Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Быйылкы жылдын экономикалык өнүгүшү өткөн жылга салыштырмалуу 1% көбөйүшү мүмкүн. Мындай болжолду Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги айтып келатат.

Орусия менен Казакстанды каптаган экономикалык кризистин капшабы Кыргызстанды кыйгап өтпөстүгү кыйладан бери эле айтылып келген. Маселенин баки-жогу биригип келип кризистен кантип чыгуу суроосуна капталып турчу. Быйылкы жылдын жарым жылында Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн теңине жакынын түзгөн айтылуу “Кумтөр” алтын кени белгиленген көлөмгө чыга албады. Мурда Канттагы цемент заводу, Токмоктогу айнек заводу чыгарган продукцияларын коңшулар илгиртпей алып турушчу эле, кризис киргени курулуш материалдарына суроо-талап азайып, эки ири ишкана жарым-жартылай иштөөгө өтүштү. Кайриет, экономикалык кризис кычап турган чакта Кызыл-Кыядагы цемент, Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводу бүткөрүлүп, ишке киришкени турат.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, өлкөнүн кысталыш кырдаалдан кыйла эле жеңилирээк чыгышына ички дүң продукт көлөмүнүн 40% ашуунун ээлеген соода-сатык, кызмат көрсөтүү, чакан жана майда ишкердик шарт түзүүдө.

“Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, 9 айдын жыйынтыгы боюнча биздин болжолдо 2,5% өсүш болушу керек,- деп айтты А.Жапаров маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда.- Жылдын аягына чейин 1% - 1,5% өсүш болот деп жатабыз. Бизде экономикалык запасыбыз бар. Киреше жагыбыз да, чыгаша жагыбыз да эсептелген. Бир эле жылга эмес, 2012-жылга чейин эсептеп чыкканбыз. Буюрса, бул экономикага зыян болбой, кайра пайда берет го, деп жатам”.

Андай токпейил болжол курушка негиз берчү жагдай катары Акылбек Жапаров ишкерликке эң ыңгайлуу шарт түзүү аракети жасалып жатканын белгиледи. Өнүгүү бюджетине 300 миллион доллар, капиталдык курулуш, башка улуттук долбоорлорго 12 миллиард сом бөлүнөрүн, мунун кайрымжысы жакынкы жылдары билине тургандыгын айтты. Министрдин болжолунда Кыргызстан экономикасынын туруктуу өнүгүшү үчүн ага жыл сайын кеминде 1 миллиард доллар инвестиция салынып турушу керек. Ал үчүн ишкерликке шарт түзүү, тышкы соодадагы толгон-токой тоскоолдуктарды азайтып, “бирдиктүү терезе” системасын киргизүү зарыл.

Анткен менен Кыргызстанда өнөржай өндүрүшү кескин кыскарып, бюджеттин киреше бөлүгүнүн чоң жүгүн көтөрчү ишканалардын айрымдары токтоп, калгандары жарым-жартылай иштөөдө. Соода менен тейлөө тармагынан өз жүгүнө жараша салыктар түшө элек.

“Соода менен тейлөө тармагында 40% түзгөн ишкерлер жалпы салыктын 3% гана беришет,- деп өкмөт башчы Игорь Чудинов ишкерлер курултайында жарыя кылган. – Ошондуктан кризис күчөп жаткан жылда ири салык төлөөчүлөр үчүн кошумча нарк салыгын 12% түшүрүү өкмөттүн ишкерлерге көрсөтүп жаткан көмөгү деш керек. Өкмөттүн ашып-ташкан каржысы деле жок”.

Быйылтан тарта ишке киришкен жаңы Салык кодексинде да биртоп алешемдиктер бардыгы билинип, кыймылсыз мүлк салыгы эмдиги жылдан тарта киргизиле турган болду. Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орунбасары Адылбек Касымалиевдин айтуусунда, айрым салыктардын кириши кечеңдегени менен салык базасы кыйла кеңейди.

“Кыймылсыз мүлк салыгы 750 миллион сом болчу,- дейт А.Касымалиев.- Бул 750 миллион жергиликтүү бюджеттерге түшчү акча болчу. Бүгүнкү күндө ал акча түшпөйт. Ал акчаны алалбай калды. Мен айтып жатам. Салык саясаты деген тең салмакталган болушу керек. Мамлекеттик кызыкчылык менен жеке ишкерлердин ортосунда бир баланска келиши керек”.

Өткөн жылга салыштырмалуу өнөр жай өндүрүшү 7 ай ичинде 85,7%, экспорттун өнүгүшү 87,3%, импорттун өсүшү 74,5% түштү. Ички дүң продукт көлөмү 1,5% көбөйгөн. Дурус дегидей көрсөткүч тейлөө тармагындагы 4% өсүштүн эсебинен камсыз болууда. Өкмөт экономикалык кризис шартында кургуйга түшүп кетпей, азыноолок өсүшкө ээ болушту ийгилик катары сыпаттоодо.
XS
SM
MD
LG