Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Өкмөт кыйладан бери ишкерлерди ыксыз текшерүүлөрдү азайтып, орто жана чакан бизнеске шарт түзүү боюнча бир топ иштер жасалганын айтып келатат.

“Азаттыктын” “бетме-бет” талкуусунун катышуучулары:


Анарбек Усупбаев,

Бишкек курулуш компаниясынын жетекчиси





Айнагүл Бекбоева,

Мончо, сауна, ден соолук чыңдоо борборлор ассоциациясынын төрайымы





- Анарбек мырза Кыргызстанды кыйгап өтүшү деле мүмкүн делинип келген кризис Кыргызстанга келди. Аны курулуштун азайышынан, былтыркыдай дем-дымактын жоктугунан деле байкоого болот. Кризисти сиз кандай сезип жатасыз?

Анарбек Усупбаев: - АКШда чоң кризис болгондо андан чыгыш үчүн мына ушул курулуш ажат ачкан экен. Турмуш оңолсо курулуш башталат. Курулуш артынан башка тармактарды да ээрчите кетет. Президент К.Бакиев жаңыдан ишке киришип жатканда курулуш крандары иштебей турса ал экономиканын токтогонун билдирет деп айтты эле. Биздин компания курулуш крандарын тейлейт. Мурда 14 кран болсо азыр анын үчөө эле иштеп жатат. Кризис кыйгап өтпөй түз эле бизге келди. Биз жумушчуларды үч ай мурда эле акысыз эс алууга чыгарып ийдик. Аларга мен айылга барыппы, болбосо шаар жанындагы жер участокторун иштетиппи, иши кылып кышкы оокат-азыгын камдып алышын эскерттим. Ошону менен күтүп турабыз. Анан Орусиядан 300 миллион доллар акча келгенин, аны бюджеттин кем-карчына жумшай турганын уктум. Аны менен эле бюджеттин жыртыгы бүтөлбөйт. Анын жарымы башкаруу аппаратын кармоого эле кетип калат экен. Андай башкаруунун бизге кереги барбы? Ушунча облус, район, министрликтер, ведомстуктардын кереги барбы? Кереги жок. Ушуну карап чыгыш керек го дейм. Бюджеттин 25% башкаруучуларды кармоого кетип, калганы өндүрүшкө жумшалса жакшы болмок.

- Айнагүл айым, кризистин капшабы тейлөө тармагында сезилип жатабы?

Айнагүл Бекбоева: - Албетте, сезилип жатат. Тейлөө тармагына эң эле керектүү нерселер электр энергиясы менен газ. Газды болсо абдан кымбаттатып жиберишти. Электр жарыгын болсо кышта өчүрүп коюшту. Тезек жагып калдык. Айла жок, патентке төлөп жатабыз. Элде акча жок болсо ким эле эс алуу жайларына келсин? Бул жерде иштеген аялдардын көбү жалгыз бой, аларга деле кыйын болууда. Бала-чаканы кантип багабыз, деген маанилүү ой баарынын башында турат. Президенттик шайлоо өткөндөн кийин күздө дагы кризис күчөйт дегенди угуп эмитен эле чочулап отурабыз. Азыр элдин баарынын эле ойлогону кантип оокат кылмай, бала-чакага кийим, тамак-аш табуу го. Элдин ойлогону курулуш эмес, кантип курсакты тойгузуу болуп калды.

- Анарбек мырза, быйыл өкмөт 1 миллиард сомду социалдык курулушка жумшаганы турат. Курулуш тармагына колдоо керек, бирок ал кандай болушу керек?

Анарбек Усупбаев: - Мына бизге сырттан көп курулуш материалдары келип жатат, кафель, линолеум жана башкалар. Аларды чыгара турган ишканалар бизде бар эле. Ошолорду жоюп ийбей жардам кылып, көмөк көрсөтүп койсо бутуна туруп калышмак. Анан жанагы 1 миллиард сом жакшы, бирок ал аз. Эл көбөйүп, үй-бүлө кеңейип, өзүнчө түтүн булатып, турмуш-тиричилигин өткөрүүчүлөр көбөйө бермекчи. Баарына үй керек. Мурдагыдай ири ишканалар жок. Суусундук чыгарган майда ишканалар бар. Алар өнөржайды алдыга сүрөй албайт. Өндүрүш, курулуш болбосо эч нерсе өнүкпөйт. ГЭС курулуп, социалдык үйлөр салынганы жакшы. Бирок башка салынып аткан үйлөрдү ала тургандарга арзан кредит берип, аларга колдоо көрсөтүп, курулушту токтотпош керек.

- Айнагүл айым, кризис шартында текшерүүлөр азайдыбы? Өкмөт анын азайганын айтууда. Текшерүүлөрдүн салакасын айта кетсеңиз.

Айнагүл Бекбоева: - Ошентип айтып жатышканын угуп биз аябай сүйүнгөнбүз. Мына, былтыр 3 фазалуу электр линиясын кесип кетишкен. Анан электрОМОН дегени келип 3 фаза өчүрүлгөн эмес экен деп, биздин саунага 15 миң сом айыппул салып кетишкен. Өчүрүлгөн электр энергиясы үчүн андай айыппул салынышы туура эместигин айтып энергетикалык бөлүштүрүүчү компанияга барсам, ал жерден кечирим сурап узатышкан. Анан кайра эле айыппул салып коюшуптур. Ушу азырга чейин ошол чатакты жөндөй албай келатам. Ушундай кыйноолор аябай көп. Патент баасы көтөрүлгөнүнөн улам кымбат газга чыдай албай көп сауналар жабылды. Анан салыктар арбын чогулганын угуп калабыз, көбү иштете албай жабылып жатса ал акчалар кайдан чогулуп жатат?

- Анарбек мырза, өнөржай өндүрүшүнүн абалы быйыл абдан оор. Сиз айткан курулушка көмөк көрсөтүлсө ал артынан башка тармактарды да ээрчитип кете алар беле?

Анарбек Усупбаев: - Товар өндүрүш үчүн иштеш керек. Иштесе акчасы болот. Мисалы, салынган үйдү биздин эле жарандар сатып алып жатпайбы. Ошол сатып алуучуларга шарт түзсө. Алардын ичинде кредит менен ала тургандары да бар. Айрымдары акчасына сатып алат. Жакында мен Таласта болдум. Ал жерде сүттүн бир литринин баасы 6 сом экен. Суунун бир литри 20 сом болуп жатат. Ошол эле Таластан келген майдын бир килосу 240 сом экен. Ал жерде майды эч ким албайт экен. Май өтпөй жатканын айтып айтып сүт алчулар жанагы 6 сомдун ордуна башка товар, мисалы, макарон берет экен. Жанагы Орусиядан келчү кредитти кичи бизнеске бериш керек. Атаандаш сүт иштетчү кичи заводдорду салышсын. Айыл чарбасына антип жардам бербесе элеттеги эл кантип оокат кылат? Күнүгө сатылган 10 литр сүтүнүн акчасына оокат кылган кишилер бар. Завод болсо каалаган баасын коюп алып отурат. Башкасы жок. Мына коррупция, сүттүн литрин 6 сомдон алып, майды 240 сомдон сатышууда.

- Айнагүл айым, чакан жана орто бизнестин баш оорусу - кредит алуу. Банктардын үстөк пайызы өтөле жогору. Ошон үчүн ишкердиктин ушул түрүнө колдоо көрсөтүүнүн кандай жолдору бар деп ойлойсуз?

Айнагүл Бекбоева: - Көмөк көрсөтүүнүн бир эле жолу бар. Электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпай берип, газ баасын арзандатып бериши керек. Жеңилдетилген кредит. Кыргызстанды азыр ушул чакан жана орто бизнес гана кармап турат. Өкмөт ошентип жардам көрсөтсө ишкер деле патент акысын убагында төлөп турмак да. Анан кымбат кредит алып эптеп ишти баштап атса текшерүүчүсү келип алып “патентиңди төлө, электрге төлө, газга төлө, болбосо кыркып кетем, үзүп кетем”, деп демитип олтурса, кандай иш болсун. Мына азыр тигүүчүлөр да электр энергиясын өчүрүүдөн кыйналып бүтүштү. Патент акысын азайтып, аларга шарт түзүп берсе иштешмек.

- Анарбек мырза, ишкердикке кандай колдоо зарыл?

Анарбек Усупбаев: - Электр энергиясын айтып жатышпайбы. Бул биздин илдет. Электр энергиясынын өздүк наркы 5 тыйынга жетпейт экен. Анан керектөөчүгө келгенде 1 сомдон ашып кетип жатпайбы. Муну өкмөт чечип бериши керек. Биз да кыйналып бүттүк. Анан текшерүүлөрдү азайтыш керек. Бизди кийинки кездери жанагы рэкэт деген тажатып бүттү. Жакында мага келишиптир, коркутуп-үркүтөт. Башка бирөөлөрдөн да ушундайды уктум. Бизде ким көп - текшерүүчүлөр көп, чиновниктер көп. Аларды азайтып, бюджет акчанын биртобун ишкердикке жумшаш керек.

- Айнагүл айым, сиздин пикир.

Айнагүл Бекбоева: - Текшерүүгө келгендер сөзсүз бирдемеңди илип кетет. Сөзсүз кынтык табат. Жарыгыңды өчүрүп, газыңды үзүп кеткенге аракет кылат. Бирдеме үмүт этет.

- Урматтуу меймандар, келип куруп берген маегиңиздер үчүн чоң ырахмат!




Талкууну алып барган Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG