Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Майлуу-Суудагы мектептен чыккан чуу


Мектеп босогосун аттаган 1-класс окуучулары. Алдыда 11 жыл турат.
Мектеп босогосун аттаган 1-класс окуучулары. Алдыда 11 жыл турат.

Майлуу-Суу шаарындагы № 5-мектептеги мугалим окуучусун классташтарынын алдында басмырлаган чатакты териштирүү үчүн Билим жана илим министрлиги комиссия түздү. Агартуу тармагындагы адаттан тыш окуя парламентте да талкууланганы турат.

Майлуу-Суу шаарындагы № 5-мектептин мугалим эжейдин 9-класстагы окуучуга кол көтөрүп, катуу тилдеп жатканы окуучу балдардын бирөөнүн чөнтөк телефонуна тартылып калбаса, ал деле көп мектептерде болчу кадыресе көрүнүш катары кала бермек. Чатактан башы чыкпаган мектепте өткөн жылдын күзүндө бузулган тамактан окуучулар ууланып чоң чуу түшкөнү көпчүлүктүн эсинде.

Интернет аркылуу жалпыга жайылып кеткен видетасмада окуучусун жакалаган тарых мугалимдин гана үнү чыгып, жарданган окуучулар эмне кыларын билбей турушат.

Отуз жыл ашуун мектепте иштеп келаткан Ысык-Ата районундагы Ивановка орто мектебинин мугалими Давлатбек Боронов Майлуу-Суудагы окуяны жаңы эле укканын айтып, андай көрүнүш көп мектептерде болорун жашырган жок.

- А бирок көп окуучулар айтпайт, жанагындай коомчулукка аны чыгарбайт. Бул жалгыз болгон окуя эмес, мындайлар көп. Ата-энеси да айтат: “Кой балам, мугалим өчөшүп калбасын, балам бүтсүн”, дейт. Мугалим өчөшүп калса өмүр бою жектей берет. 8-класста болсо 11-классты бүткөнчө өчөшө берет. Мындай мугалимдер бар. “Бир карын майды бир кумалак чиритет”, мугалимдер арасында бар андайлар.

Сузак районундагы элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору Бекей Абдыкалыков Майлуу-Судагыдай педагогикага жат көрүнүш жоголуп баратат, деген пикирде.

- Азыр бизде андай жок. Мындан 7 жыл мурун бир мектепте болгон. Бир эжеке чыбык (указка) менен окуучуну бир койгон экен. Ошо боюнча жок азыр.

Анткен менен ушу тапта мектеп турмушунда коомдогу жат көрүнүштөрдүн дээрлик баары кездешери көпчүлүккө дайын.

Мектеп окуучуларынын күчтүүсү күчсүзүн талап-тоноп алышы, уруп-токмоктоп койгон учурлар арбын экени дамамат айтылып келатат.

Бирок да көнүмүшкө айланып айланып кеткен мындай окуялар дайым эле укуктук баасын ала бербейт. Анын үстүнө мектепке мурдагыдай көңүл бурулбай калганы мугалимдик айла жоктун оокатына айланып кеткени деле жашыруун эмес.

- Мектепке капыстан кабылып калган мугалимдер көп. Башка жерден иш таба албай, айла жоктон мектепке келгендер толтура. Өз ишин мыкты билген профессионал мугалимдердин көбү менчик мектептерге же бизнеске өтүп кетишти. Болбосо айлыгы дурус компанияларга, долбоорлорго орношуп алышты. Мектепти болсо калдык принциби менен жабдып жатабыз, - дейт парламент депутаты, “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү Галина Куликова.

Г.Куликова Майлуу-Суудагы № 5-мектептин маселеси парламенттин тийиштүү комитетинде карала тургандыгын кошумчалады.

Анын ырасташынча, “ мугалимдин окуучусуна кол көтөргөн жоругу жалпы республикалык масштабдагы чуу”.

Майлуу-Суудагы окуя, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын пикиринде, коом чалдыккан жалпы илдеттин бир көрүнүшү.

- Биз жабык жайларда, түрмөлөрдө, психооруканаларда кыйноо бар, урат, деп айтабыз. Анан (аткаминерлер андай өнөкөт) "жок" дешет. Чынында мектеп деле ошол болуп жатпайбы.

Билим, илим министрлиги түзгөн комиссиянын жыйынтыгына жараша маселе парламентте каралмакчы.

Ошентип Майлуу-Суудагы № 5-мектептин чуусу кыйлага созулчудай болуп турат.

А бирок, укук коргоочунун айтымында, мектепке мамлекет тарабынан чындап көңүл бурулмайын, мугалимдиктин коомдук кадыр-баркы көтөрүлмөйүн алдагыдай окуялар кайталана бериши толук мүмкүн.

XS
SM
MD
LG