Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Кризистердин төө өркөч толкунундагы өкмөт


И.Чудинов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди

И.Чудинов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди

Игорь Чудиновдун өкмөтү Кыргызстан энергетикалык, экономикалык кризистерди башынан кечирип жаткан кезге туш келди.

Ага улай башкаруу системасын жаңыртуу, энергетикалык тармакты менчиктештирүү иштери жүрүүдө. Өкмөттүн учрда аткарып жаткан иштери тууралуу И.Чудинов «Азаттыкка» айтып берди.

- Игорь Витальевич, сиз башкарган өкмөттүн мына эки жылга жакын убактагы ишин сиз өзүңүз кандай баалайт элеңиз? Сиздин оюңузча, өкмөттүн бул убакыттын ичинде жетишкен жагы кандай болду, мүчүлүштүктөрү эмнеге байланыштуу болду?

Игорь Чудинов: - Эң алгач мен “Азаттык” үналгысы менен көптөн бери кызматташып келатканыбызды айта кетким келет. Өкмөт башчы болгондон кийинки биринчи маекти да “Азаттыкка” бергем. Айтканыңыздай эле мен бул кызматка дайындалгандан бери бир жарым жыл өттү. Биринчиден, ишимди өзүм баалашым осол болуп калар. Менин ишиме бааны президент менен Жогорку Кеңеш берет. Быйыл жазында Жогорку Кеңеш өкмөттүн ишине баасын койду. Канааттандырарлык деп баалады. Мындай баага биз да макулбуз.

Бүгүн биз сиз менен өкмөт башчынын иши тууралуу кеп кылып жатканда президент да анын ишин азырынча канааттандырарлык деп эсептейт болуш керек. Ал эми биз кандай иштердин өтөлүнө чыгып, эмнелерде жасай албай калганыбыз жөнүндө айта турган болсок, оболу чоң иштерге токтоло кетсемби деп турам. Биздин өкмөт иштей баштагандан бери “Камбарата - 2“ ГЭСинин курулушун, ири улуттук долбоордун толук каржылана башташын эң маанилүү жумуш деп айтсак болот. Быйыл декабрда ал жерде тоо көчүрүлүп, уникалдуу курулуш аягына чыгарылат. Азыр ал жерде жумуш мурда белгиленген ыраатында жүрүп жатат. Ири курулуш биздин өкмөт тарабынан жүргүзүлүүдө. “Камбарата – 1” ГЭСинин курулушу боюнча Орусия Федерациясы менен макулдашканбыз. Бул курулушка 1 миллиард 700 миллион АКШ долларын бөлүп берүүгө макул болушкан. Бул да биздин өкмөттүн олуттуу жетишкендиги.

“Кумтөр” боюнча келишимдерге кол коюуга жетишкендигибизди да айта кетким келет. Маселе кыйла жылдар чечилбей келген. Билесиз, “Кумтөр” компаниясы биртоп сунуштарга, Кыргызстандын үлүшүн 33% көтөрүүгө макул болду. Алтындын ар бир унциясынан сатылгандан кийин 18% салык алынат. Келишимдерди Жогорку Кеңеш жактырып колдоп берди. Бул да жакшы жетишкендик.

Дагы бир жагдайды айта кетейин. Быйыл биз медицина тармагын каржылоону ички дүң продукт көлөмүнүн 13% жеткирдик. Бул да олуттуу көрсөткүч. Мындан тышкары билим берүүгө ички дүң продукттун 5,6% жумшайбыз. Билесиз, июлда президент демилгеси менен Социалдык фонд макул көрүп пенсияны 50% көтөрдүк. Социалдык фонд менен пенсиянын базалык бөлүгүн толугу менен бюджетке киргизүү программасын аныктадык. Пенсиянын негизги бөлүгүн бюджетке киргизип, аны үзгүлтүксүз төлөп берүү милдетин алуудабыз. Пенсияны такай көбөйтүп, бара-бара пенсия топтоо системасына өтүүгө киришебиз. Бул деле дурус көрүнүш.

Өкмөт өз ишин баштап жаткан чакта кандай абалда турганыбызды билесиз. Азык- түлүктүн баасы кымбаттап, мунайдын баасы көтөрүлүп кеткен учур болчу. Дүйнөнү финансы кризиси каптай баштаган. Бул аз келгенсип биз оор энергетикалык кризиске капталдык. Чет элдик аналитиктер менен адистер муну төө өркөч толкунга кабылуу катары сыпатташкан. 2008-жылды ички дүң продукттун өсүшүн 7,6% жеткирүү менен аякташыбыз менин оюмча, өлкө ошол кезде кабылган абал үчүн дурус дегидей жетишкендик. Кыскача айтканда, ушул.

Эми эмнелерге жете албай калганыбыз жөнүндө. Жана мен медицина тармагына ички дүң продукттун 13% жумшаларын айттым. Мындай караганда бул кыйла эле жакшы көрсөткүчтөй сезилет. Калкты медициналык тейлөө кандай экенин көрүп туруп бул көрсөткүчкө ыраазы болуш кыйын. Кеп бул жерде бөлүнгөн каржынын натыйжалуу жумшалышы жөнүндө болуп жатат. Кыйла иштер жасалды, бирок дагы көп иштер тармакта жасалышы керек. Ушундай эле сөздү билим берүү тармагы боюнча да айтса болот. Билим берүү тармагы толук каржыланганына карабастан, башталгыч, орто билим, мектепке чейинки тарбия жаатында олуттуу проблемалар бар. Бул тармак да реформалоого муктаж. Бир жарым жыл ичинде аны жасоого биз жетише албадык. Өкмөт азыр ага көңүл бурууда. Президент тапшырмасы боюнча билим берүүнү реформалоо программасы иштелип жатат. Кыскачасы ушул.

- Сиз энергетикалык кризис жөнүндө кеп кылдыңыз. Энергетика жөнүндө кеп болгондо биздеги эң ири ишканалар Бишкек ТЭЦ, Бишкек жылуулук тармактар системасы, «Түндүкэлектр» акционердик коомдорун жеке колго өткөрүү, менчиктештирүү маселеси козголгон. Мына ушул маселеге токтоло кетсеңиз. Дагы бир суроо, быйыл да жарыкты өчүрүүлөр кайталанабы?

Игорь Чудинов: - Чынында биздин энергетика үчүн 2008-жыл кыйла эле оор болду. Ал жөнүндө көп айтылып, көп жазылды. Энергетика тармагын оңдоо үчүн чоң аракеттер жасалды. Мен биздин элге ыракмат айткым келет. Эл Нарын дарыясында курулган энергетикалык объектилерде түзүлгөн жагдайды түшүнүү менен кабыл алды. Эмнени айтса болот? Өкмөт менен энергетиктердин аракети менен ушу тапта Токтогул суу сактагычында жетишерлик суу запасы топтолду. Көлдө азыр 12 миллиард 400 миллион ашуун куб суу сакталып турат. Бул суу биздин энергетикалык системабыздын үзгүлтүксүз иштөөсүнө жетет.

Энергетикадагы коррупция, уурдоо, талап-тоноо жөнүндө айта турган болсок, кышка даярдыктын жүрүшүн караган өкмөттүк жыйында айтылган сандарга көңүл бурсаңыз керек. Бүгүн энергетикадагы 32% жоготууларды 26% чейин азайта алдык. Бул дурус сандар. Мындан тышкары электр акысын чогултуу, мисалы “Түндүкэлектрде” 100% жетти. Башка компанияларда 96% чейин электр акысы чогултулууда. Анткен менен токту уурдоолор, калктын дебитордук карыздары дагыле жолугат. Бул жалаң эле энергетиктердин проблемасы эмес. Маселен, уурдоолорду айтсак, ал көбүнчө электр энергиясын пайдалануучу менен аны таркатуучулардын жең ичинен макулдашуусунун натыйжасынан чыгууда.

Мындай болушка, энергетиканын өнүгүшүнө, айрыкча электр энергиясын бөлүштүрүүчүлөрдүн ишине ушу таптагы тариф бөгөт болууда. Каалайбызбы-каалабайбызбы, чындыкты айтышыбыз керек. Өткөн кыштан көрдүк го, 1,5 миллиарддык тариф жабылбай калууда. Бул маселени жакынкы мезгилде карап чыгышыбыз керек. Экономикалык кыйын кырдаалда 2008 – 2009-жылдары биз тарифтерди көтөргөнүбүз жок. Көпчүлүк ишканалар үчүн бул кошумча түйшүк, оорчулук алып келерин эске алып бааны көтөрбөдүк, бирок бул темага кайрылышыбыз керек.

Ал эми Бишкек ТЭЦ, жылуулук борбору жөнүндө айтсак, аларды менчиктештирүү программасы жокко чыгарыла элек. Билесиз, конкурс эки ирет өттү. Бул компанияларды сатып алууга куштар ишкерлер чыкпады. Ушу тапта Мамлекеттик мүлк фонду башка мүмкүн болчу варианттарды: менчиктештирүү, концессияга же инвесторго башкарууну ишенип берүү жагын карап жатат.

Жыл аягына чейин бул компанияларды сатуунун жаңы шарттары: менчиктештирүү, ишенимдүү башкарууга, концессияга берүү сунуш кылынат. Бөлүштүрүү компанияларындагы уурдоолорду, талап-тоноону ишин мыкты жүргүзгөн менчик ээси токтото алат деп эсептейм. Жеке киши же компания бөлүштүрүү тармагынын ишин жакшыртуунун үстүндө иштеп, акы чогултууну бекем көзөмөлгө алганда гана өзгөрүү болот. Башкача айтканда, тариф боюнча киреше таап, уурдап-тоноого чек койчу менчик ээси келиши керек.

- Cиз «Камбарата» ГЭСтеринин курулушун айттыңыз. Бул проблема коңшулар менен суу проблемасына байланышкан маселе. Ага улай газ маселеси чыгат. Өкмөт августта Өзбекстан менен газ маселесин талкуулап, «көгүлтүр отундун» баасын төмөндөтүү жайында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. Азыр ал иш кандай жүрүп жатат?

Игорь Чудинов: - Өнөр жай, энергетика министрлиги ошондой сунушту өзбек тарапка жөнөткөн. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биздин оюбузча, миң кубометр газдын баасы 240 доллардан сатылышы кайрадан каралышы керек. Сүйлөшүүлөрдүн «Камбарата – 2» ГЭСинин курулушу менен эч кандай байланышы жок. Анан да бүгүн бул маселенин суунун кое берилишине да тиешеси жок. «Кыргызгаз» өз алдынча чарбалык субъект катары газ сатып алуу маселесин өзү чечет. Азыр бартер же өз ара эсептешүү аркылуу газ сатылып алынбайт. Газ Өзбекстандын өзүнөн сатылып алынат. Кийинки эки жылдан бери газ сатып алууну суу, электр энергиясына байланыштырбай калганбыз. Булар эки башка маселе.

- Игорь Витальевич, ушу тапта башкаруу системасын реформалоо жайында арбын кеп болууда. Президенттик акимчиликтин биртоп кызматы өкмөткө өткөнү турат. Өкмөттүн өзүндө кандай реформалар жасалмакчы. Өкмөт менен министрликтер, ведомстуктар ортосунда. Сиздин оюңузча, реформа кандай болушу керек?

Игорь Чудинов: - Окугандырсыз, президенттик акимчилик боюнча азыр жумушчу топ иштеп жатат. Мындан өкмөттүн функциясы кыйла өзгөрөт. Ошол себептүү айрым министрликтер менен ведомстуктардын функциясы каралат. Биздин өзүбүздүн да жумушчу топ бул боюнча иштеп жатат. Жөнөкөй милдет коюлган. Министрлик өз тармагынын саясатын аныкташы керек. Ал эми айрым министрликтер менен агенттиктердин бирин-экинчиси кайталашы жөнүндө айтсам, бизде айрым агенттиктер өз ишин жүргүзбөй тармак саясатына ооп кетишкен.

Эмки милдет тармак боюнча башкаруу принцибинен кетип, процесстерди башкарууга өтүү керек. Бул эмнени билдирет? Маселен, айыл чарба министрлиги тармактык принцип боюнча уюштурулган. Иш жүзүндө мамлекеттик чарбалык субъекттерге ээ эмес. Биз болсо тармактык принцип боюнча бул секторду башкарууга аракет кылуудабыз. Министрлик бул тармактагы өнүгүү процессине көмөк көрсөтүү менен алектениши зарыл болчу. Айыл чарбасы, фермерлер үчүн сунуштарды даярдоо, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, сатууга шарт түзүү менен алектениши абзел. Ушундай эле пикирди өнөр жай министрлигине карата да айтууга болот. Өнөр жай ишканалары 100% жеке колдо. Тармактык бөлүмдөр принцибин да бул жерде колдонуш кыйын. Өкмөттүк жаңы түзүмдөрдө процесстерди натыйжалуу пайдалануу негизги милдет катары чыгат.

- Өкмөттүн болжолунда быйылкы жылдагы экономикалык өсүш 1% тегерегинде болушу керек. Быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыктары кандай? Кайсы тармактар кыйла артта калып, кайсы тармиактар кыйын кырдаалда деле өнүгө аларын көрсөттү?

Игорь Чудинов: - Туура, биз мурунку болжолдорубузга өзгөртүү киргизип, быйылкы өсүш темп 1% тегерегинде болорун күтүп жатабыз. Өнөр жай өндүрүшүнүн жайлашы бизде кооптонууну жараткан. Биздин өнөр жай өндүрүшүбүз чыгарган буюмдар коңшу өлкөлөргө, Казакстан менен Орусияга жөнөтүлөт. Экономикалык кризистин айынан ал өлкөлөрдөн суроо-талап азайып, өнөр жай өндүрүшү кескин кыскарды. 9 айдын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Өкмөт башка тармактарды көтөрүү боюнча биртоп иш-чараларды иштеп чыкты. 8 ай ичинде ички дүң продукт 2% көтөрүлөт деген бизде үмүт бар. Ал курулуш индустриясынын эсебинен болмокчу. Курулуш чынында эле жакшы жүрүүдө. Байланыш тармагы жакшы өнүгүүдө. Тоокен тармагы да азыр туруктуу өнүгүүдө. Ички дүң продукттун 70% түзгөн тейлөө тармагы да ыкчам алдыга жылууда. Жыл башында белгилеген болжолго чыгабыз деген үмүттөмүн.

- Быйыл «Камбарата –2» ГЭСинин 1-агрегаты ишке киргизилеби? Анан «Камбарата –1» ГЭСинин курулушу быйыл башталабы? Ушуга улай эле Орусияга байланышкан бир суроо. Орусиялык база боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы? Маалымдоо каражаттарында толгон-токой божомол-жоромолдор айтылууда.

Игорь Чудинов: - Коргоо, тышкы иштер министрликтери тарабынан бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эки президент макулдашкандай ноябрга чейин сүйлөшүүлөр аягына чыгат, деп ойлойм. Ошондо бул маселе боюнча кандай чечим болгонун билебиз. «Камбарата 1» ГЭСи боюнча биз жакында орусиялыктардан ал акчалар бюджетке киргизилгенин, кризис шартында кыскартылбаганын, азайтылбаганын ырастаган кабар алдык. Акча бөлүндү. «Камбарата 1» ГЭСин биргелешип башкара турган акционердик коомду түзүүгө байланышкан жөрөлгөлөрдүн баары аягына чыкты. Быйыл курулуштун долбоорлоо жумуштары башаталат, деген үмүттөбүз. Билесиз, азыр ал жерге кыш түшүп калды. Эмдиги жылдан тарта курулуш аянты түздөлүп, курулуштун даярдык жумуштары башталат. Акча келбей калабы, деген суроо жок.

- Америкадагы калабалуу 11-сентябрды билесиз. Ушуга байланыштуу бир суроо. Транзиттик борбордон келишимдеги акчалар түшүп жатабы? Өкмөттүн террорчулук, диний жикчилдикке каршы кандай программасы бар?

Игорь Чудинов: - Транзиттик борбордон келишимде көрсөтүлгөн акылар убагында келип түшүүдө. Акы төлөө октябрга чейин улантылат. Ижара акы квартал сайын которулат. 1-квартал акысын алдык. Кийинкиси 3-кварталда болот. Андан кийинкиси 4-кварталда келет. Акыны убагында төлөө жагынан эч кандай маселе жок. Кошмо Штаттар баңги ташууга бөгөт коюу боюнча көмөк көрсөтүүдө. «Антитеррор» программасына америкалык тарап дагы кошумча 21,5 миллион доллар бөлмөкчү. Ал акча чек ара кызматын, баңгиликти көзөмөлдөө агенттигине, антитеррордук борборго бөлүнөт. АКШ менен кызматташуу улантылууда.

- Сизге берилбей калган, микрофон алдында айта турган сөзүңүз бардыр.

Игорь Чудинов: - «Азаттык» үналгысына мага берилип жаткан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ыраазылык билдире кетким келет. Угармандарга тынчтык, бакубаттык, анан да чыдамкайлыкты каалар элем. Жалпы дүйнө ушу тапта экономикалык жагынан кыйын кезеңди башынан кечирүүдө. Экономикалык кризистен Кыргызстан деле четте калышы мүмүкн эмес. А бирок, бул жылдагы экономикалык көрсөткүчтөр биздин туура багытта баратканыбызды көрсөтүүдө. Түшүнүп турам, чыдамсыздык менен турмушубуздун алеки саатта эле оңолуп кетишин каалап турабыз. Ал үчүн бир гана жол бар – мыкты иштеш керек. Башканы эч ким ойлоп таба элек. Эң башкысы ден соолук, байкерчилик болсун!

- Убакыт бөлүп, бизди кабыл алып, суроолорубузга берген жообуңуз үчүн сизге чоң ырахмат! Ишиңизди ийгилик жылоолой жүрсүн!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG