Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:07

Ош шаар бийлиги соңку айларда мектеп рекетчилиги менен күрөшүүнү кескин күчөтүп, жыл аягына чейин бул көрүнүштөн толугу менен арылууга катуу аракеттенип жатышат. Ал эми окуучулар менен ата-энелер болсо тескерисинче мектептеги салык-салмай, өз ара лидерликти талашмай сыяктуу көрүнүштөр күч алгандыгын, жадагалса мектеп рекеттери өздөрүнүн кылык-жооруктарын мобилдик телефондорго да тартып алып, коомчулука таратуусу көнүмүш адатка айланып баратканын айтышууда.

Учурда окуучулардын өз ара мушташкандары тартылган видеолорду оштук өспүрүмдөрдүн көптөрүнүн чөнтөк телефонунан көрө аласыз. Анда окуучу балдар гана эмес, кыздардын да бир тобу экинчи топ менен мушташып жаткандары тартылган. Бул кадимки эле рекетчилик. Бул көрүнүш мектеп окуучулары үчүн да, алардын ата-энелери үчүн да өөн учураган нерсе эмес.

Маселен, Дилара айымдын тогузунчу класста окуган уулу жакында үйгө бети-башы көгала болуп келип, анын үрөйүн учурган. Көрсө ал мектеп рекеттери салган салыкты төлөй алган эмес экен.

- Окууга кеткен бойдон түнкү саат он бирлерде да үйгө келбеди. Анан издеп чыксам, балдар катуу сабап, арыкка таштап кетишиптир. Себеби, мектептеги чоң класстын окуучулары сураган акчаны бере албай калган экен.

Динара эженин баласы сыяктуу мектеп рекеттеринен токмок жеген балдардын санын эч ким так айта албайт. Окуучулардын айтымында, мектеп рекеттери бир гана окуучуга баш ийишип, аны «паровоз» деп аташат. Мектеп паровозунун кадимкидей эле орун басары, жардамчылары шайланат. Эгерде "паровоз" мектепти аяктаса, өздөрүнүн салты боюнча, ал кызматка анын орун басары шайланат.

Шаардагы эң ири мектептердин биринин "паровозу" Тиманы угуп көрсөк:

- Мектепте өзүбүздүн мыйзамыбыз бар. «Паровозду» болсо ар бир класстын окуучулары биригип, шайлоо жолу менен тандайбыз. Анын орунбасары, «отвечало», «зажигало», «смотрящий» дегендер болот. Мага да паравозчулукту чоң класстар тапшырган.

Деген менен Тима «паровоздук» кызматта туруп, өз мектебинин окуучуларынын укугун коргоп жатам деп эсептейт:

- Балдардын укугун биз паровоздор коргойбуз. Башка мектептен келишсе өзүбүздүн мектепти коргоп, уруштурбайбыз.

6-класстын окуучулары Дастан менен Ислам болсо, мектеп рекеттеринин мыйзамына баш ийбей, салык төлөбөй же алардын уюлдук телефондоруна бирдик салбай койсо, мектеп окуучулары үчүн уяттуу атка ээ болушаарын билишет:

- Бир класска 50 сом салган учурлар болот. Дүкөндөн да бир нерселерди сатып беребиз. Бербесең урат. Уят сөздөр менен мазакташат. Милициялар паровоздорду билишпейт.

Бирок шаардык ички иштер башкармалыгы шаар бийлиги менен биргеликте мектеп рекеттерин жоюууга жыл башынан тарта катуу аракеттер болуп жатканын айтышат. Дал ошол өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүн жетектеген Мамат Бектемиров, көп суммадагы акча талап кылган бир канча мектеп рекеттерин колго түшүргөнүн айтат:

- Бул боюнча абдан катуу иштеп жатабыз. Өз убагында 600 сом, 2000сомго чейин салык салган фактыларды кармадык.

Мектеп рекеттерин жоюуга укук коргоо органдары, бир катар бей өкмөт уюмдар канчалык баш оорутушканы менен, тамыры кенен жайылган бул өнөкөт баары бир өкүм сүрө берет дешет окуучулар. Маселен, 7-класстагы Марлендин башкы эле максаты «паровоз» атка конуп, чоң кадыр-баркка ээ болуу.

- Паровоз болсоң баардык окуучулар сыйлашат. Келип учурашып, баркың жогору болот. Каалаганыңды урасын, салык салсаң болот.

Эми шаар бийлиги күч алган бул көрүнүштү токтотуу үчүн ар бир мектепке ишеним телефонун орнотушту. Мындан ары укугу тепселенген ар бир окуучу ишеним телефонго чалып арызданса болот. Ошентип укук коргоо органдары мектеп окуучуларынын укугун коргоодо ишеним телефонго ишеним артып турушат. А мындай аракеттен майнап чыгаарына ишенбеген окуучулар, билим берүү тармагындагы олуттуу көйгөйгө айланган бул маселеге өкмөттүк денгээлде көнүл буруу зарыл деп эсептешет.


  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG