Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

9 айдын күтүлбөгөн жыйынтыгы


Бишкектеги "Ош" базары
Бишкектеги "Ош" базары

Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү быйыл 9 ай ичинде 3,5% , «Кумтөрдү» кошпогондо 4% бираз жете бербеген көрсөткүчтү түздү. Жыл башында өкмөт быйылкы өсүш 1% жете бербестигин болжол кылган.

Быйылкы тогуз айдын экономикалык дурус дегидей көрсөткүчтөрү негизинен үч тармактын - айыл чарбасынын 9%, тейлөө тармагынын 4%, курулуштун өткөн жылга салыштырмалуу 24,1% өсүшүнөн пайда болду. Чыгарган товарын сыртка алып чыгууга ыңгайлашкан тармактардын текши баарында өткөн жылдык көрсөткүчтөргө жетпей калуу байкалса, ички базарга иштеген үч тармактын өсүшү жалпы экономикалык жагдайга жакшы дегидей таасир тийгизди.

Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров 8 айдын жыйынтыгына таянып, этият болжол куруп, ички дүң продукт көлөмү жыл аягына чейин 1% тегерегинде болорун маалымдаган.

- Жылдын аягына чейин 1 –1,5% тегерегинде өсүш болот деп жатабыз. Бизде экономикалык запасыбыз бар. Киреше жагыбыз да, чыгаша жагыбыз да эсептелген. Бир эле жылга эмес. 2012-жылга чейин эсептеп чыкканбыз. Буюрса бул экономикага зыян болбой, пайда берет го деп жатам.

Экономикалык кризистин кээри Кыргызстандын өнөржай өндүрүшүнө өзгөчө тийди. Анда өткөн жылга салыштырмалуу продукция чыгаруу 13% төмөндөп, кайра иштетүү, энергетика секторунда деле ошондой абал түзүлдү. Энергетика тармагын ээлеп алган көнүмүш проблемалар бул жылы деле чечилген жок. Өкмөт башчы И.Чудинов тармактагы жоготууларды азыркы 32%дан 25% түшүрүү милдетин жыл башында эле койгон.

- Бул үчүн биртоп иш-чараларды жүзөгө ашыруу каралган. Анын ичинде энергияны эсептей турган жабдуулар менен камсыз кылуу, ошондой эле адистерди даярдоо милдеттери бар.

Электр энергиясын уурдоолор көнүмүшкө айланган Кыргызстанда Өзбекстандан кымбатка сатылып алынган газды кымтып алмайлар кошулуп, өкмөт андай жаңылыкка каршы кандай иш-чараларды жасай тургандыгы азырынча айтыла элек.

Экономикалык кризис тушунда айыл чарбасындагы өсүш өткөн жылга салыштырмалуу 9% илгерилешиинин биртоп себеп-шарттары бар. Жыл сайын болжолдонгон чекке жете албай келаткан тармактын дурус дегидей көрсөткүчү иралды аба ырайына, өткөн жылкы кызыл дандын кымбаттап кетишинен жүрөкзаада болгон дыйкандардын буудайды арбын айдап, түшүмдү 32% көбүрөөк жыйнап алышы себеп болду окшойт. Дан азыктарынын, жашылча-жемиштердин арбын өндүрүлүшү, тамак-аштын кыйла арзан болушу инфляция деңгээлинин былтыркысынан кыйла төмөн болушун шарттады. Улуттук банк төрагасынын орунбасары Сүйөркул Абдыбалы тегиндин айтуусунда, инфляция деңгээли жыл аягына чейин кескин көтөрүлүп кетиши кыйын.

- Кандайдыр бир деңгээлде тобокелдиктер сакталып турат. Ошондуктан биз өзүбүздүн билдирүүдө 7,5% деп белгилеп кеткенбиз.

Эларалык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлү Жеймс МакХюнун пикиринде, банк сектору туруктуулугун көрсөтүп, буга кошумча орусиялык ири кредит экономикалык кризистин мизин кайтарууга өбөлгө түзүүдө.

- Азырынча биз банк секторунда кабатыр кылчудай жагдайды байкай элекпиз. Ошондой эле салык-бюджет жаатындагы абал деле дурус. Азыркы учурда кыргыз бюджетинин ахывалы жакшы деңгээлде. Анан да биз сырттан келчү акча агымы кыйла азайып кеткенин да байкай алган жокпуз. Кыргызстанда экономикалык өнүгүү ырааты кыйла жайлаганы менен, башка өлкөлөрдөй болуп кескин төмөндөп кеткен жок.- дейт Жеймс МакХю.

Быйылкы 9 айдын жыйынтыгы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 23% төмөндөгөнүн, бул жылы деле сыртка товар ташып чыгарууга караганда сырттан товар ташып келүү арбын, мурункудай эле терс соода балансы сакталып калганын көрсөттү.

XS
SM
MD
LG