Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

Кыргыз өкмөтү ишкердикке шарт түзүү, ыксыз текшерүүлөрдү азайтуу аракетин көрүүдө. Коррупциячы аткаминерлердин тизгинин тыюуга жасалган аракеттин натыйжасы кандай болуп жатканы тууралуу Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров кеп кылат.

- Акылбек мырза, ишкердикке шарт түзүү боюнча абройлуу эларалык сыйлык алып келдиңиз. Ошол сыйлыктын жөн-жайын айта кетсеңиз.

Акылбек Жапаров: - Дүйнөлүк банк 181 өлкө арасында ишкерлерге кайсы өлкөдө иштөөсүнө жеңилдигин аныктоо боюнча сынак жүргүзүп келатат. Инвестицияга шарт кайсы жерде жакшы экенин аныкташат. Мурда биз 99-орунда элек. Былтыркы реформалардын негизинде биз 68-орунга жылдык. Бул жагынан Орусия, Казакстандан да алдыга кеттик. Ошондой эле биз 10 реформатор өлкөнүн катарына кирдик. Анда 3-орундабыз. Азербайжан 1-орунда. Биздин аракетибиз эларалык уюм аркылуу аныкталды. Ишкерлер мына ушул реформачы 50 өлкөгө инвестиция алып келиштен чочулабайт. Дүйнөлүк банктын тандоосу объективдүү болот. Биз анын үстүндө дагы иштеп жатабыз. Биз реформанын 2-этабына кирип жатабыз. Тилегибиз алдыңкы реформачы 20 өлкөнүн катарына кириш.

- Сиз инвестициялык маанай тууралуу айтып кеттиңиз. Аны кантип жакшыртууга болот?

Акылбек Жапаров: - Мен ойлоп жатам, быйыл деле мигранттардан келген акча былтыркы деңгээлинде 1 миллиард 200 миллион доллар тегерегинде болот го деп. Былтыр мурунку жылдан 40% көбүрөөк болгон. Быйыл андай өсүш болбосо да, өткөн жылдын деңгээлинде эле болот го дейм. Бул да инвестиция, биздин атуулдарыбыздын кошумчасы. Түз инвестиция былтыр 653 миллион долларга жетти. Инвестицияга шарт түзүп, былтыркы деңгээлинде сактап кала алсак, биздин экономикабызга биртоп пайдалуу болот эле, деп ойлойм. Өлкөнүн өнүгүү стратегиясында жылына 1 миллиарддан кем эмес доллар инвестиция болсо ыкчам өнүгөрүбүз белгиленген. Орусиялык 1 миллиард 700 миллион доллар кредитине 600 – 700 миллион доллар инвестицияны кошо турган болсок жалпысынан 2,5 миллиард доллардын тегерегиндеги акча болот. Бул экономикабыздын туруктуулугуна шарт түзөт.

- Быйыл биринчи үч айдын жыйынтыгында ички дүң продукт өсүшү 0,2% түздү. Мунун мындан да төмөн түшүп кетүү коркунучу жокпу?

Акылбек Жапаров: - Кризистин каары бизге марттын аягы, апрелде келерин биздин министрлик былтыр октябрь айында эле болжолдогон болчу. Анткени Орусия менен Казакстанга чыгарган товарын саткан ишканаларыбыз токтоп калат, башка да кыйынчылыктар болот, дегенбиз. Ошол кыйынчылыктар башталды. Биздин болжол боюнча өсүш быйыл 1 –2% тегерегинде болушу мүмкүн. Биринчи үч ай “дымып туруу” мезгили болот. Андан ары айыл чарбасы иштеп, соода-сатык кызып, экономикада жандануу башталат. Акыркы эки-үч жылдан бери экономиканын тынч өсүш себебинен биз кыргыздар айтмакчы, “май байлап калдык” окшойт.

- Быйыл “Камбарата – 1” ГЭСин цемент менен жабдып турчу Кызылкыядагы Түштүк цемент заводу ишке кирип калышы мүмкүн. Айрым байкоочулар орусиялык кредит “Камбаратага” берилбей калышы деле мүмкүн, дегенди айтууга өтүштү. Ушуга тактык киргизе кетсеңиз.

Акылбек Жапаров: - Мен Каржы министри болуп иштеп калбадымбы. Казынада иштеген балдар мага орусиялык кредиттин 300 миллион доллары Улуттук банкка келип түшкөнүн айтышты. 150 миллиону мурда келген. Акча которуунун техникалык себептери да бар. 1-майга чейин дедик эле, келчү акчалар келди. 1 миллиард 700 миллионду келерки төрт жылда толук иштетип бүтүшүбүз керек. Буюрса курулуштун техника-экономикалык негиздемеси бүттү. Аны франциялык компания орусиялык РАО ЕЭС менен биргеликте ишке ашырды. Мен быйыл эле курулушка киришип калабызбы деп ойлоп жатам. Жолдорун куруп, иш ордун даярдап. 10 жылдан бери ушуну айтып келатабыз. Анан өз күчүбүз менен 2-ГЭСти кура баштаганыбызды көрүп башка жактан инвестиция таап алып куруп кетпесин деп мына Орусия келип жатат. Казактар, башка инвесторлор да келет. Анткени бизде Нарындан кийин Сарыжаз турат. Бизде гидроэнергетикалык кубаттуулук чоң.


- Жана сөз башында айтылган ишкердикке шарт түзүүгө келсек. Бирок да Кыргызстан аябай коррупцияланган өлкө. Коррупция ишкердиктин жайылышына тоскоолдук кылбайбы?

Акылбек Жапаров: - Ишкерлерге шарт түзүү - ошол коррупцияга системалуу күрөшүү. Мисалы биз 78% текшерүүнү кыскарттык. 24 миң текшерүү болгон жок. 24 миң жей турган жегичтер ишкерлерге келген жок. Анткени биз кыскартып койдук. Мындан тышкары президенттик мораторий жарыяланды. Таптакыр эле жегичтер келбей калды. Жегичтер келбей калган соң ишкерлер да жакшы иштешет. Ушул кыскартууларды жүргүзгөндөн кийин салык түшүү азаябы деп ойлодук эле, бирок ишкерлер түшүнүп, салыкты төлөп жатышат. Анан бул иштин аркасы менен ишкерлерге ким кайсы жерден бөгөт болуп жатканын билип алдык. Канча чыгым болуп жатканын билдик. Ошолордун баарын азыр иретке коюп жатабыз. Аны түп тамырынан жоюп, мыйзамын да, токтомун да жокко чыгарып, ишкерлердин иштөөсүн жеңилдетип жатабыз. Мурда 7 –8 жерге барып иш ача турган болсо азыр гана Адилет министрлиги аркылуу бир жерден ачышына жол ачып койдук. Устав, мөөрдүн деле кереги жок деп жатабыз. 5 күн ичинде ишти ачууга болот. Мыйзам чегинде шарт түзүп, ар ким өз ишин так аткарса, ишкерлерге иштөө гана керек. Бул милдеттерди аткарышка эрк керек. Андай эрк бизде бар. Системалуу түрдө иштесе болот экен.

- Маегиңиз үчүн чоң ырахмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG