Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Балыкчы-Корумду жолун салгандар 4 айлык маянасын алышты


Балыкчы-Корумду жолун куруп, бир канча айдан бери айлык ала албай жүргөн жумушчуларга төрт айдын маянасы берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайты кабарлады.

Маалыматка ылайык, 600 чамалуу жумушчунун 90 пайызы кыргызстандыктар. 2016-жылдын октябрынан бери алар айлык албай келишкен. Мындан улам жолду куруп жаткан кытайлык “Лонг-Хай” компаниясынын кеңсесинин алдында февралдын башында нааразылык акциясын уюштурушкан.

Жалпысынан 104 километрди түзгөн жолго 7 миллиард сом коротулары айтылган. Анын 25 километрден ашууну курулуп, калган бөлүгү өкмөт тараптан каржы жоктугуна байланыштуу токтоп калган эле.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жайкы туристтик сезон башталганга чейин жол куруу аягына чыгарыларын билдирген.

XS
SM
MD
LG