Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Отун баасы асмандады, каруусу бош калк алдастады


Премьер-министр Данияр Үсөнов Жогорку Кеңеште электрге жана жылуулук энергиясына бааны көтөрүү тууралуу маалымат берип, тарифтерди жогорулатуу зарылдыгы энергетика тармагындагы түзүлгөн оор абалдан улам келип чыкканын билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, ГЭСтердин, Бишкек менен Ош ТЭЦтеринин иштеп чыгарган продукциялары өздөрүнүн наркынан төмөн болуп, аларды жана “Түндүк электр станциялар” ишканасын кармап турууга каражаттын жетишисиздигинен тетик-жабдыктары эскирип, бир жылда чыгарылуучу электр кубатынын 10 млрд. киловатт-саатынын 3 миллиарды техникалык себептерден улам жоголуп, өлкөнүн энергетика коопсуздугуна коркунуч туудурууда.

-Мурунку парламент “продать электроэнергетику это все равно, что продать родину” деп турган. Эми бир долларга дагы эч ким албай жатат. ТЭЦти дагы эч ким албайт бир долларга, “Северэлекторну” дагы эч ким албайт. Ошон үчүн инвесторлорду таап, учетту даярдап, бул компанияларды “прибылга” чыгарып, экономикалык жагынан пайдалуу кылып туруп, анан кийин сатыш керек,- деди премьер-министр.

Электрге жана жылуулукка тарифтердин жогорулашы менен катар эле өкмөт калкты каруусу бош катмарына социалдык колдоону күчөтмөкчү. Эмгек акысы төрт миң сомго жетпеген бюджеттик кызматкерлерге айына 200 сомдон компенсация төлөнүп берилет. Мындай буйрукка жума күнү президент Курманбек Бакиев кол койду.

2007-жылы 5-июнда мамлекет башчысы Курманбек Бакиев энергетика тармагын менчиктештирүү маселесин Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаттарынын талкуусуна алып чыкканда, оппозициялык маанайдагы депутаттар анын сунушуна каршы чыккан болчу. Ошондогу тариф маселеси эми бүгүн көтөрүлүп жатат.

“Ата-Мекен” партиясынын төрага орун басары Ташболот Балтабаев болсо Курманбек Бакиев президенттик шайлоонун алдында бул маселени козгобой, президент болуп шайлангандан кийин электрдин жана жылуулуктун тарифин көтөрүүгө чукул чара көрүүгө өткөнүнүн артында саясий маселе бар дейт:

- Биз аны президенттик шайлоонун алдында эле айтканбыз, азыр Бакиев өтүп алса, кийин шоруңарды курутат деп. Ал түшүнүктүү эле нерсе болчу, Бакиевдин шашылганын бир себеби да ушул болчу. Электр энергия, газ жана башка жылуулук, суу, канализация - баары кымбаттайт. Мурда кызмат көрсөтүп жүргөн мамлекеттик ишканалар, андайлар көп да, мына ысык суу, муздак суу, канализация ж.б. ушунун баары мамлекеттин колунда болгон. Мамлекет өзүнүн бир тарифи менен иштеген. Азыр мамлекет сатып жиберейин десе, башкалар албай атат, сен биринчи мындай тарифти жаса, анан мен алам деп атат. Мына азыр кээ бирөөнү эки эсе, кээ бирөөнү беш эсе көтөрүп атпайбы, бул башталышы гана. Ошонун баарын көтөрүп туруп, анан булар сатат. Бул биринчи этаптагы кыргыздын шорунун куруганы. Экинчи этабы, жеке менчиктер колуна алгандан кийин болот.

Ташболот Балтабаев белгилегендей, мунун баары Курманбек Бакиевдин эки кызыкчылыгынын аркасында жасалууда. Биринчиси, жеке кызыкчылыгы, экинчиден – мамлекеттин жоопкерчилиги жоголот.

- Анда Бакиев айтат: “Акмат менен Ташмат, Ваня менен Саня ушинтип жатпайбы. Муну жасаган мен эмес” деп өзү сүттөн ак болуп чыгат. Мына анын кызыкчылыгы”,-дейт Балтабаев.

Өкмөт башчы Данияр Үсөнов болсо мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн энергетика тармагын реформалоонун алгачкы кадамында жаңыча иштөөгө жол ачылып, алдыда далай ГЭСтерди куруу, сууга ээлик кылуу маселелери тургандыгын белгиледи.

-Өкмөт жыл сайын газ менен көмүр менен алек болбошу керек. Бул чарба жумуштар компаниялардын жумуштары да. Ошон үчүн биз каржы “потокторду” башка жакка буруп жатпайбызбы. Биз акчаны элге берип жатабыз. Элге айтып атабыз,”нормальный баа менен сатып алгыла”, деп. Мурун кандай болду? Ошол эле акчаны биз буларга берчүүбүз. А каякка кетти ким билет. Мына ушундай болчу да. Ошон үчүн эми реформанын башталышы, биринчи эле кадамы. Менин оюмча эми дагы бир нече кадам алдыга чыгабыз.

Энергетика министри Ильяс Давыдов жылуулукка тарифтердин көтөрүшү боюнча буларга токтолду.

-Биз бир, эки, үч бөлмөлүү батирлерге алдын ала эсептеп чыктык. Азыр бир бөлмөлүү батирге 500 сом болсо, эми бир жылуулук сезонго 2 миң 105 сом болот. Эки бөлмөлүү квартирага 2880 сом, үч бөлмөгө 3690 сом белгиленди. Эми баалар кымбаттаганда, бир бөлмөлүү батирге 10 миң 525 сом, эки бөлмөлүүгө 14 миң 400 сом, үч бөлмөлүүгө 18 миң 450 сом төлөнөт.

Атын атагысы келбеген шаар тургуну өкмөт бекиткен тарифтерди эсептеп чыгыптыр:

-Кечээ премьер-министр Данияр Үсөновдун телефизордон берген маалыматын угуп алып, анан отуруп алып эсептеп чыктым. Эки бөлмө тамга жылуулук берилгенде бир сезонго эки миң сом төлөөчүбүз. Эми жаңы тариф менен январдан баштап эки бөлмөлүү үйгө ар бир айга 5 миң сом төлөйт экенбиз. Июнь айынан баштап он миңден төлөнөт экен. Буга коммуналдык кызмат, суу, газ жана башкаларды кошкондо ушунча болот экен. Анан өкмөт айтып жатпайбы орточо айлык 7 миң сом деп. Бул маалыматты кайдан алышты. Банкта же министрлерде иштегендердин айлыгынын негизинде алышты да. Дагы 200 сомдон компенсация беребиз дешти. 5 миң сомдон кошуп беришсе дагы эми элге кыйын болот. Бала-бакырасы бар, алардын кийим-кечек, тамак-ашын эсептегенде көтөрүлгөн тарифти төлөө бир топ кыйынчылыкты жаратат.

12-ноябрда тарифтерди көтөрүү боюнча чечим кабыл алынган Өкмөттүн кеңейтилген кеңешмесинде бир гана Бишкек мэри Нариман Түлеев негиздүү аргументтерди келтирип, тарифтерди бир убакта кескин көтөрүүгө макул эместигин айтып, отун-сууга бааларды кымбаттатуу маселесин аз-аздан, алдын ала белгилегенген мөөнөттө чечүү зарылдыгын сунуштады.

Учурда бир киловатт-саат электр энергиясынын баасы элге 71 тыйындан, өнөр жай ишканаларына 1 сом 09 тыйындан болуп келсе, эми өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, 2010-жылдын 1-январынан тарта керектөөчүлөрдүн бардык катмарлары үчүн электр кубаты бирдей тарифте бир киловатт- саатка 1 сом 50 тыйындан белгиленди. 2010-жылдын 1-июлунан тарта бир киловатт - саат энергиянын баасы 1 сом 90 тыйын болот.

Ал эми жылуулук энергиясына жана ысык сууга баалар келерки жылдын 1-январынан баштап 1 Гккалорияга 1050 сом, 2010-жылдын 1-июлунан тартып - 2500 сом өлчөмүндө болот.

Ошондой эле өкмөттүн токтомунда 2011-жылдан тарта электр энергиясы менен камсыздоону алдын ала төлөө шартында жүргүзүү, энергокомпаниялардын кызматкерлери тарабынан да, керектөөчүлөр тарабынан да электр энергиясын уурдоолорго жоопкерчиликти күчөтүү боюнча чаралар каралган.

XS
SM
MD
LG