Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Патент акынын көбөйүшүнө ишкерлер нааразы


Өткөн жылы салыктан 18 миллиард 346 миллион сом чогулса анын 700 миллиону патент акыдан түшкөн. Жаңы Салык кодексине ылайык өкмөт патент акыны көбөйтүп, эмдиги жылдан башталчу жалпы декларацияга өтүүнүн камылгасына киришүүдө.

Жалпы салыктын арасында патент акыдан түшчү акча 3,9% түзөт. Өкмөт быйыл ишкердиктин 71 түрүнө гана патент акысын калтырып, аларга салык өлчөмүн көбөйтүп койду. Маселен, “Дордой” жайма базарынын ортоңку катарында соода кылгандар буга чейин айына 7 000 сом патент акы төлөп келишсе эми ага 2 000 сом кошулмакчы. Патент акынын эң кымбаты оюн-зоок жайларына, казинолорго салынды.

- Мына бизде казино 47 – 50 болуп калган. 300 миңге чыгарды эле анын жарымы жабылды. Казинолордон бир жылда 200 миллиондон ашуун акча түштү. А бирок анын жарымы жабылып, жарымы калса деле биз былтыркы түшкөндөн эки эсе көп табабыз,- дейт Салык жана жыйымдар мамлекеттик комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков.

Мончо менен сауналардын патент акысы да кыйла жогорулады. Ишкердиктин ушул түрү менен алектенгендердин ассоциациясынын төрайымы Айнагүл Бекбоеванын айтуусунда, башкалаадагы сауналардын көпчүлүгүн саатына 200 сомдон 700 сомго чейинки баа менен иштейт.

- Негизинен биздин жумушубуз кечки саат 6дан түнкү 12ге чейин, ашып кетсе 4 – 5 саат иштейбиз. Булардын эсеби боюнча күнүнө 8 сааттан иштеп, күнүнө 4 000 сом, айына 120 миң киреше табат экенбиз. А чыгымыбыз бүгүнкү күндө 120 800 сомго жетет. Газ менен көмүргө эле 45 миң сом төлөшүбүз керек. Андан тышкары үч кызматкердин айлыгы, Социалдык фондго, ошентип отуруп биздин чыгымыбыз эле 120 миң 800. Биз кайсы жактан алып буларга салык төлөйбүз?

Патент акынын көтөрүлүшүнө ири соода борборлорундагы ижарачылар да нааразы экенин биримдиктин жетекчиси Бурулкан Усубакунова билдирди.

- “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнү, “Бефа борбор”, “Бета Сторес”. Мен көптөн бери өкмөткө айтып келатам. Булардын биздин кыргыздарды кордогондон башка көтөрөйүн, жардам берейин деген жери жок. Мына ЦУМда мурда 1 чарчы жери 60 доллар болчу, азыр 120 доллар. 2-кабаты 110 доллар. Кыргыздын баары жайында ижара акысын төлөй албай кетип калды.

Кыргызстан ишкерлер биримдигинин жетекчиси Үсөн Кыдыралиев мамлекет орто жана чакан бизнеске иш жүзүндө колдоо көрсөтүшү зарыл, деген пикирде.

- Былтыр кичи бизнес, патентчилерден жарым миллиард сом, жана 700 миллион сом деп атпайбы. Ошол былтыртан баштап арбын чогултула баштады. Бул жагынан потенциал көп. Ушул эле патент менен иштей берсе болот эле. Базаны гана кеңейтип. Буга чейин салык иштебей келген.

Салык жана жыйымдар мамлекеттик комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков жаңы Салык кодексинин ишке кириши кыйынчылыктар менен коштолорун ырастап, эмдиги жылдан тартып кыргызстандыктар тапкан кирешесин жарыя кылууга өтөрүн билдирди.

- Болгону 121 патент менен иштөө бар болчу. Биз азыр 71 калтырдык. Калганын жанагы жөнөкөйлөтүлгөн салыкка, контрактка өткүлө деп жатабыз. Жөнөкөйлөтүлгөн системага өткөндө булардын 1 айда тапкан кирешеси бизге белгилүү болот. Ал статистикага, отчетко кетет. Булар ошону көрсөткүсү келбей жатпайбы. Биздин мамлекетибиз качандыр бир мыйзам менен иштеп, кирешебизди көрсөтүшүбүз керек. 2010-жылы мен сизди кантип декларациядан өткөрөм? Биз жакшылык кылып жатабыз.

2010-жылы өлкөнүн ишке жарамдуу калкынын баары тапкан кирешесин салыкчылар алдында жарыя кылышка милдеттүү. Андан баш тарткандарга карата 2012-жылдан катуу чаралар көрүлө тургандыгын А.Келдибеков маалымдады.

XS
SM
MD
LG