Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Мугалимдер катары картаюуда


Мугалимдер майрамынын алдында мыкты мугалимдердин республикалык сынагы болуп өттү.

Мугалимдер майрамынын алдында мыкты мугалимдердин республикалык сынагы болуп өттү.

Октябрдын биринчи жекшембиси мугалимдердин кесиптик майрамы. Кыргызстанда соңку жылдары педагогдук кесиптин аброю түшүп, мектепте иштегиси келген жаштар азаюуда.

Азамат аттуу жигит учурда педагогикалык окуу жайдын студенти. Бирок келечектеги тарыхчы окууну аяктаган соң өз кесиби боюнча иштөөнү каалабайт:

- Мен окууну аяктаган соң мугалим болуп иштебейм. Менин ата-энем азыр эле тааныштарынын жеке фирмасына сүйлөшүп жатышат. Кийин ошол жакка жумушка кирем.

Азаматтын айтымында, анын курсташтары арасында мугалимдик кесипти аркалайбыз деген кыз-жигиттер өтө эле аз. Көптөр эптеп диплом алсак, андан ары башка эле жакшыраак маяна төлөй турган ишке орношобуз деген ойдо:

- Менин бир досум окууну аяктаган соң күч структураларына ишке кирем деп атат. Дагы бирөө диплом колго тийсе эле Орусияга жөнөйм деп турат. Мугалим болууну көптөр каалабайт.

Расмий маалыматтар боюнча учурда өлкөгө үч миңден ашык мугалим жетишпейт. Мектептерде эмгектенип жаткан мугалимдердин 75 пайыздан жогорусу- жашы кырктан өткөн жана эс алууга чыккандар. Мисалы, борбордогу №13 мектеп-гимназиясынын завучу Роза Буйлекееванын айтымында, кыргыз тил жана адабият боюнча сабак берген мугалимдердин арасында бир дагы жаш кадр жок:

- Мен 1989-жылы кыргыз тил мугалими болуп ушул мектепке киргем. Андан кийин, 90-жылдары да бир топ кыргыз тилчилер ишке орношкон. Бирок андан бери бир дагы жаңы, жаш кадр бизге келе элек.

Ушул тапта стажы жок, ишке жаңы орношкон мугалим орто эсеп менен 1700 сом маяна алат. Буга кошумча каражат табам дегендер класс жетекчи болуп, ийримдерди өткөрүп, эң эле көп дегенде маянасын эки жарым миң сомго жеткире алат. Кымбатчылык болуп, баалар асман чапчып турганда мындай маяна менен жаштарды мугалим болууга тартуу өтө оор. Андыктан бул маселенин үстүндө бир топ иштерди аткаруу керек дейт Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов:

- Биринчиден, мугалимдердин маянасын жогорулатуу зарыл. Экинчиден, аларга социалдык жактан жардам берүү керек. Мисалы, мурда өкмөт мугалимдердин отун-суусун камдап, жер-жерлерде аларга үй салып берчү. Мына ошондой иштерди аткаруу керек. Ошондой эле жалпы эле билим берүүгө болгон көз карашты оңдоо зарыл. Эгерде жогоруда сөз болгон иш-аракеттерди жасабасак, анда билим берүү тармагын жоготуп алабыз.

Билим берүү министрлиги мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү, жаш кадрларды колдоо максатында бир нече жыл мурда “Жаш мугалимдин депозити” программасын кабыл алынган. Бул программа боюнча сынактан өткөн, өз кесиби боюнча иштеген жаш педагогдордун банктык эсебине айына эки миң сом которулуп турат.

Бирок адистердин көбү бул долбоор мугалимдер тартыштыгын чечүүгө анчалык деле чоң жардам бербегенин, андыктан башка механизмдерди иштеп чыгуу керек экенин айтышууда. Антсе да буга карабай аталган долбоор ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин өкүлү Калыс Шадыханов “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Сын пикирлер айтылганы менен учурда аталган долбоор иштеп эле жатат. Быйыл ага 2400 дөн ашуун жаш кадр катышып атат. Бул былтыркыга салыштырмалуу беш жүз адамга көп. Эмдиги жылы дагы 500 жаш мугалимге сынак уюштурууну көздөп атабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG