Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Бишкек-Торугарт кан жолун оңдоого каражат бар


Бишкек-Торугарт кан жолу
Бишкек-Торугарт кан жолу

Азия Өнүктүрүү Банкынын каржылык колдоосу астында быйыл Бишкек-Торугарт жолунун эң татаал эки бөлүгүн оңдоо иштери башталмакчы. Аталган эл аралык уюм Кыргызстандын энергетика, транспорт жана соода тармагын өнүктүрүүгө БАРЕК программасынын алкагында жыл сайын 60 млн. доллар берип жатат.

Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен иштеп жаткан Борбордук Азия Регионалдык Экономикалык Кызматташтык (БАРЕК) программасы ага кирген сегиз өлкө (Кыргызстан, Таджикистан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайджан, Ооганстан, Кытай, Монголия) менен транспорт, энергетика жана соода тармактары боюнча иш алып барат.

Булардын ичинен Кыргызстанда өзгөчө транспорт тармагына басым жасалат. БАРЕК программасынын алкагында 2010-жылга чейин Кыргызстанга, аталган банктан 379 миллион АКШ долларынан ашык каражат бөлүнгөн. Бул акча Алматы-Бишкек, Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт өңдүү ири жолдорду оңдоого багытталган.

Бул багытта жасалган иштердин жыйынтыгын көрүү жана келечекке багытталган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча регионалдык кызматташтык департаментинин директору Шигеко Хаттори айым 25-февралда Бишкекке келип, Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри өңдүү өкмөт мүчөлөрү менен жолугушту.

Кыргызстандагы жолдордун абалынын жакшырышы Борбордук Азияда соода тармагынын өнүгүшүн ыңгайлуу кылаарын белгилеген Шигеко айым, жасалган иштер жана жалпы кызматташтык тууралуу Азаттыкка буларды айтты:

- Биз Кыргыз Республикасынын бул багытта жасап жаткан иштерине абдан канааттанабыз. Кыргызстан биздин программадагы иштердин аткарылышында Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн ичинде алгачкы катарларда турат. Айрыкча, Борбордук Азия Регионалдык Экономикалык Кызматташтык программасы бул өлкөдө тез ылдамдык менен иштөөдө.

Расмий маалыматтар боюнча жолдорду куруу жана оңдоо иштерине бөлүнгөн каражат акыркы төрт жылдын ичинде сегиз жарым эсеге көбөйгөн. 2005-жылдан бери Кыргызстандагы 2242 чакырым эл аралык магистралдын 590 чакырымы ишке кирди. Ушул тапта дагы 382 чакырым жол курулуунун үстүндө.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу тобунун координатору Султан Сарбагышевдин айтымында БАРЕК программасынын колдоосу менен 2009-жылы өлкө боюнча жолдорду оңдоо боюнча бир нече ири долбоорлор ишке ашкан:

- Ошол Азия Өнүктүрүү Банкынын эки долбоору быйыл башталат. Ал үчүн кредиттик келишимдерге кол коюлган. Ага ылайык Бишкек-Торугарт жолунун эң татаал эки бөлүгүнүн курулуш жана оңдоо иштери башталуу алдында.

Жолдорго мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттар аз өлчөмдө болгондуктан алар жолду тазалоо иштерине эле жетет. Ошондуктан ири жолдорду оңдоп-түзөө үчүн көбүнесе чет жактан инвестиция тартуу шартка ылайык. Бирок инвестициялар келгени менен кээ бир адистердин айтымында, өлкөдөгү жолдорду куруу жана оңдоого каралган каражаттар көп учурда максатуу пайдаланылбайт.

Мисалы, экономист Оруйпа Сулайманованын айтымында, кайсы бир адамдардын жең ичинен иш кылууларынын натыйжасында бул иштер максатына жетпей, жолдор оңдолду деген менен алардын сапаты талапка жооп бербей жатат:

-Мындан ары келип жаткан акчалардын пайдаланылганына караганда, ошол акчалар аркылуу оңдолгон жолдордун сапатына катуу көңүл бурулса жакшы болмок. Жолдун сапатына жараша акчанын сарпталышы керек болчу. Сапатына карабай эле мынча акча кетти деп коюшат. Балким ал каражаттардын 40 же 50 пайызы эле жумшалгандыр, ким билет. Калганы кайсы чөнтөккө түштү билинбей калып жатпайбы...

Энергетика, соода жана транспорт тармагы, анын ичинен жолдорду куруу жана оңдоо иштери боюнча БАРЕК программасынын алкагында Азия өнүктүрүү банкы менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтыкты дагы он жылга узартуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG