Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

2005-жылкы бийликтин күч менен алмашуусунан кийин Кыргызстан экономикасы кургуйга кулап кетпей, мурунку жыл деңгээлинен азыноолок төмөн көрсөткүчкө ээ болгон. Быйылкы экономикалык абалдын беш жыл мурдагыдан өзгөчөлүгү коңшулардын чек араны узакка жаап салышы, инвестиция агымынын сээлдеши, жазгы айдоо-себүү иштеринин толук бүтпөй калышына байланууда.

Болжол боруму

- Акылбек мырза, мына бийлик алмашылганына деле эки айга жакын убакыт өттү. 2005-жылы Кыргызстан экономикасы мурдагы деңгээлине жете албай, 0,4% төмөн көрсөткүчкө түшкөн болчу. Быйылкы жылдын экономикасы кандай абалда экенин жакшы билесиз, болжолуңуз кандай?

Акылбек Жапаров: - 2005-жылы экономикабыз 0% тегерегинде болгонун жеңиш катары баалаганбыз. Быйыл деле ошондой болсо биртоп утуш болот эле деп ойлойм. Эгер өкмөт кризиске каршы иш-чараларын жарыя кылып, программа түзүп, ошого ылайык аракет кылбаса экономикалык төмөндөө 5% чейин түшүп кетиши мүмкүн. Мен ички дүң продукттун өсүү темпин эсепке алып жатам.

- Бу 5% кайсы жагдай-шартка карап болжолдоп жатасыз?

Акылбек Жапаров: - Биз айыл чарбалуу өлкөбүз. Жердин 60-70% гана айдаганга үлгүрүп калдык. Айыл чарбасындагы көрсөткүчтөр нейтралдуу же төмөн болушу мүмкүн. Өнөр жайында «Кумтөр» дурус эле иштеп жатат. Эң чоң коркунуч соода-сатык менен тейлөө тармагында болууда. Ал ички дүң продукттун 52% түзөт. 2 айга жакын чек ара жабык, соода-сатык, товардын жүгүртүлүшү кескин төмөндөдү. Банктардагы депозиттердин азайышы кредиттердин аз берилишине алып келди. Бул тейлөө тармагына таасирин тийгизди. Кредит берүү мөөнөтүн узартыш, алардын үстөк пайызын азайтыш боюнча өкмөт кескин чараларды көрүшү керек.

- Жаңы өкмөттүн экономикалык тармагын тейлегендер арасында учурдагы кысталыш кырдаалдан кантип чыгуунун жолун көрсөтчү, тажрыйбасы жетиштүү жетекчилер барбы?

Акылбек Жапаров: - Быйылкы жыл бюджети 13,5 миллиард сом таңкыстыгы – жетишпестиги менен бекитилген. Аны карап чыгуу керек. Т.Сариев эми да 4,5 миллиард сомдун тегерегинде чыгымдарыбыз көбөйөт деп жатат. Бул макроэкономикалык туруктуулукка терс таасирин тийгизет. Ошон үчүн өзгөчө кырдаалдагы бюджетти кабыл алып, чыгымдоолорду кескин азайтып, чыгашаны мурдагы парламент бекиткен көрсөткүчтөр деңгээлинде кармап туруу аракетин жасашы керек. Экономикалык саясат деп калдыңыз. Мурдагы экономикалык чечимдер үч-төрт жерде кабыл алынчу. Өкмөттүн өзүндө анча-мынчасы, Борбордук агенттикте, бир туугандар ортосунда, анан президент кабыл алчу. Убактылуу өкмөттө эки вице-премьер экономиканы тейлеп жатат. Экөөнүн көз караштарынын келишпестиги экономикага зыянын тийгизип жатат. Экономика бир жерде - өкмөт ичинде гана башкарылышы керек. Негизи бир киши экономикага жооп берсе анын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизчү шарттардан оңоюраак чыкканга шарт түзүлөт, деп ойлойм.

Инвестиция сарсанаасы

- Кыргызстан экономикасы жылына 7-8% төмөн түшпөй өнүгүшү үчүн ага жылына 1 миллиарддан кем эмес доллар өлчөмүнде тике инвестиция келип турушу керек. Бирок азыр бизде инвесторлордун кыйласы кетип, калганы арасат турушат. Мындай шартта инвестиция тартуунун дагы кандай жолдорун сунуш кылса болот?

Акылбек Жапаров: - Болот. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр, бюджет таңкыстыгы менен инфляцияны көзөмөлгө алып, алардын кесепетин азайтууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок инвестицияныкы кыйын. Ал туруктуу, өнүгүү болчу жерге гана келет. Анткен менен бизде кыргызга Кудайым берген байлыктары бар. «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгып, жакшы келишим түзүлгөн. Бирок дагыле анын элге пайдасы толук көрүнбөй жатат. «Жерүй» менен «Талды-Булактын» багы 5 жылдан бери ачылбай келатат. Инвесторлордон жолу болбой келатат. Ушул эле А.Атамбаев өкмөт башчы кезинде ресурс акысына инвестиция алуу боюнча кытайлар менен сүйлөшүү жүргүзүп, алар макулдугун беришкен. 60-70 тонна алтыны бардыгы Советтер Союзу кезинде эле далилденген. Же «Жерүй» же «Талды-Булак» болсун дешкен. Кытайдын Өнүктүрүү банкы өкмөт кепилдиги жок эле 1 миллиард 200 миллион долларды ШКУ өлкөлөрү үчүн 10 жылга 3% үстөгү менен берүүгө даяр экенин билдирген. Биргелешкен ишкана түзүп, анын 51% кыргыздардыкы, 49% Кытайдыкы деп атышкан. Кыргыз алтыны элге иштейт эле. Эми эмдиги жылкы инвестиция катары ушуну ойлосок болот. Быйыл инвестиция келиши бүдөмүк. Кардарлар банктарга койгон акчаларын шыпырып албай, депозитке көбүрөөк акча салууга шарт түзүү керек. Бул кредиттик мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө көмөк көрсөтмөк. Жарым жыл ичинде орто жана чакан бизнеске ушинтип көмөк көрсөтүү зарыл.

Абайла, акча!

- Банк демекчи, азыр мурунку бийлик башчылары менен жакындарыныкы делинген миллиондогон акчалар казынага кайтарылып атканы айтылууда. Мунун мыйзамдык негизи кандай болууда?

Акылбек Жапаров: - Кейиткени ушул банк ячейкаларындагы акчалардын сот чечими жок ачылышы болууда. Бизде либералдуу валюттук режим, салык саясатынын негизинде, банк системасында ыңгайлуу шарттарды түзүү менен биртоп инвестицияны банк секторуна тарта алганбыз. Банк ячейкаларын Убактылуу өкмөттүн ачып салганы инвесторлорду дүрбөлөңгө түшүрүүдө. Бир жума ичинде 600 миллион сомго банктардагы депозиттер азая түштү. Мухаммед пайгамбарыбыз деле мусулмандын өмүрү менен мүлкү ыйык деген экен. Азыркы Конституцияда деле мүлк маселеси сот аркылуу гана чечилиши керек. Азыркы алынып аткан акчалар сот аркылуу чечилбей калса ээлерине кайтарылып берилиши керек. Азыр алынып сарпталынып кетсе кийин кыргыз эли аны бюджеттен алып төлөп беришке мажбур болот. Сот чечиминен кийин ал акчалар бюджеттин кирешесине кошулуп, андан соң чыгымдалышы керек. Ал акчалардын бир тыйынына чейин жооп берчү орган Каржы министрлиги.

- Кыргызстанда азыркы тапта экономикага жетиштүү көңүл бурулуп, анын өнүгүшүнө кандай шарттар түзүлүп жатат?

Акылбек Жапаров: - Эл байлыгын, энергетиканы, сууну, кенди өлкөнүн кызыкчылыгына пайдалануу үчүн жакшы шарт түзүлүүдө. Мурдагыдай бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес. Ачык-айкын программа иштеп чыгып, канча пайда табарыбызды так эсептеп чыгышыбыз зарыл. Азыр болсо кыйла убакты-саат шайлоого кеткени турат. Бирок менин оюмча, Убактылуу өкмөттө экономиканы ойлогон акылдуу-эстүү кишилер бар. Эң биринчи иретте кризиске каршы программа иштеп чыгуу керек. Мен 2005-жылы 2006-2009-жылдарга ошондой программа иштеп чыккам. Анын негизинде донорлордон акча алып иштей баштаганбыз. К.Бакиев башында ошол программа менен иштеп, 2008-жылдан аягынан бир үй-бүлөнүн программасы боюнча иштеп анын натыйжасы эмнеге алып келгенин баарыбыз көрдүк. Азыр шайлоого камданып жаткан азаматтар жеңип келгенден кийин кантип экономиканы көтөрүүнү ойлонушу керек. Мына Грузия, 3 жылдын ичинде 450 миллион долларлык бюджетин 5 миллиард 200 миллион долларга чыгарышты. Президент, спикер, өкмөт башчы үчөө отуруп алып элге эл байлыгына көз артпайбыз, жебейбиз деп ант беришкен. Эл байлыгын натыйжалуу пайдаланып, өз ишкерлерин бутуна тургузуу убадасын беришкен. Алардын Коргоо министрлигинин эле бюджети 1 миллиард 600 миллион долларга чыккан. Ал Кыргызстан бюджетинен көп. Бирок алар кийин экономикага эмес саясатка көбүрөөк көңүл буруп, урушуп-талашып атып азыр кыйыныраак абалга кептелип калды. Кыргызстанда деле ушу азыр экономиканы кескин көтөрүү үчүн уникалдуу шарт түзүлүп турат.

- Акылбек мырза, маегиңизге ырахмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG