Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Салык кодекси дагы жаңыланганы калды окшойт


Эларалык каржы уюмдар менен Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги уюштурган Бишкектеги “тегерек үстөл” талкуусунда иштегенине жарым жыл тололек Салык кодексине кандай өзгөртүүлөр кириши жайында кеп болду. Быйыл жыл башынан тарта колдонула баштаган жаңы Салык кодексине өзгөртүү, алымча-кошумча киргизүү боюнча ведомстуктар ортолук комиссия иштөөдө.

Жаңы Салык кодексин даярдаган жумушчу топтун башчысы Андрей Красников киреше салыгынын кирешенин минималдуу эсеби боюнча, бюджеттик мекемелердин атайын эсеп каражаттары, сатуудан алынчу салыкка байланышкан сын пикирлер арбын экенин белгиледи.

- Биз момундай жагдайга туш келдик. Өткөн жылы салыкчы жакшы иштеп, киреше тапты. Бирок экономикалык кризистин айынан быйылкы жылга келишим түзө албай калды. Өткөн жылдын кирешеси өтөле көп, ал эми быйылкы жылдын 1-кварталы үчүн киреше салыгын төлөгөнгө ишкананын акчасы жок.

Алдагыдай жагдайга кириптер болгон ишкананы биротоло сазга отургузбаш үчүн салык жагынан кандай жеңилдиктер бериш керек, айыппулга жыкпаш үчүн салык мыйзамына кандай өзгөртүү киргизүү керектиги, салыкчынын абалын жеңилдетүү жөнүндө жыйында арбын кеп болду. “Консультант” компаниясынын жетекчиси Сергей Собконун айтуусунда, салык мыйзамында өзгөрүлгөн шарт-жагдайдын талабы сөзсүз эске алынышы керек.

- Биз башка учурда жашап жатабыз. Компаниянын кошумча нарк салыгы боюнча карызы бар дейли. Салык кодексиндеги эң катаал 208-, 279-беренелерде кошумча нарк салыгын алдын-ала озунуп төлөө керектиги белгиленген. Компания сатылууда. Жоюлуп бараткан компанияга же аны уюштуруучуларга алдын-ала төлөгөн кошумча нарк салыгынын кайтарылып берилиши да күмөн. Буларды такташ керек.

Салык кеңешчилер палатасынын төрайымы Татьяна Кимдин эсеби боюнча, кошумча нарк салыгы кыйла азайганы салыктардын чогултулушуна терс таасир тийгизген жок.

- Быйыл бизде импорт көлөмү кыйла эле азайды. 20% төмөндөдү. Анан да бизде азык-түлүктүн, күйүүчү майдын баасы түштү. Мындай шартта кошумча нарк салыгынын чогултулушу 40% азайбастан, 20% тегерегинде гана төмөндөдү.

Экономикалык өнүгүү негизинен токтоп, салык өлчөмдөрү азайып жаткан чакта салыктардын арбын чогултулуп жатышын адистер бизнестин коңулдан чыгышына, коррупция тизгининин азыноолок тартыла башташына байланыштырышууда. Экономикалык эксперт Рафкат Хасановдун ырасташынча, салык өлчөмүнүн азайышы салыктардын жыйналышына оң таасирин тийгизди.

- Мен такай жалаң эле салык өлчөмдөрүнүн азайышы экономиканын өнүгүшүнө шарт түзбөстөн, коррупциянын азайышы да өбөлгө түзөрүн айтып келатам. Андайда ачык иштөөгө караганда жашырын иштөө дурус.

Жыйында экономикалык өнүгүү жана соода министринин орунбасары Айдар Мокенов Салык кодексин өзгөртүү боюнча иштеп жаткан ведомстуктар ортолук комиссияга 500 ашуун сунуштар түшкөнүн, алардын көпчүлүгү киреше салык, кошумча нарк салыгы, сатуудан алынчу салыктарга байланыштуу экенин маалымдады.

Салыктар жана жыйымдар мамлекеттик комитетинин жооптуу кызматкери Нургазы Мамбеткадыров жаңы Салык кодексинде айрым салыктар өлчөмү кадыресе азайганын белгилеп, анткен менен кыймылсыз, кыймылдуу мүлк салыгын жыйноо жаатында олуттуу дегидей проблемалар чыгып жатканын билдирди. Салыкчынын айтымында, көп жерлерде ушу кезге чейин кыймылсыз мүлк ээсинин тиешелүү документтери жок. Салыкчылардын автоунаа ээлеринен чогултчу салыгы да кыйынга турууда. Айдоочулар салык төлөш үчүн кыйла убакыт аягы көрүнбөгөн кезекте турушка мажбур.

XS
SM
MD
LG