Калимбетованын маалымдашынча, эмдиги жылы бюджеттин киреше менен чыгаша бөлүгүнүн ортосундагы айырма же бюджеттик таңкыстык 3,5 миллиард сомду түзөт. Жыл сайын ал 1,5 миллиард сомго азая бермекчи.

Антип бюджет таңкыстыгынын жыл санап азайышы Кыргызстан экономикасынын ыкчам өнүгүшүнөн, кирешесинин көбөйүшүнөн эмес, сырттан келчү грант акчалар агымынын сээлдешинен чыгууда. Анан да кыйла эле кызуу талаш-тартыш менен бекитилген бюджеттик каражаттардын буга чейин кандай чыгымдалып келгени айрым эл өкүлдөрүн кызыктырды.

Парламент депутаты, айтылуу дарыгер Эрнест Акрамов бюджет талкуусунда каржы министри Тажикан Калимбетовадан элдик акчанын канчасы орто жолдон уурдалып кетерин сурады. А бирок көпчүлүктү кызыктырган андай суроого өкмөт мүчөлөрүнүн арасынан жалгыз Эсеп палатасынын өкүлү гана жооп берип, ал деле бюджеттик 100 сомдун 30-40 тыйыны орто жолдон уурдалып кетерин ырастап, аны мыйзам коргоо кызматтары териштире тургандыгын маалымдоо менен чектелди.

Андай жагдайдын себеп-жөнүн парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Осмонбек Артыкбаев момундайча түшүндүрдү:

- Мынабу бюджет кабыл алынгандан кийин каражаттар министрликтер боюнча кетип анан ошол жерден ал акчалар максаттуу жумшалбай, жолдо чачылып калат. Жетсе бир 60 – 70% жетиши мүмкүн. Жеткенин дагы сапатсыз пайдаланышат. Бул өтө чоң маселе.

Парламенттеги талкууда айрым министрликтер менен ведомстуктар бөлүнгөн акчаны убагында пайдалана албай жатышканы, ошондой жөнсалды мамиленин айынан бир катар ирригациялык курулуштар аягына чыкпай, созулуп келатканы айтылды.

Бюджеттик акчалардын кантип уурдалганына жакшылыктуу жооп ала албаган депутат Э.Акрамовдун кесиптеши Улукбек Ормоновдун ырасташынча, экономикалык кризис каптап келаткан чакта этият бюджеттик саясат жүргүзүү абзел.

- Ошондуктан азыр бюджетти караган убакта биз социалдык маселелерге көбүрөөк көңүл буруп атабыз. Элибизди кантип коргоп калабыз, кризистин кесепетин кантип тийгизбей калабыз?

Эмдиги жылы социалдык тармакта иштегендердин айлык акысы көтөрүлбөйт. Анын ордуна өкмөт мугалимдердин көп жылдык эмгегинин кошумча акысын төлөп берүүнү көздөөдө. Экономикалык кыйынчылык, энергетикалык каатчылык шылтоосу эмдиги жылы башкаруу чөйрөсүндөгүлөрдүн капчыгына таасирин тийгизбейт.

Депутат, социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимовдун ырасташынча, А.Атамбаев өкмөттү башкарып турган кезде бюджеттин 28% аткаминерлерге деп бөлүнгөн.

- И.Чудиновдун өкмөтү келгенде чынында “чудо” болуп кетти. “Чудосу” момундай болуп атат. Бир жылдын ичинде жалпы мамлекеттик башкарууга кетчү чыгым 45% өсүп кетти. 28ден 45%ке. Мисалы, президент администрациясына жалпы каражаттар 45% көбөйдү. Өкмөт аппараты 35%, мамлекеттик күзөт 75%га, жалпы аткаруучу бийликке 39% көбөйдү.

Б.Бешимов парламенттин бюджети 9% кыскартылганын, азыркы өкмөт социалдык бюджет эмес эле чиновниктер бюджетин түзүп салышканын ырастады. Эмдиги жыл бюджетинин киреше бөлүгү көбүнесе реалдуу сектордун жанданышы, атап айтканда, "Жерүй", "Талды-Булак" алтын кендеринин ишке кириши, “Кумтөрдө” алтын казып алуунун арбышы, Кызыл-Кыядагы 2 цемент заводдорунн ишке кириши менен көбөйө тургандыгы айтылды. “Камбар-Ата - 2” ГЭСинин курулушуна бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнөрү маалымдалды.

2009-жылдын бюджети, кийинки эки жылга божомолду кабыл алууга парламенттеги социал-демократиялык фракциясы каршы чыкты.
XS
SM
MD
LG