Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Чүй: Кымбат күндөлүк жана кысталган ата-эне


Чүй областында ата-энелер окуу жылы аяктап калганда окуучуларга кымбат баадагы күндөлүк таңууланып жатканына нааразы болуп жатышат. Алдыңкы мектептердин сүрөттөрү жана райондун кыскача тарыхы жазылган күндөлүктү райондук билим берүү бөлүмдөрү мектептерде 30 сомдон саттырууда. Бул ишке укук коргоочулар киришип, арзан күндөлүктү окуучуларды кыстап ашкере кымбат сатууда деп райондук жетекчилерди сынга алышууда.

Аймактагы билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары болсо бул демилге облустук бийлик тарабынан колдоого алынганын белгилешет. Алардын бири Москва районундагы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жайыл Иманалиевдин билдиргенине караганда, күндөлүк сатуу азыркы муктаждыктан улам келип чыккан.

- Бул туурасында ар бир райондогу билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары демилге кылышты. Аны облустук деңгээлде да жактырышканын айта кетейин. Азыр окуучуларга күндөлүктү өтө кымбатка алып беришет. Арзан күндөлүктөр болсо жыл аягына жетпей түгөнүп калат. Анын үстүнө ал күндөлүктөрдүн бетинде чет өлкөлүк жылдыздардын жарым жылаңач болгон сүрөттөрү бар. Анын баары окуучуларга терс таасир берет. Андыктан аймак боюнча демилге көтөрүп окуучулар үчүн атайын ыңгайлуу күндөлүк чыгарууну ойлондук. Анын ичинде окуучулар үчүн керектүү көп маалыматтар камтылган. Баасы деле өтө кымбат эмес.

Аймактагы жергиликтүү укук коргоочулардын бири Сапар Аргынбаевдин билдиргенине караганда, билим берүү бөлүмдөрү тарабынан сунушталган күндөлүктөрдүн дүң баасы базарда 7 сом гана турат. Алар болсо окуучуларга 30 сомдон сунуштоодо.

- Азыр ата-энелерди ар тараптан кыстоого алып жатышат. Алар сунуштаган күндөлүктүн бетине акимдин окуучулар менен түшкөн сүрөтү гана болбосо мурункулардан айырмасы жок. Район туурасында үч сүйлөмдөн ашпаган кенедей маалымат бар. Барактары деле кырктан ашпайт.

Жаркынай Турсунова ( Мураке айылынын тургуну):

- Менин төрт балам бар. Өткөндө балдарым күндөлүк үчүн акча чогултушту. Улам бири акча сурап келе бергенинен улам атайын мектепке бардым. Мугалимдер күндөлүктү милдеттүү түрдө алышыбыз туурасында түшүндүрүштү. Жок дегенде баасын 10 сом же 20 сом кылбайсыңарбы десем болбой коюшту. Райондон ошондой буйрук келген имиш. Кандай болгон күндө да мендей көп балалуулар үчүн 120 сомду табуу деле оңой эмес.

Москва районундагы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жайыл Иманалиев, “ата- энелердин мындай нааразылыктарына кошулбайм, мугалимдер күндөлүктөрдү күчкө салып тараткан жок, болгону сунуштап жатышат”, -деп билдирди “Азаттыкка”.

Аймактагы жергиликтүү укук коргоочулар болсо муну шайлоо алдындагы акча чогултуунун бир түрү катары баалашууда.

- Кризис элди кыйнап жатканын көрүп туруп, күндөлүктөрдү ойлоп тапкандарына жиниң келет. Бул акча табуунун эле бир түрү. Арзан күндөлүктү кымбатка сатып, ортодо бирөөлөр пайда көргүсү келгени билинип эле турат. Болбосо шайлоо алдында ушундайча акча чогултууну ойлошкондур. Азыр ата-энелердин эле чөнтөгүнө күч келип жатпайбы?- дейт укук коргоочу Уран Рыскулов.

Учурда аймактагы бир катар укук коргоочулар бул маселеге киришип, бир топ айылдарда азыр күндөлүк сатуу токтоп турат. Райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары күндөлүктөн бир сом дагы пайда түшпөстүгүн, ал карапайым элдин чөнтөгүнө гана ыйгайлуу экенин айтышууда.

Билим берүү министри Абдылда Мусаевдин аймактагы райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн күндөлүк сатууга байланышкан демилгеси туурасында эч кандай кабары жок. Ал жогорудагы ишти териштирип анан гана толук жооп бере тургандыгын “Азаттыкка” билдирди.
XS
SM
MD
LG