Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Бюджет: таңкыстыктан - таңкыстыкка


Кыргыз өкмөтүнүн жыйынынан.
Кыргыз өкмөтүнүн жыйынынан.

Быйылкы 8 ай ичинде республикалык бюджеттин киреше бөлүгү мурдагы болжолдун 96% гана жетти. Анткен менен чыгымдоолор кескин көтөрүлүп, ал ички дүң продукттун 31% түзүүдө. Опсуз чыгымдоолордун көбү апааттан жабыр тарткандарга социалдык колдоо, күч кызмат өкүлдөрүнүн айлыгын көтөрүүгө жумшалды.

Кыргызстан өкмөтү быйылкы жыл бюджетин өзгөртүп, эмдиги жыл бюджетинин негизги параметрлерин аныктады. Эмдиги жыл бюджет жетишсиздиги 20,5 миллиард сомго жетмекчи.

Түшкөнү аз - сарпталганы арбын

Кыргызстандын Каржы министрлигинин маалыматына ынансак, быйылкы 8 айда республика бюджетинин кирешеси 28 миллиард ашуун сом же мурда болжолдонгон көрсөткүчтүн 96% чыкты. Казынага түшкөн акчалардын 21 миллиарддан арбын сомун салыкчылар чогултуп беришти. Анткен менен бюджеттин чыгаша бөлүгү 37,5 миллиардга жакын сомду түздү. Экономикалык өнүгүү ырааты жайлап, жыл аягына чейин анын төмөндөөсү 5% тегерегинде болушу болжолдонуп аткан чакта жалпы чыгымдардын 5 миллиард ашуун сомго арбышы күтүлгөн нерсе болчу.

Кыргызстандын Каржы министри Чоробек Имашов анын себеп-жөнүн мындайча чечмелейт.

- Алар биринчи кезекте ички дүң продукт көлөмүнүн 5,4% азайышы менен шартталган. Бул 2 миллиард 966 сомду түзөт.


Мурдагы 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун ырасташынча, өкмөт артыкбаш чыгымдоолорду кескин кыскартышы керек.

- Канчалык кыйын болсо да ушул бюджетти дарылоого киришпесе жылдын аягында өтө кыйын болуп калат. Анткени бүгүн-эртең кыш дагы келет. Жанагынча кишиге үй куруудан мурун энергетика системасын кышка даярдоо үчүн биртоп акчалар керек эле.

Бюджет таңкыстыгынын опсуз көбөйүп кетиши мурдагы өкмөттүн экономикалык саясатына жоопкер вице-премьер-министр Алмамбет Матубраимовдун пикиринде, биртоп себеп-жагдайлардын негизинен келип чыкты.

- Биз бул бюджетти кабыл алганда 20 миллиард сомду өнүгүүгө деп койгонбуз. 14 миллиард жетпейт дегенбиз. Бирок анын 6 - 8 миллиарды жетпейт. Сомдон айтканда. 8 миллиардын сырттан келген гранттар эсебинен жабабыз дегенбиз.

Эмдиги жыл бюджет таңкыстыгы азыркысынан да арбын болот

Жыл аягына чейин быйылкы республикалык бюджеттин таңкыстыгы 21 миллиард ашуун сомго жетерин өкмөт эмитен эле болжолдоп отурат. Ички дүң продукттун 10,5 % жетчү мынчалык каражаттын теңинен көбүн өкмөт тышкы, ал эми 8 миллиардга жакынын ички булактардын эсебинен жабышты көздөөдө. Анткен менен ортодо 5 миллиард ашуун сом эмненин эсебинен кантип жабылары азырынча ачык калууда.

Өкмөт эмдиги жыл бюджети деле опсуз чоң таңкыстыкка капталарын, 20,5 миллиард сому жетишсиз болорун, жалпы киреше быйылкысынан кыйла аз 52 миллиард ашуун сомго болжолдонуп жатканын жарыя кылды. Ал эми чыгашалар 73 миллиардга жакын сомду түзөт. Жаңы бюджеттин кыйла бөлүгү реалдуу, социалдык секторлорго жумшалмакчы. Мамлекеттик башкаруу аппаратын кармоого 17,5 миллиард сом, күч кызматтарына 9 миллиардга жакын сом бөлүнөрү болжолдонууда. Ортодогу таңкыстык 20,5 миллиард сомго чыкмакчы.

Экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиевдин ырасташынча, 2011-жылы ички дүң продукт көлөмү 239 миллиард сомго жетиши керек.

- Ички дүң продукттун реалдуу өсүшү 6,1% жетиши ыктымал. Инфляция 7,5%. Сомдун долларга карата катышы 46 сом 6 тыйынды түзүшү мүмкүн.

Кыргызстан экономикасынын өнүгүшүнө өзгөчө таасири бар Орусия менен Казакстан бажы биримдигине кирип, Кытайдан күргүштөп келчү товарлар агымынын ортолук чектен өтүшү кыйындаганы соода, кызмат көрсөтүүнүн ырааты кыйла төмөндөдү. Ошол эле эки өлкөдө эмгектенген кыргызстандыктардан келчү акча агымы азайганы элдин сатып алуу мүмкүндүгү кыйла чектелибирээк калууда. Өңгөдөн да өлкөнүн саясий башаламандыктан кутула албай, “бечелден жөтөл кетпейт” болуп кагылыш-сүрүлүштүн төөбастысында калышы ишкердиктин демин суутуп, эгемендиктин эртеңкисин бүдөмүктөнтүүдө.

XS
SM
MD
LG