Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Көпчүлүк балдар турмуштун оор жүгүн ата-энеси менен кошо тартып, көчөдө иштеп акча табам деп, окууга барып-барбай журуп, акыры таптакыр мектеп менен кош айтышат. 14 жаштагы Алтынай Ош базарында тараза тартып олтурат. Быйыл сегизинчи класста окуй турган бул кыз азыр араң үчүнчү класста окуйт. Ага да анда-санда барып, убактысынын көбүн базарда өткөрөт. Анын айтуусунда, апасы бала менен үйдө олтурат, иниси болсо оорулуу. Жалгыз акча тапкан Алтынай. Эмгек жана социалдык өнөктөштүк башкармалыгынын адиси Вера Сасыкбаеванын айтымында, азыр мектептен калган балдардын көпчүлүгү жакыр үй бүлөдөн гана эмес, орто жашаган үй-бүлөлөрдө да көбөйө баштаган:

- Жалаң аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары окуудан калды деп айталы десек, орто жашагандардын, мисалы фермердин балдары ата-энесине жардам берип жүрүп, окуудан калып, акыры жетишпей программадан артта калып,өзүнөн өзү чүнчүп, таптакыр окубай калып жатат. Ата-энелери болсо буга кайдыгер карашат. Ата-эне баланы көзөмөлдөбөсө, албетте бала окуу менен иши жок болот.

Ал эми укук коргоочу Назгүл Турдубекова, балдардын окубай калып жатышынын дагы бир себебин жөнөкөй мектептердин лицей, гимназияларга айланып кеткенинен көрөт. Анткени ал жерде “Акчаң болсо, жалан бешке окуй алсан оку, шартың жок болсо кет” деген принциптер орун алган:


- Биздин изилдөөбүз боюнча, Лебединовкадагы мектеп-гимназияда ата- энелерден абдан көп арыздар түштү. Мектепте “ акчаны төлөгөн жоксуң, жакшы окуган жоксуң” деп балдарды кетүүгө мажбур кылышкан. Бүгүнкү күндө балдардын укугун коргоого көңүл бурулбай жатат. Билим берүү системасында балдардын билими эмес , балдардын взносуна көбүрөөк көңүл бурулуп жаткандай. Жакшы окуган балага көңүл бурулганы менен, орто окуган балдарды өнүктүрүүго кызыкчылык жок калды.


Ал эми билим берүү министринин орун басары Анатолий Иванниковдун ою боюнча, арзан билимдин сапаты да ошого жараша начар болот. Анткен менен азыр жалпы билим берүү мектептеринде мамлекеттин эсебинен акысыз билим берилет. Айрым ата-энелер өздөрүнүн балдарынын келечеги үчүн кошумча сабактарды киргизүү демилгесин көтөрүп жаткандыктан, андай сабактарга өздөрү акча төлөп окутушат. Аны менен кошо эле мектептин баардыгы акча сурашат деп айтууга болбойт:


- Албетте азыр бул көйгөйгө даба болчу бир мыкты ыкма таап, ошону менен маселени чечип коебуз деп айта албайбыз. Ар бир киши индивидум.Демек , ар бир балага жеке мамиле талап кылынат. Анткени ар бир баланын мектепке барбай калышынын себеби ар башка. Ошондуктан биз бул проблемага тиешеси бар бардык мекемелердин өкүлдөрү менен бирдикте маселени ар тараптан изилдеп, акырындап чогуу иш алпарсак деп жатабыз.


Жакында Ички иштер министрлиги менен билдикте билим берүү министрлиги “Кайрадан мектепке кайтуу” рейдин өткөрүп, анын негизинде мектептин көз жаздымында калган балдар кайра мектеп партасына олтургузулган. Ал эми социалдык жактан коргоо министрлиги ушул тапта кичинекей көлөмдө болсо да аз камсыз үй-бүлөлөргө ар кандай жеңилдиктерди , пособияларды берип келишет. ЮНИСЕФтин өкүлү Тим Шафтердин айтуусунда, мындай аракеттерден биринчи ата-эне балага окуу биринчи кезекте экендигин жеткирүүсү керек:


- Үй-бүлөнүн баланын психологиясына таасири чоң болот. Бүгүн тегерек столдо сезондук иштер башталганда балдар таптакыр окууга келбей тургандыгы айтылды. Жумуштан биринчи окуу балага пайдалуу экендигин сездирүү керек. Мугалимдер ,жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, ал гана эмес аксакалдар сотуна чейин түшүндүрүү иштерине катышуусу керек. Ар бир багыт өз милдетин так аткарса жалпы жыйынтык көрүнөт.


1990-жылдардын башында республика боюнча 47 кечки билим берүү мектептери бар болчу. Азыр болсо алардын ону гана иштейт. Бүгүнкү күндө мектептен узак убакыт калган балдарды кабыл алууга мектептер даярбы? Иванниковдун айтуусунда, мектептер албетте балдарды кабыл алат, бирок ар кандай кыйынчылыктардан оолак болуу үчүн мындай категориядагы балдарга атайы программа, методикалар иштелип чыгып, атайы педагогдор даярдалышы керек. “Бул болсо эртең эле бүтө калчу иш эмес”,-деп билдирди Иванников.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG