Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:43

Быйылкы тогуз айдын жыйынтыгын чыгарган өкмөттүк жыйындан кийин Экономика министри Акылбек Жапаров "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Акылбек мырза, жыл аягына чейин экономикалык өнүгүү канча пайызга жетиши мүмкүн экендигин болжолдоп жатасыздар?

- Ички дүң продукттун өсүшү 4,5% - 6% чейин болушу мүмкүн деп жатабыз. Анткени бүгүнкү күнгө чейин “Кумтөрдүн” канча алтын казып аларын так билбейбиз. Анын жыйынтыгы жыл аягында чыгат. Бирок болбоду эле дегенде ИДП 4,5 – 5% тегерегинде болобу деп жатабыз. Азыркы кризис шартында бул дагы жакшы көрсөткүч. Эгер энергетикалык кризис болбогондо биз 7 - 8% тегерегинде өсмөкпүз.

- Сиз өкмөттүк жыйында банк системасындагы абалга да токтоло кеттиңиз. Ошону чечмелей кетсеңиз.

- Башка өлкөлөрдө күрөөгө баалуу кагаздарды, алтынды баалап алса, Кыргызстанда банктар күрөөгө кыймылсыз мүлктү, курулуп жаткан үйлөр салынчу жерди алышат. Үйлөрдү алышат. Анан биртоп үйлөр бүтпөй калды. Маселен, Орусияда үйлөрдүн баасы түшүп кетсе күрөөгө дагы акча төлөштү талап кылып жатышат. Ошол күрөөсүн сатмакчы болуп жатышат. Өкмөттүн экономикалык кеңешчиси Улуттук банк негедир унчукпай жатат. Мени ошол кооптонтуп жатат. Анан ушул кредиттер классификациядан өткөнбү, банктардын активдери кандай? Эгер баары жакшы болсо – капачылык жок. Бизде банк кризиси жок деп коелу. Эң коркунучу ошол банкта биздин аманаттар, депозиттер жатат да. Депозиттер көбөйүп жатат. “Коммерциялык банктардын абалы жакшы экен”, дешсе биз депозитти дагы көбөйтөбүз. Европада, Америкада, Орусияда банк системасы кризиске учурап жатса, менин угушумда Америкада эң ири банктардын 70% жакыны улутташтырылып жатса, анан Кыргызстанда эле момурап тынч. Менин элди коркуткум келген жерим жок. Бирок тынч болуш үчүн Улуттук банктан сурап атам: “Эй, бизде бүт баары эле сонунбу? Эгер сонун болсо сонун”, деп коелу. Энергетика тармагындагы абалды айтып чыктык. Бул эми кендирди кескен итчилик болуп жатпайбы.

- Байкоочулардын баамында доллардын курсу евро менен теңелип калышы мүмкүн деген божомол айтылып жатат. Эгер андай болсо Кыргызстандын экономикалык абалы кантет? Ушуга токтоло кетсеңиз.

- Мына карасаңыз, мындан эки-үч ай мурун 1 доллар 1.61 еврого барабар болуп жаткан. Бүгүн ал 1.28 түштү. Мен эми жылдын аягына чейин 1 доллар 1.20 – 1.15 еврого түшүп турса жакшы болор эле деп ойлоп жатам. Анткени бир доллардын бир еврого теңелип катышы 1 баррель мунайдын баасы 40 долларга түшөт деген сөз. Орусия бюджетине анын баасы 70 доллар, Казакстан болсо 90 доллар деп киргизишкен. Бул биздин негизги өнөктөштөрүбүз да. Алардын экономикасы кыйын абалга түшүп калса бизге эле оор болот. Ошон үчүн Улуттук банк бизге болжолун айтып, жыл аягына чейин эмне болорун эскертип турушу керек. Анткени алар 4 валютанын: рублдин долларга катышын, евронун долларга катышын, фунт стерлингдин долларга катышын, анан кыргыз сомунун долларга катышын карап, талдап, анан бизге болжол курчулар ушулар.

- Доллардын сомго катышы жыл аягына чейин канчага көтөрүлүшү мүмкүн?

- Мен аны азыр айта албайм. Мен жыл аягына чейин ушу 39 тегерегинде эле турсабы дегем. Кыргыздын көпчүлүгүнүн жашоо-турмушу долларга байланышкан. Алып келген товарларыбызды долларга баалап алып, бирок бул жерде аны сом менен сатып атпайбызбы. Доллар 33 сомго түшкөндө арзан кийимге кенелип эле калбадыкпы. Эми ал 40 сомго жетсе кыйла кыйын болуп калат. Инфляциянын жаман жери - анын жалаң айлык, пенсия менен жашагандарга оорчулук келтиргени. Инфляциянын көбөйүп кетиши биринчи кезекте ошолорго салакасын тийгизет. 6 айдан бери биздин жанталашып жатканыбыз ошол да. Мына инфляция 15,6%. Аны 20% жеткирбей койсокпу деп атам. Айрымдар инфляция 35% жетти, колуңардан эч нерсе келбей калды дешкен. Бирок өкмөт менен Улуттук банк чогуу иштей ала тургандыгын көрсөтүштү. Бизге инфляция көбүнесе сырт жактан келет.

- Айыл чарбасындагы абал жакшы эместиги ушу өкмөттүк жыйында көп айтылды. Аны сиз да белгилей кеттиңиз.

- Тилекке каршы ошондой болуп калды. 4% өтпөсө айыл чарбасында өсүш жок деп эле койсо болот. 700 тонна буудайдын ордуна 835 миң тонна алдык деп атпайбызбы. Муну биз жерди көбөйтүштүн эсебинен алып жатабыз. Мындан чыгыш үчүн мен эки гана нерсени көрүп атам: бул кооперативдер жана класстердик мамиле. Анан ушул айылда азыраак убакыт демократия деген сөздү унута турушубуз керек болуп жатат. Экономикалык шарттарды түзүп, административдик күчтөрдү да колдонбосок болбой калды. Эмки өкмөттүк жыйынга мен “Вита Кыргызстан” деген класстерди киргизейин деп жатам. Бизге 100 миң гектир жер керек. 3 жылдан кийин Кыргызстан үчүн буудайдын катуу сорту, жүгөрү, кант кызылчасын 500 миң тонна эгели деп жатабыз. Буга 123 миллион доллар инвестиция керек. Мына ушул эки нерседен жардам берип койсок, бул жерден 15 – 20 миң фермер, анан өзүбүздүн да бир жыртыгыбыз бүтөлүп калмак.

- Акылбек мырза, энергетика тармагындагы жоготууларды 4% азайтсак, быйылкыдай өчүрүүлөрсүз эле кризистен чыгып кетет элек деп айттыңыз.

- Жоготуулардын 1% канча турарын билебиз да. Анткени 14 миллиарддын 37% жоготуулар деп жатпайбызбы. Анан жанагы өчүрүүлөрдүн негизинде 192 миллион киловат саат үнөмдөдүк деп атышат. Мен айтып атам: “Жоготууларды 4% азайтып койсоңор элдин каарына калбайт элеңер”, депчи. Анан бул саясий да маселе болуп жатпайбы. Баары адамдын өзүнө байланыштуу болуп атпайбы. Жаныбыздагы Тажикстан жоготууларын 17% түшүрдү. Эмне үчүн ага биз жете албайбыз. Ошон үчүн айттым: “Кимиңер башкарасыңар. Бүт акциябыздын, акчабыздын баарын С.Балкыбековго берели”. Жоготууларды 10% азайтып койсо биз жыргап эле кыштан чыгып кеткени турбайбызбы.

- Акылбек мырза, маегиңиз үчүн чоң ырахмат!

XS
SM
MD
LG