Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:12

Өкмөттүн жарым жылдагы экономикалык жыйынтыктарга арналган жыйыны токпейил маанайда өттү.

Антишке экономикалык өсүштүн азыноолок байкалганы, «Кумтөр» алтын кенинде иш жүрүшүп кетсе жыл аягына чейин дурус дегидей көрсөткүчтөр болуп каларына ишенич себеп болду окшойт.

Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, дүйнөнүн лөк өлкөлөрүнүн шаштысын кетирген кризистин кээри Кыргызстанга деле тийди. Ошол себептүү өлкөнүн ыкчам өнүгүү жолуна кайрылып келиши сырдакана соода-экономикалык өнөктөш катары эсептелген Казакстан менен Орусиянын абалына көз каранды.

- Ушу 17 жылдын ичинде жасаган эң жакшы ишибиз кичи жана орто жеке ишкердикти өнүктүрүп алдык. Алар 50% чейин ички дүң продуктту өндүрүп жатышат. Азыр 42%, тейлөө, соода, чака бизнес 42% чейин ички дүң продуктту өндүрүүдө. Мисалы, ошол эле Казакстан менен Орусияда бир заводдун тегерегинде килейген шаар салып коюшкан. Ошол завод токтогондон кийин кризис баарын жаап калып жатат.

Анткен менен ички дүң продукттун тең жарымына жакынын түзгөн орто жана чакан ишкердиктен бюджетке анча деле көп каражат түшпөйт. Өкмөт башчы И.Чудинов тейлөө менен соода тармагындагы орто жана чакан бизнестен түшчү салыктар болгону 3 гана пайызды түзөрүн айтып,“көмүскө” экономиканы ачыкка чыгаруунун амал-айласы катары өкмөт салык өлчөмдөрүн жеңилдетүүгө киришкенин белгилеп келатат. Салыктын оор жүгү ошентип барып-келип эле өнөр жай ишканаларынын мойнуна түшүп, мамлекеттик чыгымдоолордун кыйласын ошолор көтөрүп келатышат. Кыйлага токтоп калган Канттагы цемент заводу азыноолок иштеп, Ташкөмүрдөгү “Кристалл” заводу, ага улай Кызыл-Кыядагы түштүк цемент заводу ишке киришип кетсе жыл аягына чейин өнөржай өндүрүшүнүн абалы кадыресе жакшырмак. Жарым жылдыкта болсо өнөржай өндүрүшү өткөн жылкы чегине да жете албай калды. Анын себеп-жөнүн Кыргызстандын өнөржай, энергетика, отун ресурстары министри Илияс Давыдов “Кумтөр” алтын кениндеги абалга байланыштырат.

- Төмөндөөнүн себебин билесиздер, Кумтөр кенинде казылып алынган алтындын азайып кетишине байланыштуу болду. Анан финансылык кризис таасиринин экономиканы көтөрө турган тармактарга тийиши, ошондой эле экспортко чыкчу товарлардын өтпөй калышы ушул ахывалга алып келди.

Жарым жылдыкта Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү болгону 03% гана көтөрүлдү. Өкмөт ушунусуна да шүгүрчүлүк кылып, жыл аягына чейин бул көрсөткүч 1%, иш алдыга жылып кетсе 2% жетерин болжолдоп олтурат. А.Жапаров кризис шартында мурдагысындай эле өнүгүү жолунда бараткан тармак катары уюлдук байланышты мисалга тартты.

- Мына биздин 5 миллион калкыбыз бар деп жатабыз. Ошонун 3 миллион 200 миң телефону бүгүн иштеп атыптыр да. Орточо эсеп менен кыргызстандыктар 500 – 600 миллион долларды жалаң гана сүйлөшүүлөргө сарптап жатышат. Тамак ичкенге эмес, кийимге эмес, трактор сатып алганга эмес, жалаң сүйлөшкөнгө.


Экономиканын калган тармактарынын маңдайына андай дүркүрөп өнүгүүнү жазбаганына ынангандан кийин өкмөт мурда кабыл алган кризиске каршы программасын өзгөртүү керектигин айтууга өттү. Өкмөт башчы Игорь Чудинов программа эгин тартыштыгы маалында түзүлгөндүгүн айтып, аны ишкерлердин пикир-сунуштарын эске алуу менен оңдоп-түзөп чыгуу керектигин белгиледи.

- Ишкерлердин сунуштары өкмөттүн кризиске каршы программасынын негизин түзүшү керек, деп эсептейм. Биз менен сиздердин милдет Кыргызстандагы мыйзамдарга ылайык аларды ишке ашыра тургандай кылып жазып чыгыш.

Жарым жылдыктын кыйла убактысын шайлоо шаңы менен өткөргөн өкмөт күзгө таяп 9 айдын социалдык-экономикалык жыйынтыгын, кыш даярдыгын, Токтогулда канча суу топтолгонун, электр энергиясын жоготууларды 7% кыскартуу убадасы кандай аткарылып жатканын талкууга алмакчы. Ал жыйынды президенттик шайлоодон кийин жаңыланган өкмөт өткөрмөкчү.
XS
SM
MD
LG