Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

А. Мамбеталиев: Ректорду Президент дайындаганы жакшы башкаруу эмес


Кыргыз бийлиги улуттук макамын алып жүргөн жогорку окуу жайлардын ректорлорун шайлоону токтотуп дайындоо жолуна өтүп жатат. Жакында Улуттук Университеттин ректорун президент К. Бакиев өз Жарлыгы менен дайындады. Бул маселе боюнча “Азаттыкта” эл аралык билим берүү боюнча эксперт Аскарбек Мамбеталиев ой-пикир бөлүштү.

- Аскарбек мырза саламатсызбы? Сиз тараткан маалыматка караганда жогорку окуу жайларынын ректорлорун президенттин дайындашы жакшы жышаан эмес деген пикириңизди айтыптырсыз, анын чоо-жайын айта кетсеңиз?

- Менин айтып жаткан себебим президент тарабынан ректорлорду жана башка коомдук лидерлерди дайындаш бул жакшы башкаруунун принциптерине дал келбегени үчүн мен тынчсызданып, бир чети президентти коргош үчүн, экинчи четинен коомду коргош үчүн ушундай кеңеш айтып атпаймбы. Анткени университет деген бул коом, коом өзүнүн лидерин өзү тандаса, ошол лидер өзүнүн коомуна жоопкерчиликтүү болуп, ал ошол коом үчүн иштей турган болот.

Аягында суммасында келип чыгып коомдор өнүгүп, президенттин легитимдүүлүгүн күчөтөт. Эгерде президент коомдун лидерлеринин баарын өзү шайлай бере турган болсо, анда бүт жоопкерчилик коомдун жетекчилеринде эмес, президенттин өзүндө болот дагы, аягында талап президентке катуу болуп, аны бүт эл чогулуп келип алып ыргытышы мүмкүн. Мен ошого тынчсызданып атам.

- Президент Курмабек Бакиев айтып жатпайбы, коррупция ак үйдө жок, негизинен жогорку окуу жайларында деп. Чындыгында эле коррупция жогорку окуу жайларындабы?

- Ак үйдө коррупция жок дегени, бул жагын президент аны анча жакшы түшүнбөй жаткандыгында болуп жатат. Коррупция деген сессия убагында стунденттер берген анча-мынча акча эмес да. Коррупция деген чоң, терең, анын мааниси алда канча башкача. Коррупция деген туура эмес саясат, ыймансыздык, моралдык коррупция деген да бар. Ошондуктан президент коррупция дегенди өзү жакшы түшүнбөйт экен.

- Аскарбек мырза, бүгүн оппозиция биригүү тууралуу Билдирүүгө кол койгон атпайбы. Ушуга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Протест деген бул өзү жакшы нерсе, бул элдин үнү. Аны жогорку жактагылар жек көрбөш керек, адамзат тарыхында ар дайым протесттер болуп келген жана ошонун айынан жакшы башкаруу, коом тазарып, агарып турган. Ал эми биздин мамлекет болсо ошого жооп катары эки гана жол бар же реформа, же репрессия.

Биздикилер тилекке каршы репрессия жолун тандап аткандыгы туура эмес. Ирандын убагында революция болгондо шахты кандай алган болсо, ошондой кайталганы жатат. Ал айлана-тегерегиндеги туура эмес маалыматтарга көп көңул буруп, өзүнүн ой жүгүртүүсүн чынчыл пикир менен карабай, аларга баш ийип, акыр аягында элди атып, качып барып туруп Египетте өлгөн.

Ал өлгөндөн киийн кан ичкич өлдү деп жарыялады. Бирок бул эл андан бактылуу болуп кеткен жок. Ошондуктан президент репрессия эмес, кескин реформаларды кайталаш керек болчу. Азыр Кытайдан алма жеп аткан бул өзүнчө эле уят.

- Ал эми бүгүнкү сиз айтып аткандай саясатты кандай жүргүзүш керек президент?

- Президент азыр кескин чукул реформаларды жүргүзүш керек, репрессияны токтотуш керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG