Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Студенттердин стипендиясы үч эсеге жогорулайт


ОшМУнун студенттери чыккан нааразылык чарадан. 2009-жылдын 29-октябры.
ОшМУнун студенттери чыккан нааразылык чарадан. 2009-жылдын 29-октябры.

Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев 25-декабрда студенттик кечеге катышып, жаштар менен жолугушту.

Саматтын кубанычы

Самат Көчөрбаев бүгүнкү жаштарга арналган жаңы жылдык салтанатка өзгөчө маанай менен келди.

Себеби ал президенттик “Алтын шаты” стипендиясынын ээси аталып, ардак грамота менен бирге 18 миң сомдук сыйлыкка татыды. "Манас" айтып, дастан ырдаган Саматтын чыгармачылыгына көңүл бурулгандыгы аны кубантып турду.

- Мен мындай сыйлыка ээ болгонума кубанычтамын. Бүтүндөй Кыргызстандын билим жана маданият чөйрөсүндөгү жаштарга көңүл бурулгандыгы кубанаарлык мисал. Мындай иш-чара курдаштарыбыздын демине-дем, шыгына-шык кошкон жакшы колдоо деп эсептейм, - дейт Самат Көчөрбаев.

Жаштарга арналган президенттик кечеге Кыргызстандын баардык аймактарынын алдынкы студенттер келишип майрамга көрк кошуп турушту.

Бул салтанатта сөз сүйлөгөн президент Курманбек Бакиев келээрки жылы студенттердин стипендиясы үч эсеге жогорулап, жаштарга ар тараптуу колдоо болоорун билдирди.

- Мен баарыңарды жаңы жылыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Мен бул жерге силерди куттуктап, стипендия тапшырууга гана келген жокмун. Силер менен кече аяктаганча баарлашып отурайын деп келдим. Өткөн жылы студенттер менен жолукканымда стипендия жогорулайт деп айткан элем. Мен бүгүн өкмөткө тапшырма бердим, эми жаңы жылдан баштап студенттердин стипендиясы үч эсеге өсөт. Ошондо алган акчаңар сезилээрлик болот деп ойлойм. Ошол эле маалда мамлекеттик казынадан жаштар саясатын колдоого, программаларды ишке ашырууга 50 миллион сом бөлүнөт.

Жашасын, стипендия!

2009-жылы 200дөн ашуун жаштар үч багыттагы стипендияга талапкер болушкан.

Алардын ичинен окуудагы ийгиликтери, чыгармачылыктагы жетишкендиктери бааланып жаштардын 66 өкүлүнө стипендия ыйгарылды.

Андагы “Прелюдия” стипендиясына 14-22-жашка чейинки 20 улан-кыз чыгармачылыктагы алгачкы ийгиликтери үчүн татып, 9600 сомдон алышты. Ал эми “Алтын шаты” стипендиясына 30 жашка чейинки жаштардын 16 өкүлү татып, 18 миң сом менен сыйланышты.

Ошол эле маалда “Үмүт” стипендиясына окуудагы ийгиликтери жана жакшы жүрүм туруму үчүн 30 студент татып, алар дагы 18 миң сомдун ээси болушту. Жаштардын бул өкүлдөрүнө акчалай сыйлыктан тышкары ардак громаталар да тапшырылды.

Бул жаштардын салтанатына бир гана стипендияттар чакырылбастан, активдүү студенттер дагы келишкен.

- Бул салтанатка келген жаштардын маанайлары жакшы. Мен дагы мыкты окуп, активдүүлүгүмдү көрсөтүп “Үмүт” стипендиясынын ээси болсом деген тилегим бар. Аракет кылсам - берекет болот деп ишенем. Келе жаткан жаңы жыл токчулуктун, молчулуктун жылы болсун. Элибизге болсо бейкутчулук алып келсин деген тилектемин, - деди студент Асылбек Жолдошев.

Азыркы студенттик жагдай "камырдан кыл суургандай" жеңил эмес.

Быйыл октябр айында эле ОшМУнун миңге чукул студенти нааразылык акциясына чыгып, окуу жай жетекчилигинен окуу үчүн келишим акыны жана жатакана баасын төмөндөтүү талабын коюшкан.

Ал эми быйыл сентябр айында болсо Бишкекте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери окуу жайдагы мыйзамсыз акча жыйноо көрүнүшүнө каршы нааразылык билдиришкен.



Тасма. Президенттик балаты.

Президенттик балаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00



2009-жылдын 25-декабрында Бишкектеги Улуттук опера жана балет театрында президент Курманбек Бакиевдин катышуусу менен балдарга арналган жаңы жылдык оюн-зоок өттү. (MiT)

XS
SM
MD
LG