Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Экономикалык кыйынчылыктын салакасы билим уясы мектепке да тийип, ата-энелерден акча чогултуу, окуучулардын күчтүүсү күчсүзүн талап-тоноп алуу жосундары көнүмүшкө айланып баратат.

Жетишпеген турмуш, бири бай, экинчиси кедей заманда мектепти тооруган тоскоолдуктардан кантип чыгуунун амалы азырынча табыла элек. «Азаттыктын» «бетме-бет» талкуусунун бүгүнкү катышуучулары Кыргызстандын Билим берүү академиясынын бөлүм башчысы, профессор Сулайман Рысбаев менен Олимп резервдери мектебинин директор орунбасары Уран Калилов билим берүүнүн проблемалары жайында кеп кылышат.

- Сулайман мырза, акча топтоо кандайча башталып калды. Бул экономикалык жетишпестиктен эле чыктыбы же ал байлардын акчасын чогултуунун амалыбы?

Сулайман Рысбаев: - СССР жоюлгандан кийин Кыргызстандын бюджетинен мектепти каржылоо үзгүлтүккө учурап, жетишпей калды. Ошол учурда ата-энелер көмөгү, мектепти колдоо фондунан мына ушул акча топтоо келип чыкты. Мектепти оңдоо, керектүү жабдууларды сатып алуу, айлыгы аз мугалимдердин чөнтөгүнө бираз тыйын салып берүү мына ушул акча чогултууга алып келди. Бул биз үчүн өтөле уят нерсе. Мектепти сакташ үчүн директор эмне деген гана айла-амалдарды жасабады. Көп мугалимдер сыртка кетип калышты. Жаңы келген жаш мугалимдердин айлык маянасы 1,5 миң, 2 миң сом болду. Ушундай жетишпестиктер акча чогултууга алып келди.

- Анда кепти Уран мырзага берсек. Сиздердин Олимп резерви мектебинде акча чогултмай, башка иштер барбы?

Уран Калилов: - Биздин жатак мектепке алты облустан балдар келишет. Баары ынтымактуу, бир жерде жатышат. Кийими бир, тамак-ашы бир, жаткан жери чогуу. Рекетчилик деп атпайсызбы. Ал кайдан пайда болот? Көчөдө бош жүргөн балдардан чыгат. Акча сурап, тоноп жүргөн балдардан чыгат. Уурулукту башташат. Бизде мындай рекетчилик жок. Бирине бири салык салмай жок. Бир үй-бүлөдөй жашашат.

- Сулайман мырза, билим берүү реформасынын аркасында мектепке мамлекеттин камкордугу артып, мугалимдердин маянасы көбөйөбү?

Сулайман Рысбаев: - Реформа жөн жерден чыккан жок. Мына азыр мектептерде сабактардын саны азаюуда. Сабак жүгү оор, мугалимдердин айлыгы аз, мамлекет мектепти жетиштүү каржылай албагандыктан аргасыздан реформа жасоого мажбур болду. Бул өзү билим сапатынан келип чыгууда. Эгер мугалимдин айлыгын көбөйтсөк, ал акча чогултуп отурбайт болчу. Өкмөт деле бирткеден акча берип, маянаны көбөйтүп жатат. Бирок ал азыркы учурга жетишсиз. Жалаң мугалимдин айлыгын көтөрүү менен эле билим сапатына жете албайт экенбиз. Ал үчүн окуучу менен мугалимдин жүгүн жеңилдетүү керек болуп жатат. Окуучуга көп жүк артып отуруштан көрө азыраак бирок сапаттуу билим бериш үчүн көп сабактар кыскарылууда. Орус тил, эне тил, чет тилден сааттар азайып, окуучунун да, мугалимдин да жүгү азайды. Сабактар азайганы менен акча чогултканга мүмкүнчүлүк түзчү дагы бир коркунуч пайда болду. Кошумча сабактар окуучулар каалай турган сабактар бар. Анан ата-эне, сүрөөнчүлөр каржылай турган мектептик компонент да бар. Мектеп өзү каалоосу менен киргизе турган сабактар бар. Ата-энелер, окуучулар, мектептин каалоосу боюнча тандоо сабактары кирүүдө. Бирок бул мамлекет тарабынан каржыланабы же ата-энелердин акчасынабы, сүрөөнчүлөрдүн көмөгү боюнча өтүлөбү? Дагыле ата-энелерден акча чогултууга баратабызбы, деп ойлойм.

- Уран мырза, сиздердин Олимп резерви жатак мектебинин ахывалы кандай? Мугалимдер, машыктыруучулар жөнөкөй мектептерге караганда көбүрөөк маяна алышабы же жокпу?

Уран Калилов: - Айлыктары аз. Анан мугалимдерге жаңыча окутуу – Ноу Хау жетишпей жатат. Чет өлкөлөрдөгүдөй компьютерлештирүү, жаңы технологияга өтпөй жатканыбыздан көп нерселерден калып жатабыз. Башка жактарда мамлекет тарабынан шарт түзүлүп, илим жетишкендиги колдонулуп жатат. Бизде айлык эң аз. Жаңы тарбиячылар 2,5 миң, 1,5 миң сомго эле иштешет. Айлыкты көбөйтсө жакшы эле болот деп ойлойм. Машыктыруучулардын айлыгы 5 миң сом. Ал жерде ишин таштай албаган, эртеден кечке балдарды үйрөткөн спортко дилгир кишилер иштешет. Чет өлкөлөрдө машыктыруучулар доллар менен арбын айлык алышат. Жаңы технологияны колдонушат, болгон мүмкүнчүлүктү жумшап иштешет. Биз болсо союздан калган китеп, жарак-жабдулар менен иштеп жатабыз.

- Сулайман мырза, мектептеги орчун проблемалардын бири окуу китептери болуп калууда. Дагыле социализм заманындагы окуу китептерин балдар окуп жатышат. Мектептердин жаңы окуу китептери менен камсыз болушу кандай абалда?

Сулайман Рысбаев: - Эми аны айтканда бир маселенин башын ачып алыш керек. Атайын ошондой китептерди министрлик сунушу менен окуп жатабы же жетишсиздиктен ошондой ишке барып жатышабы? Жыл сайын мектепке 80 миң, 90 миң бала келет. Анан ошолорго 140 жакын окуу китептери чыгышы керек. Ошолордун төртү деле кээ бир жылдары чыкпай калат. Жылына бир класста 80 миң бала болсо аларга жыл сайын 20 миң китеп чыгышы мүмкүн. Анан алар 4 –5 жылда мектепке жете турган болсо китеп таңкыстыгы жасалма түрдө болуп жатат. Анан айла жок ошол социалисттик доордогу биология, химия, география, тарыхты окуп калышы мүмкүн. Китеп жетишсиздигинин дагы бир себеби чыккан окуу китептеринин сатылбай калышына да байланыштуу. Кээ бир басмалар, мисалы, «Шам» басмасы 10 миллиондогон сомго китеп чыгарып алып китеп сатылбайт дегенден кийин китептери сатылбай турат. Мамлекет болсо өз каражаты менен жетиштүү китеп чыгара албай жатат. Таластагы бир мектепте китепканада 6 миң ашуун китеп бар экен. Ошонун тең жарымы эски окуу китептери болуп чыкты. Аны жок кылып койсо китепкананы кайра толукташ кыйындыгын айтып, мектеп китептерди сактап отурат.

- Уран мырза, сиздин ушул жерде отурушуңуздан пайдаланып көпчүлүк кызыккан суроону бере кетейин. Сиздердин коңшу мектеп менен болгон чырыңыздар кандай чечилип жатат?

Уран Калилов: - Бул окуя элге жайылып кетти. Биз балдарды жаман ишке тарбиялаган эмеспиз. Максат кыргыздын желегин желбиретип, кыргыз намысын коргосун деп тарбия берип жатабыз. Анан ортодо чыр болуп кетти. Аны ички иштер кызматкерлери иликтеп, кимдер күнөөлүү экенин калыс чечет деп ойлойм. Убакыт көрсөтөт. Көбү эле азыр Олимп резерви мектебин жамандап жатышат. Антиш туура эмес. Баары изилденип, такталып, андан кийин айтыш керек. Ушул жылы өкмөттөн спортко көңүл бурулуп, жардам көргөзүлдү.

- Сулайман мырза, мектеп кийинки кездери криминалдашып кетти, деген кабатыр ойлор көп айтылууда. Ушундай пикирге негиз барбы?

Сулайман Рысбаев: - Бул менин билишимче акча чогултуудан келип чыкты окшойт. 5 – 10 сомдон акча чогултуу, мугалимдерге белек берүү, майрамдарды өткөрүү күч ала баштаган кезде айрым тың балдар жоош балдарга салык салып, акча чогултуша башташты. Анан мектептеги өзүн-өзү башкаруу жетекчилеринен, ошол эле окуучулардын өзүнөн да бир нерселер кетти. Салык салып, балдарды кыйнап, ата-энерелреди кыйнап, балдардын өз ара акча тартып алышы көбөйдү. Балдар антип салык төлөшкө мажбур болгонун айтышпайт. Айтса балдардын коомунан четтеп калат. Муну ата-эне, мектеп жетекчилиги билбей калышы мүмкүн. Билингендери басылып калган учурлары да болуп жүрдү. Мактаган балдар, мыкты үй-бүлөнүн балдары криминалдашып кеткен учурлары да кездешүүдө.

- Уран мырза, рекетчилик кылган балдар чыгып калса кандай жаза колдоносуздар?

Уран Калилов: - Бизде рекетчилик жок. Тентектер бар. Аларды биз тарбиялап, мындай жолго түшпөсүн эскертип, туура жолго салабыз. Анан сиз айтып аткан мектептеги рекетчилик жетишпегендиктен чыгууда. Кээ бир үйдө нан-чай менен отуршса, кээ бир үйдө май чайнап отурушат. Анан окуучулар чөнтөк телефонун көтөрүп жүрүшөт. Бул да кедей үй-бүлөнүн балдарына катуу таасир тийгизет. Жетишпестиктен бирөөнүн акчасын тоноп, уурулукка барышы мүмкүн.

- Мырзалар, ишиңиздерге ийгилик болсун! Талкууга катышып бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!

Тасмада: 21-кылымдын мектеби

Кара-Суу районунун Савай-Арык айылынын окуучулары жаңы окуу жылынан тарта айылдагы турак үйлөрдүн биринде окуусун улантууга аргасыз болушту. JAk. MiT.

XS
SM
MD
LG