Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:15

Айылдан келип билим алууну калаган жаштар батирден батирге көчүп же тааныштарында жашап окушат

Баткен мамлекеттик университетинин ачылганына он жылга чукул убакыт өткөнү менен башкы бөлүгү жайгашкан Баткен шаарында студентер алиге чейин алар үчүн жатакана жок экендигине нараазы. Самаркандек айылынан келип эки жылдан бери таякесинин үйүндө жашап окуп жаткан экинчи курстун студенти таякесинен уялдыбы, атын айткысы келбеди. Жашаган жери окуу жайдан кыйла алыс болсо да айла жок дейт. Сабактан кийин бош убактысын болсо үй жумушу менен өткөрөт.

-Мен өзүм БатМУда окуйм. Бул жак окуу жайга алыстык кылат. Айла жок. Таякемдин балдарына каралашып турам. Досторум да мендей болуп жакындарыныкында турушат, кээ бирлери беш-алты кыз биргелешип ар бири 500 сомдон төлөп батирде турушат.

Ал эми Лейлек районунан келген Фуркат алты бала чогулуп, жети ай дегенде араң ижарага үй алган. Анан да ижара акысы кымбаттап кеткенин айтат:

-Өзүм Лейлек районунан Андарак айылынан келгем. Азыр Баткенде батир табуу кыйын болуп калды. Март айынан баштап издеп жүрүп сентябрда гана ижарага үй алдык. БатМУда жатакана болгондо ушундай көйгөлөр болбойт эле да. Кээ бир батирлерге барсам кыздарды эле алабыз дешет. Анан да мурда 200 сом төлөп жашап келсек эми 450 сом төлөөгө туура келип калды.

Ал эми облустук жетекчиликтин маалымат катчысы Мамажан Бердишов окуу жайда аз убакытта эле бир топ ийгиликтер жаралганын айтып, Баткенде да жаткана үчүн жер караштырылып жатканын билдирди:

-БатМУнун ачылганына 10 жыл аяк басып турат. Ошол кыска убакыттын ичинде Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарындгы филиалдарында студенттер үчүн жатаканаларды ачууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Аларга жергиликтүү администрация тарабынан жардамдар берилип турду. Ал эми Баткен шаарындагы башкы корпуста да аз эмес студент окушат. Аларга да жатакана куруу маселеси көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө ошого жер ажыратуу каралып жатат.

Мындан 15 жыл мурда студенттик күндөр менен кош айтышкан Жумакадыр Сатаров студенттик жашоону жатаканада жашаган билет, коомдук иштерге да дилгир катышууга тарбияланат дейт:

- Биз жатаканда жашадык. Ал жерде сабактарга катуу даярданып, ар кандай иш чараларга катышып, коомдук иштерге активдүү катышчубуз. Ал эми Баткендеги окуу жайдын студенттери туугандарында туруп сабака даярданабы жокпу билбейм. Кыскасы студенттик жашоону жатканада жашасаң гана түшүнөсүң.

Аталган университеттин Баткен шаарында эле эки миңдей студенти бар. Анын дээрлик бөлүгүн чет жакадан келген улан кыздар түзүшөт. Алар мындай ижарадан ижара кыдырып жашоосу дагы көпкө уланчудай. Анткени студенттик жатакана үчүн али жер ажыратылып, толук кандуу имарат курулганча күтүүдөн башка жол жоктой.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG