Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:42

Үрүмчүдөгү болуп өткөн баш-аламандык, Москвадагы Черкизов базарынын жабылышы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн басаңдашына алып келет. Ошондой эле мындан өлкөдөгү тигүү өнөр жайы жабыркап жатканы айтылууда.

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү басаңдайт

Буга эң биринчиден Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автономдуу районундагы абал жана Москвадагы Черкизов базарынын жабылып
калышы себеп, деп билдирди шейшембиде КР соода жана экономиканы өнүктүрүү министри Акылбек Жапаров:

-Муну менен үмүттү үзүп коюуга болбойт. Москвадагы базар убактылуу жабылды, Үрүмчүдө болсо кырдаал турукташып келе жатат, ошондуктан, биздин тышкы соода жүгүртүүбүз кайрадан ордуна келет, -деп ишендирди Акылбек Жапаров.

Министрдин белгилөөсү боюнча быйылкы жылы тышкы соода жүгүртүү өткөн жылга караганда бир топ аз, бирок өнүгүү бар. Анын айтуусунда өткөн жылы тышкы соода жүгүртүү 19% өскөн, быйыл азырынча 3-4% түздү.

Экономиканы өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров тынчсыздангандай эле Москвадагы Черкизов базарынын жабылышы Кыргызстандын жеңил өнөр жайына чоң сокку урду. Тигүүчүлөр ассоциациясынан “Азаттыкка” белгилешкендей Кыргызстанда тигилген кийим-кечелердин дээрлик 40% дал ушул Черкизов базарында сатылуучу.

Базарда 700дөн ашуун соода түйүнү кыргызстандык тигүүчүлөрдүн колунан тигилген кийим-кечелерди сатышчу, бир эле Черкизов базары аркылуу жума сайын Кыргызстандан 100 миң доллардан ашуун суммалык товар сатылып турчу. Мурда Черкизов базарында соода кылып келген кыргызстандыктар азыр Москванын ар кайсы жагына чачырап кетишкен.

Бирок соода мурдагыдай эмес, деп билдирет тигүүчүлөр биримдигинин жетекчисинин орун басары Абыл Садыков. Анын айтуусунда эгер базар кайрадан ачылбаса, көптөгөн ишкерлер ишин токтотуудан бөлөк аргасы калбайт. Бул болсо кыргызстандык тигүүчүлөрдүн колунан тигилген кийим-кече товарлар базарын башка бир өндүрүшчүлөрдүн товары ээлейт, дегендик.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев кыргызстандык жарандар мына ушундай кыйчалыш абалда турган мезгилде кыргыз бийлиги аларга кол сунуп, жардамдашмак тургай, абалын сурап койбоду, деген дооматын билдирди. Оппозиция лидерлеринин бири Черкизов базарынын жабылышы менен кардарларын жоготуп, ишин токтотууга аргасыз болуп жаткан ишкерлердин артынан Кыргызстандын экономикасы чоң зыянга учурайт, дейт:

-2005-жылы Алмазбек Атамбаев экономиканы өнүктүрүү жана соода министри болуп турган учурда тигүүчүлөрдү көмүскөдөн чыгаруу үчүн бир топ жеңилдиктерди берген эле. Быйыл эмне болду? Базар жабылып кардары жок калган, бир жагынан каржылык каатчылык кыйнап турган тигүүчүлөрдү жаңы салык кодекси деп туруп, олчойтуп салык ала башташты.

“Черкезден күнүгө 150 миңге соода кылчубуз..”

Нурбек Ибраимов Черкиз базарында 6 жылдан бери эмгектенип келет. Ал кичине балдардын кийим-кечелерин сатып соода кылчу. Базар жабылгандыгына байланыштуу башка соода жайына көчкөнбүз, азыр соодабыз 20 эсеге төмондөп, күнүнө болгону 6 миң рублга сатык жүргүзүп жатабыз дейт ал:

-Черкез базарында балдардын кийим-кечелерин саткан кыргыздар чогулуп, “Эмерал” соода борборунан орун алганбыз. Черкезден күнүнө 150 минге соода кылчыбыз, бул жерден болсо 5-6миңге гана товарлар өтүүдө. Бизге дүңүнөн саткан пайдалуу болчу, андай кардалар бизге барбай жатышат. Эми аларды акырындык менен көндүрүшүбүз керек.

Июнь айынын аягында “Роспотребнадзордун” текшерүсүнөн улам Москва шаарында Черкез базары жабылууга учураган. Бул соода жайынын аянты 230 гектарды түзүп, 35 миң чакты соода контейнери жайгашкан. Базардын бир күндүк акча айлануусу бир нече миллион долларды түзөт. Ижара акысынан жылына соода жайдын кожоюдарына 350 миллион доллардан ашык киреше түшүп турат.
“Кыргыз Биримдиги” коомдук уюмунун башчысы Абдыганы Шакиров:

- Бул базарда Москва шаарында отурукташып калган кыргызстандыктар эмгектенишет. Аларга тиешелүү болгон контейнерлердин саны 700гө барабар. Соода борборду кокусунун эле жабып койгондуктан, ал жерде эмгектенгендер товарларын гана эмес, документтерин дагы алалбай жатышат. Азыркы маалда тиешелүү органдарга кайрылып жүктү кантип алып чыгып кетиш керек деген маселеге көңүл буруп жатабыз. Бул базардын жабылышы Кыргызстанда өнүгүп бараткан жеңил өнөр жайга таасир этет. Бул жактан тигилип чыккан товарлардын 80%га жакыны ушул базардан сатылчу, -деп билдирди Абдыганы Шакиров.

2008-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүү 1млрд 200милион долларды түзгөн. Бул айлануудагы каражатта Кыргызстандан экспорттолуп жаткан жеңил өнөр-жай продукциясынын орду чоң. Черкез базарында Бишкектен тигилген кийимдерди сатып соода кылгандардын ар бири айына орточо 100миң долларга товар сатып алат дейт ишкер Ибраимов:

-Кыргызстандан тигилген кийим-кечелер бул базардагы 600 чакты контейнерден сатылат. Бир соодагер эле айына аз дегенде Бишкектен төрт ирээт товар алдырып турчу. Ар бир соодагер орточо, айына 100миң долларга кийим-кечелерди сатып алып турчу. Эми кандай болоору белгисиз.

Черкез базарында эмгектенгендердин 15 пайыздан ашыгын кыргыз мигранттары түзчү. Алардын саны орточу 3-5 миң адамдын тегереги. Бул соода жайында кыргыздардын 1000ге жаны контейнери орун алган. Алардын ар биринин орточо баасы 75 миң долларга барабар. Биздин атууладр чоң акчага чыгым болуп жатат деп сөз алды ишкер Ибраимов:

-Черкез базарындагы контейнерлердин орточо баасы 55-100миң долларга чейин. Биз соода ордун сатып алганыбыз менен жерин сатып алган эмеспиз. Эми минтип кеткен акчабыз кайтарылбай, кур-жалак отурабыз. Бул соода жайында болжол менен үч миң орунду кыргыздар иштетчү. Алардын 300 чактысы башка соода жайларга көчүп кетишти. Калгандары товарларын алып чыга албай базарды айланчыктап жүрүшөт.

Черкез базары жабылгандыгына байланышуу, бул жайда эмгектенгендер башка соода борборлорго көчүүдө. Аларга “Московский”, “Садовод”, “Эмерал” сыяктуу базарлардан орундар сунушталууда. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрү, Москва шаарынын өкмөтү менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, аянты 30 гектар болгон “Эмерал” соода борборунан Кыргызстандык соодагерлерге үч миң орун берүү маселеси чечилген. Андан тышкары “Кыргыз - өндүрүшчүлөрүнүн жарманкеси” үчүн соода жай ачуу мүмкүнчүлүгү жакын арада каралышы мүмкүн.

Үрүмчүдөгү баш-аламандык Кытайдын товарын кымбаттатты

Кыргызстандын тышкы соодасына жакынкы коңшу Кытайдын Үрүмчү шаарында болгон баш-аламандык да терс таасирин тийгизгени айтылууда. Оштогу Карасуу базары Борбор Азиядагы ири базарлардын бири, бул базарга Эркечтам бажысы аркылуу Кытайдан келип түшкөн арзан товарлар Өзбекстан, Тажикстан, айрым учурларда Ооганстанга чейин ташылып кетет.

Үрүмчүдөгү тополоң
Айрым маалыматтар боюнча Үрүмчүдөгү баш-аламандыктан кийин Кытайда чыгарылган товарлардын баасы Карасуу базарында бир аз кымбаттаганы жана кыскарганы байкалды. Муну мамлекеттик ветеринардык чегара жана транспорт көзөмөлдөө башкармалыгынын Ош облусу боюнча жетекчиси Өмүрбек Култаев да ырастап, ушундай кырдаалдан улам кытай товарларынын наркы билинбей көтөрүлүп жаткандыгын билдирди.

Жананбай Абдыраимов Борбор Азиядагы эң ири Кара-Суу базарында эмгектенет. Анын белгилешинче, Кытайдагы жаңжалдын Кара-Суу базарында олтурган кытайлык уйгурларга кесепети тийген жок. Алардын соодасы мурдагыдай эле жүрүп жатат:

-Уйгурлар мурда кандай соода кылып келсе, дагы деле ошондой соода кылып атышат. Бааларды арзан коюп, сатышат. Бизге караганда алда канча арзан сатып, биздин соодага кадимкидей бут тосуп атышат.

Ош шаарындагы кийим-кече базарында соода кылган Коргонбай Көкөевдин айтымында, Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдуу районундагы кандуу кагылышуудан Кыргыз аймагына жүктөрдүн тартылышы кыйындап, соода-сатык кыйла солгундады. Ошого карабастан товарлар айтаарлык кымбаттай түшкөндүгү билинүүдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG