Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Кыргыз мектебинен түз Оксфорд университетине


Өлкөдөгү айрым орто мектептер эл аралык мейкиндикке чыгуунун жолун издеп жатат. Мунун жөнүн адисттер сапаттуу билим берүүгө жасалган кадам катары сыпатташууда.

Бермет Бишкек шаарындагы №13- мектептин 2-классында окуйт. Аны мектепке берээрде апасы Чынара тандап жүрүп, акыры чүрпөсү чет тилин терең өздөштүрсүн деген максатта ушул жерге окуткан. Чынара айымдын пикиринде, эгерде мектептин сапаттуу билим берүү мүмкүнчүлүгүнө көз жетсе, аны колдон чыгарбай кармап калуу керек. Анткен менен азыркы учурда мыкты билимдин баасы да мыкты болуп эсептелет.

- Биз алгач бул мектепке кызыбызды бергенде он беш миң сом жардам көрсөткөнбүз. Анан азыр ай сайын миң сом кетет. Менин оюмча балага акчаны аябаш керек. Албетте бирибиз андай акчаны, табабыз, бирибизде жок дечи. Көпчүлүгү мектеп акча сурай берет, деп айтышат. Бирок сапаттуу билим үчүн ошол каражат талап кылынса, тапса болот да. Мектепти бүткөндөн кийин бала Оксфорд университетинде окуп калса жаманбы?

Быйыл бул мектеп Оксфорд унивеситети менен келишим түзүп, анын пилоттук мектебине айланган. Мектептин деректири Гүлайым Алиеванын айтымында, азыр мамлекеттин колун эле карап олтуруу мүмкүн эмес. Анткени билим берүүдөгү стандарт жаңыланып туруусу керек. Ал үчүн ата-эне да, мектеп жамааты да кызыкдар болушу керек.

- Азыр рынок шартында кантип өнүгуүүнү ойлонушубуз керек. Мектепте бир орунда өзгөрүүсүз туруу - бул өзүн өзү жоготуу дегендик. Биз балдарга, колдо болгону ушул деп кызыксыз эски нерселерди эле таңуулай берсек, билимдин сапаты кете баштайт. Азыр биз эл аралык мейкиндикке чыгууга аракет кылуубуз керек. Ошондуктан биз жаңы структурага кадам койдук. Азыр келишимдин шартында окуу куралдарды, кызыктуу китептерди алабыз. Көп китеп болгондо, андан балдар үчүн абдан пайдалуу көп нерсени таап берүүгө болот.

Бирок акчасы көп кишинин гана баласына мыкты билим ала алат деп айтуу мүмкүн эмес, дейт деректир. Мисалы, бул мектепке балдар катаал сынактан өтүп гана кире алышат. Ал эми баланы окууга кызыктыруу бул ар бир үй-бүлөнүн шартына, түшүнүгүнө жараша болот.

- Бир жактуу айтуу мүмкүн эмес. Азыр үй-бүлөнүн маданияты, деңгээли ар башка. Мурун совет мезгилинде кандайдыр бир деңгээлде бирдей болчу. Азыр маданияттан аксаган үй-бүлөлөр көп, балдары менен таптакыр иши жоктор да бар, өз балдарынын келечегин ойлоп азыр чуркап жүргөндөр да арбын, кийин баарын акчага сатып берем дегендер андан көп. Эн негизгиси азыр мектептерде иштөө кыйын. Өзүбүздү өзүбүз гана көтөрүп келебиз. Азыр жакшы мектептерди сактап калуунун жолун ойлоо керек.

Бишкекте эле азыр жыйырмадан ашык жеке менчик мектеп бар. Алардын шарты, билим берүү деңгээли жалпы билим берүү мектептеринен, төлөнгөн акчасына жараша айырмаланып турат. Ушундан улам анда каалаган эле үй-бүлөнүн бала окутууга чама-чаркы келбейт.

Билим берүү боюнча адис Кылым Сыдыкназарованын айтуусунда, азыр мамлекеттик мектептерде да өздөрүнүн автордук программаларын бекитип, терең билим берүү үчүн окутуунун жолдору иштелип чыгууда. Келечекте мындай мектептер сапаты жагынан жеке мектептерден калышпаган билимканаларга айланышы мүмкүн, дейт адис.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG