Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:10

«Күрмөнтү» цемент заводунун асманындагы сур булут


Цемент заводу жаңылангыча морунан түтүн үзүлбөйт

Цемент заводу жаңылангыча морунан түтүн үзүлбөйт

Түптөгү «Күрмөнтү» цемент заводу Ислам өнүгүү банкынан 28 миллион доллар кредитин ала албай жатат. «Кыргызстан» коммерциялык банкынын кезектеги доо-арызынын негизинде сот завод мүлкүн сатууга, күрөөгө коюуга тыюу салган. Ошондон цемент заводун жаңылоо аракети аягына чыкпай, талашкандар куржалак калышы деле мүмкүн.

Кийинки үч жылдан бери “Күрмөнтүцемент” заводунун 83% акциясын сатып алган казакстандык ишкерлер менен “Кыргызстан” коммерциялык банкынын ортосундагы талаш соттук териштирүүлөр менен коштолуп келатат. Бишкектеги маалымат жыйынында да ортодогу талаш журналисттер алдында улантылды.

- Бир мүнөткө, өзүңүз талаш болбойт деп коюп чатакты баштап атасыз. Бул менин сөзүм эмес, 590 миң, анан кайдагы1,5 миллион долларды айтып жатасыз?- деп “Күрмөнтүцемент” акционерлеринин өкүлү Төлеген Сулейменов банктын кызыкчылыгын коргогон компания өкүлүнө суроо узатты.

“Кыргызстан” коммерциялык банкы болсо 2003-жылдын жайында берилген 478 миң доллар карыз акчаны үстөк пайыздары, кечиктиргендиги үчүн деп ушу тапта 1,5 миллион доллар эсебинде кайтарып алууну көздөөдө. Цемент заводундагылар болсо жарым миллионго жакын доллардын 50 миңдейи гана Күрмөнтүгө келип, калганы “Восток” мунай ишканасынын эсебине которулуп кеткенин ырастаган Жогорку сот чечимин алдыга жайышат. 4 жылга жакын убакта “Күрмөнтү” цемент заводуна жаңы ишкерлер 4,5 миллион доллар инвестиция жумшаганы, ушу тапта анда 362 киши иштеп жатканы мындайда баам сыртында калууда.

Өткөн жылдын ноябрь айында Ислам өнүгүү банкы “Күрмөнтүцемент” акционердик коомуна 28 миллион доллар кредит берүүгө макул болот. Ошол карыз акчанын күрөөсүнө заводду коелу дешсе, андайга тыюу салынган сот чечими турат. 2003-жылкы 478 миң доллар кредиттин талашы эки ирет сотто териштирилип, айныксыз чечим чыгарылганы менен, соңку сот чечими менен завод мүлкүнө тыюу салынып, банк эми заводдон 1,5 миллион доллар өндүрүп берүүнү талап кылууда.

Банктын соттогу таламдарын коргоп келаткан “Икар” укуктук компаниясынын өкүлү Ислам Каргабаев 350 миң ашуун карыз акчасынын жети жыл ичинде опсуз көбөйүп кетишинин себеп-жөнүн мындай деп түшүнүдүрөт.

- Акчаны көргөндө эле напси агып кеткен жок. Белгилүү сумма, 1,5 миллион доллар макулдашылган акча. 6 жылда кредит көбөйө алабы? Карыз акча 2003-жылы алынган. Азыр 2009-жыл. Карызды кайтарганча акцияларынын бир бөлүгүн коюп койсун. Күрөөгө 42% акциясын берип турсун. Муну да каалабай турушат.

Казакстандык инвесторлор ассоциациясынын жетекчиси Бакытбек Желдибаевдин айтуусунда, алынган кредит кантип жана кандайча орто жолдон тонолуп кеткени эки ирет сот тарабынан аныкталган маселе. Анан эмнеликтен завод “жебеген самсынын” акчасын төлөшү керек?

- Биз ал акчаны албагандан кийин кылмыш иши ачылган. Акча кайда кетти? Биз алган жокпуз. Акча өздөрүнө кайтып кеткен. “Восток” деген мунай заводго. Ал заводдо бүгүнкү банктын акционерлери отурган. Акчаны өздөрүнө кайтарып алган. Цемент заводу төлөп берген акчаны соттон биринчи чечим чыкканда 30 миң долларды кайтарып берген,- дейт Б.Желдибаев.

Казакстандык ишкерлердин ырасташынча, карыз акчанын кыйласы орто жолдон калып калган “Восток” мунай ишканасы мурдагы президент А.Акаевдин үй-бүлөсүнө мамилеси жакын ишкерлердин ээлигинде болгон. Ошол эле таасирдүү адамдардын аракети менен ушу тапта үчүнчү ирет соттук териштирүүлөр башталууда.

- Кредит акча берилбей калбашы үчүн биз заводду инвестициялоону уланта беребиз. Ал эми кийинки төлөмдөр жөнүндө айтсак, аны төлөшкө бизде каражат жетиштүү,- дейт заводдун коомчулук менен байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нуржан Сламкулов.

Ошентип сот тарабынан жасалма кредит келишими деп табылган 478 миң доллар кайрадан калкып чыгып, заводго абыдан керек 28 миллион доллар кредиттин алынышы арсар калууда. Токтолбогон талаштан тажаган Ислам өнүгүү банкы берилчү кредитин токтотуп койсо андан кимдер жабыр тартарын ойлогон киши аз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG