Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

1-сентябрда алгачкы жолу мектеп босогосун аттаганы турган жеткинчектер бул күндү чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Бирок 1-класска кам көргөн окуучулардын баардыгы эле өздөрү каалаган мектепте билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.

Темирбай уулу Амангелди жети жашка толду. Ал жакында мектеп босогосун аттап, билим алуу багытына алгачкы кадамын жасаганы турат. Билим күнүндөгү биринчи коңгуроону күткөн Амангелди алиппе китебинен тамгаларды таанып, эсеп чыгаруу жагын да өздөштүргөн.

- Мен тамгаларды жаттап бүттүм. Сандарды дагы билем. Жакында мектепке барып, жакшы окуйм. Келечекте болсо президент болом!

Темирбай уулу Амангелди 1-класста билим алууга даярдык көрүп жатса, анын коңшусу Бакыт Сакеева өз уулу Берадорду мектепке орноштура албай башкалаадагы окуу мекемелерин кыдырып, убара тартууда. Уулум бала бакчада тарбияланган, бирок аны мектепке кабыл албай коюшту дейт ал өз сөзүндө.

- Биз Ош базарынын айланасында жашайбыз. Тегеректеги мектептердин бирине баламды окуталы десек кабыл албай коюшту. Уулум бала бакчада тарбияланган. Мектепке өтүү сынагында окуп, эсептерин дагы туура чыгарган. Эртеси экзаменден өтпөй калгандыгын билдиришти. Директорго суранып кирсек “жок болбойт” деп жооп кайтарды. Кийин сураштырсак “демөөрчүлүк көрсөтүү керек” деген маалымат алдык. Бүгүн эки-үч мектепти кыдырып келдим. Эми дагы орун караштырууга туура келүүдө.

Адистердин баамында, мектепке окуучуларды кабыл албоонун бир себеби орундардын жетишсиздиги. Учурда ички миграциянын кесепетинен Бишкектеги мектептерде билим алууну каалагандардын саны өсүүдө. 1-класска окууну каалаган бир окуучулук орунга эки талапкер болгондуктан ортодо суроо-талап өсүп, эки окуучунун бири мектептин сыртында калууда. Негизинин башкалаада 30 миң окуучуга орун жетишпей тургандыгын, жакынкы аралыкта жок дегенде 20 мектеп куруу зарылдыгы тургандыгын шаар башчысы Иса Өмүркулов бул тармактын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда белгилеп өткөн.

Кыргыз билим берүү академиясынын уюштуруу, илимий методикалык жана басма бөлүмүнүн жетекчиси Сейитбек Жаанбаев кайсы мектеп болбосун өз аймагында жашаган окуучуларды кабыл алууга милдетүү дейт:

- Биздин жарандар Алайдан, Ат-Башыдан же Ак-Талаадан келип эле 1-сентябрда баласын мектепке жетелеп барып, "ушул окуучуну ал" деп айтышууда. Аларды алуу үчүн туруктуу жашаган каттоосу болушу керек. Ошол эле маалда 1-класстан 4-класска чейин окуган жеткинчек мектепке жакын жашашы негизги шарт. Ал эми баламды мектепке кабыл албай койду дегени тешерүүнүн жыйынтыгы. Окууга камынган жеткинчек жайында ачылган мектеп алдындагы курстардан окушу зарыл. Ошондуктан бардык жагынан эле ата-энелердики туура деп айтууга болбойт. Менин билишимче, бир дагы мектеп жөнү жок эле баланы кабыл албайм деп баш тарткан жок.

Быйылкы окуу жылы 2193 мектеп өз босогосунан жүз миң чамалуу жеткинчекти тосуп алууга даярдык көрүүдө. Кыргызстандын аймактарында жайгашкан мектептер окуучуларды эч кандай кыйынчылыксыз кабыл алып жаткандыгы талашсыз, бирок суроо талаптын көптүгү башкалаада ар кандай келишпестиктерди жаратууда.

Балдарды коргоо лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова мектептерде көзөмөл кеңешин түзүү аркылуу мындай көрүнүшкө каршы күрөшсө болот деген пикирде.

- Учурда мектептер тууралуу ар кандай сын пикирлер айтылууда. Ошондуктан ар бир окуу мекемесинин үстүнөн көзөмөл кеңешин түзүү учурдун талабына айланууда. Алар мектептеги окуучулардын укугу корголуп жатабы, мыйзамсыз иштер болгон жокпу деген маселелерде көзөмөлдөшмөк. Ошол эле маалда мектепке кабыл алуу иш-чарасына дагы катышмак.

Эгер буга чейин жогорку окуу жайга тапшырган окуучулар сынак аркылуу университетке кабыл алынып келсе, эми мектеп босогосун аттаган жеткинчектер да ушул жолго кадам ташташты. Бирок мындай кадамдан күчтүүлөрү дубалдын ичине өтүп, алсыздар сыртында калбайбы деген суроо адистерди тынчсыздандырууда.
XS
SM
MD
LG