Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Ашгабат БААУну эмнеге чанды?


АКШ өкмөтү түркмөн студенттеринин Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы университетке келип окушуна жол ачуу боюнча Ашгабат менен сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Венадагы “Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси” бейөкмөт уюмунун маалыматына ылайык Түркмөнстанда быйыл чет мамлекеттен билим алам деген эки жарым миңдей студенттин тилеги таш капты.

Ырасмий Ашхабаттын август айындагы түркмөн жаштары мамлекеттик ЖОЖдордон гана билим алат деген чечими сырттан билим алууну көздөгөн жаштар үчүн күтүүсүз болду.

“Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси” бейөкмөт уюмунун төрагасы, бозгунда жүргөн түркмөн укук коргоочусу Фарид Тухбатуллин “өсүп келе жаткан муун идеологиялык жактан тескери тааалим алып калат” деген коркунуч түркмөн бийликтерин ушул чечимге алып келди деген пикирде:

- Түркмөн бийликтери билим берүү системасында реформа жүргүзөбүз дегени менен аны ошол калыбында сактагысы келип турабы деп чочулап турам. Бердимухаммедов жөн жерден “билим берүүнүн негизги милдети - өсүп келе жаткан муунду идеологиялык жактан тарбиялоо” дап айтпаса керек. Андыктан бийликтегилер чет өлкөлөрдөгү, мамлекеттик эмес ЖОЖдордо жаштар алар каалаган билимди албай калат деп коркуп жатышса керек.

Сентябрдын башында Түркмөнстандын Билим министрлиги Борбор Азиядагы Америка университетинде окуган студенттери болгар-америка университетине жөнөтүлөрүн билдирген. Аталган өлкөдөгү АКШ элчилигинин өкүлү Уильям Стивенс “Азаттыктын” түркмөн кызматына расмий Ашгабад Борбор Азиядагы Америка университетин жогорку окуу жай катары таануудан баш тартканын маалымдаган эле.

Түркмөн аткаминерлеринин Кыргызстанга жаштарды жиберүүдөн баш тартып, бирок ошол эле маалда студенттерин Болгариядагы Америка университетине жөнөтүүгө кызыкдар болуп жаткандыгы ошол маалда эч бир логикага туура келбей, кырдаал бүдөмүктөлүп калган.

Укук коргоочу Фарид Тухбатуллиндин божомолунда Түркмөнстандагы АКШ элчилиги ошол күндөрү ырасмий Ашхабадды сыртка эч кимди чыгарбайбыз деген чечиминен баш тарттыруу үчүн “ийитүү” аракетин жасаган.

- Чындыгында, АКШ элчилиги түркмөн бийликтери менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзгөн шекилдүү. Анда БААУда окуган бардык студенттердин эмес, АКШ элчилиги каржылаган 60 чакты стипендианттын кызыкчылыгы үчүн гана келишимдер жетишилип, бул балдарды Болгариядагы Америка университетине которуу тууралуу макулдашылган. Бирок түркмөн бийликтери бул макулдашуунун жоболорун да аткарбады.

Ушул тапта Түркмөнстанда сырттан билим алууга киргизилген чектөө себептери ачыкталбай, бийлик жаштарды сыртка чыгарбоо чечиминде көшөрүп турат.

Андыктан АКШ Мамкатчысы Хилари Клинтон Нью- Йорктогу Улуттар уюмунун 64-ассамблеясынын алкагында президент Гурбангулы Бердимухаммедов менен жолугушуусунда түркмөн жаштарынын сырттан билим алуусуна карата чектөөлөргө байланыштуу маселени козгоп өттү. Жолугушуу жыйынтыгы боюнча АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия аймагы боюнча орун басары Роберт Блэйк 21-сентябрда маалымат жыйынында деп билдирген эле:

- Жакында эле түркмөн бийлиги Кыргызстандагы БААУга өз студенттерин жөнөтпөө чечимин кабыл алды. Андыктан Мамкатчы бул окуу жайда билим алам деген студенттердин маселеси гана эмес, Болгариядагы Америкалык университетке барам деген жаштарга жол ачуу, ошондой эле Америкага да түркмөн студенттеринин көп санда келишин камсыздоого кызыкдар экенибизди билдирди.

Бишкектеги БААУда быйыл окуусун улантып жаткан айрым түркмөн студенттери өз өлкөсүнүн бийлик башчыларына ачык сын айтуудан кооптонушуп турат.

Жайкы эс алууда Мекенине барбастан бул жакта калганы ажеп болгон түркмөн студенти түзүлгөн кырдаалга БААУнун өзүндөгү уюштуруучулук иштердин чабалдыгы себеп болду деп “Азаттыкка” айта кетти.

- Биринчиден, биздин университет аккредитациядан өтпөгөндүгү түркмөн бийликтеринин ушул чечимине таасирин берди окшойт. Азыр ал жакта жаңы мыйзам киргизилиптир го, анда окуу жай мамлекеттик болушу керек экен. Лицензиясы болушу шарт экен. Билишибизче биздин университеттин лицензиясы бар экен, бирок аккредетациядан өтпөптүр.

Бирок БААУ жетекчилиги түркмөн Билим министрлигине керектүү бардык документтик кагаздарды, анын ичинде университет атынан түркмөн студенттери үчүн чакыруу, аккредитация тууралуу маалымат жолдогонун билдирүүдө. Бирок түркмөн тарап азырынча бул кайрылууларга эч жооп айта элек.

XS
SM
MD
LG