Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Экономикалык кризистин эпкиндүү программалары


Кыргызстан: Аравандагы пахта терим
Кыргызстан: Аравандагы пахта терим

Парламенттик шайлоо атаандаштыгына чыккан партиялардын текши баарынын экономикалык программаларында энергетика тармагына өзгөчө көңүл буруп, айыл чарбага колдоо көрсөтүү, тоокен өнөр жайын өнүктүрүү белгиленген.

Бирок да ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, ушу тапта Кыргызстан оор экономикалык кризиске капталып отурат.

Жетишпеген акча, сурамчы өкмөт

Жаңы келчү курама өкмөттүн энчисине бюджеттин олчойгон таңкыстыгы, ички дүң продукттун азайышы, көпчүлүк макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөөсү тиет окшоп калды. Быйылкы 8 ай жыйынтыгы боюнча ички дүң продукт көлөмү 114,5 миллиард сомго жетти. “Кумтөр” алтын кенин кошпогондо бул экономикада 1,5 % төмөндөө дегенди көрсөтөт. Экономикалык кризис күчөп турган чакта Кыргызстанда ички дүң продукт көлөмү 1,9% көтөрүлгөн. Көрсөткүчтөрдүн азайышы айыл чарбасында 3,4%, курулушта 3%, тейлөө жагында 3,5% түштү.

Кыргызстандын кайрадан экономикалык кризиске капталышына көбүнесе саясий себеп-шарттар, апрель, май, июнь апааттары, ал учурда Казакстан менен Өзбекстандын чек араларын жаап салышы, өлкөнүн экономикалык кысымга кабылышы себеп болду. Парламенттик шайлоодо мөрөйү үстөм чыккан партиялардан түзүлчү курама өкмөттүн алдында бюджет таңкыстыгын кантип жаап, эмдиги жылга экономикалык өнүгүү багытын аныктоо милдети турат. “Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Акматбек Келдибековдун айтуусунда, ага чейин жарым жыл ичинде жасалган-жасалбаган иштердин эсеп-кысабын алып коюш да артыкбаштык кылбас эле.

- Сураш керек эмне кылганын. Башында кичине жардам керек болот. Эмдиги жылы өзүбүздүн күчүбүз менен чыгып кетебиз.

“Ар-Намыс” партиясынын штаб башчысы Акылбек Жапаров келерки 10 жылга эсептелген экономикалык программаны түзүп чыгышканын, аны аткарчу өкмөт курамынын болжолун күн мурунтан белгилеп коюшканын айтат. Ал эми быйылкы жыл бюджетин кайра карап чыгып, зарыл делбеген чыгашаларды кескин кыскартып, өзгөчө абалдын экономикалык документин парламентке сунуштоо демилгеси көтөрүлүүдө.

- Мамлекеттик кызматкерлердин маяналарын бюджеттен толук төлөшүбүз керек. Пенсия, жөлөкпулдарды төлөйбүз. Андан тышкары беш-алтыдан сакчы жалдап, ызы-чуу кылып автоматтарын көтөрүп алып жүргөн, ошондой-ошондой өндүрүштүк эмес чыгашалардын баарын жокко чыгарышыбыз керек.

Үмүттүн шооласы дагыле сыртта

Убактылуу өкмөт эмдиги жыл бюджетинин таңкыстыгын 20,5 миллиард сомго белгилеп, экономикалык өнүгүү ырааты ашып барса 4 – 5% тегерегинде болорун болжоп отурат. “Ар-Намыс” партиясы бюджет таңкыстыгы 2011-жылы ашып барса 10 миллиард сомго жетерин, аны тышкы булактардын эсебинен жабууну ойлонуп отурушканын ортого салууда. А.Жапаров Убактылуу өкмөт тушунда бюджет таңкыстыгы 15 миллиард сомго көтөрүлүп кетишинин себеп-жөнү кылдат иликтениши керектигин билдирди.

- Муну 24 саат бою уктабай жей беришсе да 15 миллиардды жей алышмак эмес.

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын экономикалык программасында кайсы тармактарга өзгөчө колдоо керектиги, социалдык аялуу катмарларды кантип көтөрмөлөөгө кыйла көңүл бурулган. Партия мүчөсү Равшанбек Сабировдун ырасташынча, ортодогу таңкыстык сырттан келчү грант, карыз акчалардын эсебинен жабылышы керек.

- Өнөр жай, айыл чарбаны, кайра иштетүү өнөр жайына биз көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Андан тышкары жеңил өнөр жайы. Бүгүнкү күндө Орусиянын шаарларында Кыргызстанда тигилген кийимдерди кийип жатышат. Бул нерселерге биз салык жагынан жардам беришибиз керек. Анан ошентип баштап, тоокен байлыктары менен энергетикалык потенциалыбызды жакшылап иштетсек, буюрса биз бул экономикалык туңгуюктан чыгып кетебиз, деген максаттарыбыз бар.

Парламенттик шайлоонун үгүтү күчөп турганда “Республика” партиясы орто жана чакан бизнес үчүн жылдык үстөгү 7-9% кредиттерди берүү убадасын, экинчи бир партия өкүлдөрү болсо электр акысын өздүк наркында элге сатуу зарылдыгын козгоп чыгышкан. Шайлоодо мөрөйү үстөм партиялар мунасага келип курама өкмөт түзүп калышса көпчүлүккө жарыя кылынган убада, программалар эске алынабы же жокпу аны алдыдагы убакыт көрсөтмөкчү.

XS
SM
MD
LG