Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Кыргызстанда сабатсыздар көбөйүүдө


Сабаттуулуктун төмөндөшүнө балдардын базарларга чыгып, мектепке барбай калышы да себеп болууда
Сабаттуулуктун төмөндөшүнө балдардын базарларга чыгып, мектепке барбай калышы да себеп болууда

БУУнун балдар уюму - ЮНИСЕФтин иликтөөсүндө Кыргызстанда элет окуучуларынын токсон пайызы окуусун үзгүлтүккө учуратары аныкталган.

ЮНИСЕФ уюмунун жүргүзгөн иликтөөсү өлкөдөгү мектепке барбаган балдардын саны 50 миңге чукул деген жыйынтык берди. Ошондой эле адистер сабаттуулукту жоюу багытында Эл аралык уюмдар менен мамлекет өз алдынча эмес, чогуу-чаран иш алып барганда гана жакшы натыйжа чыгат дешет.

Айрым адистер билим берүүдөгү сабаттуулуктун төмөндөшүнө балдардын талаада жана башка жумуштарга тартылып мектепке барбаганы, айрым мугалимдердин өз ишине көңүл кош караганы себеп болуп жатканын айтышууда.

Бир топ жылдар бою Пакистан, Ооганстан, Индия жана Канада өлкөлөрүнүн билим берүү системаларын изилдеген, учурда Кыргызстандагы Борбордук Азия университетинин илимий кызматкери болуп эмгектенген Дүйшөн Шаматов сабаттуулук жаатында Совет убагындай мактана албайбыз деген пикирде:

- Акыркы жылдары Кыргызстанда элдин сабаттуулугу төмөндөп бара жатат. Ага оор турмуштун айынан балдардын мектепке эмес, базарга тартылганы себеп болууда. Кыргызстанда 1920-жылы сабатсыздыкты жоюу боюнча ири кампания жүргүзүлө баштаган. Бул жылы 9 жаштан 49 жашка чейинки өлкө жарандарынын 3 гана пайызы сабаттуу деп табылса, 1979-жылдары бул көрсөткүч 99 пайызга өскөн. Ал эми учурда калктын сабаттуулугу мындан алда канча төмөндөп бараткандыгы байкалат. Айыл жергесинде бул олуттуу маселе бойдон турат. Дагы деле пенсия жашындагы мугалимдер иштеп, мен мугалим болом деп катырып иштеген жаштарыбыз жок болуп жатат.

Кыргызстандагы Билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытов Билим берүү программалары жана системасы эл аралык документтин негизги талаптарына жооп бере тургандыгын айтат. Бирок Абакир Мамытов бизде эл аралык стандарттан айырмаланып, мектептердеги окутулган сабактардын саны жана сааттардын көптүгү окуучуларга оор болуп жаткандыгын белгиледи:

- Кыргызстандын билим берүү тармагынын дүйнөлүк мейкиндикте өзүнүн орду бар. Биздин мектептерде 24-25 сабак окутулса, дүйнөлүк тажрыйбада 16-17 сабак менен чектелет. Андан сырткары бизде окуу сааттары да абдан көп экен. Ошолорду эске алып, быйыл жаңы окуу жылында булар кыскартылды. Бул да окуунун сапатын жогорулатат деп ишенебиз.

Ал эми Билим жана илим министрлигинин өкүлү Канат Садыков мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатып, техникалык жактан каражаттар туура пайдаланылса сапат жогорулайт деген ойдо.

- Сабаттуулук чындап айтканда, мугалимден башталат. Эгерде мугалим ар кандай сабакты кызыктырып, оюндар менен өткөрсө балдардын кызуугусу да артат. Ички потенциал колдонулбай жатат. Тажрыйбасы жок жаш мугалимдер көбөйдү.

8-сентябрь - эл аралык сабаттуулук күнү. Бул күн 1966-жылы «Билим берүү министрлеринин сабатсыздыкты жоюу боюнча бүткүл дүйнөлүк конференциясынын» сунушу менен ЮНЕСКО тарабынан бекитилген. Учурда жер шарындагы калктын төрт миллиардга жакыны сабаттуу деп саналганы менен, канча миллиондогон адамдар үчүн сабаттуулук ишке ашпаган максат бойдон калып келет. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө калктын жыйырма пайызы сабатсыз деп эсептелсе, жүз миллионго жакын бала мектепке барбайт.
XS
SM
MD
LG