Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Дүйнөлүк финасылык кризистин Кыргызстанга кандай таасир тийгизип жатканы, ал терендеп кетпеши үчүн тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу мурдагы айыл, суу чарба министри, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.

- Дүйнөлүк финансылык кризис Кыргызстанда инвестициянын кыскарышы, демек ишкерликтин басаңдашы менен терс таасирин тийгизиши ыктымалдыгы айтылып жатат. Ал тийип жатканы да айтылууда. Анын зыянын басаңдатуу үчүн кандай чаралар көрүлүш керек?

-Туура айтасыз, дүйнө жүзүндөгү кризис Кыргызстанга дагы өзүнүн таасирин берип атат. Бирок кечээ күнү президент Курманбек Бакиев министрлер менен чогулуш өткөрүп, анын таасири Кыргызстанга кичине азыраак тийип атат деп айтып кетпедиби. Анын себеби биздин экономикабыздын начардыгынан болуп атат. Биздин экономикалык баалуу кагаздар, дүйнө жүзүндөгү белгилүү банктар менен кабыл алынбайт. Биз ошондой деңгээлге, жанагыдай интеграцияга бара элекпиз. Ошондуктан бизге тийген кризис кайсы мамлекет менен мамилебиз болсо ошолор аркылуу тийип атат. Мисалы Казакстан, Орусия, Кытай менен биздин тыгыз байланышыбыз бар. Бирок негизги тийгени азыр билинип атат, мына сомдун курсу долларга караганда ылдыйлап атат, курулуштар токтоп калды. Банктар, өзгөчө казактын капиталы толтурулган кыргыз банктар азыр кредит бербей калды. Мунун бүт бардыгы курулуштун курулушуна, өндүрүштүн өсүшүнө бүгүнкү күнү өзүнүн таасирин көргөзүп атат. Бирок менимче, бул башталышы. Азыр мамлекет ошого каршы чара көрбөсө кризис андан дагы тереңдеп кетиши мүмкүн.

-Президент ушундай чара катары менчикти коргоону, ишкерликти жеңилдетүүнү, энергетика жана банк системасын туруктуу иштешин жана финансы жагынан ишкерлерди камсыздоону айтты. Ушул төрт чара жетиштүүбү?

-Бул бүгүнкү күнү колдон келип турган нерсе. Мен ойлом, бүгүнкү күнү кыш боюнча, кечээ туура сөздөрдү айтып кетти, кыштан кандай жеңил жолдор менен чыгып кетебиз деген. Себеби дүйнөлүк кризиске өзүбүздүн ички мамлекетте болуп аткан кризис кошулуп атпайбы. Мына свет өчүп атат. Свет өчүрүү эч кандай дүйнөлүк кризиске тиешеси жок. Бул өзүбүз энергетика тармагын туура эмес тейлеп, өз убагында сууну бир жака жиберип, электр кубатын сатып, өзүбүз ушундай акыбалга келип отурабыз. Бүгүнкү күнү мисалы ушул тармакты мурунку деңгээлдей жакшы иштетсек, дүйнөлүк кризистин кесепети кичине азыраак тиймек. Мына 1-январдан газдын баасы кымбаттайт. Биз азыр газ кайсы баа менен келээрин билбейбиз. Бирок биз билебиз, мурункуга караганда 2-3 эсе кымбат баа менен келет. Жылуулуктун баасы өсөт, ошол эле тарифтер дагы өсөт. Ошон үчүн биз дүйнөлүк кризис келатканга өзүбүздүн болгон резервдерди топтоштун ордуна, дагы өзүбүз ошол кризиске кошумча өкмөттүн арты менен жасап атпайбызбы. Чындап келгенде биздин мамлекетте мүмкүнчүлүктөр бар, кечээ президент айтып кетпедиби, эмне себептен министрликтер айтып коюп эле, иш жүзүндө бул ишти аткарбайт деп. Мен ойлойм, кечээ күнү жакшы, туруктуу сөз болду. 17-октябрда президент элге кайрылуу кылганда мындай болгон эмес. Кечээ президент кайрылуусун толуктап, мынабу-мынабу тармакта мындай иш жасаш керек деп, негизги иш менен кошумча айтты.

-Өкмөттүн иши кескин сынга алынды. Эми жаңы өкмөт келиши керекпи, же кээ бир министрлерди алмаштыруу менен абалдан чыгуу керекпи?

-Кээ бир өкмөт мүчөлөрү иштейм дегендери жакшы иштеп, өзүнүн тармагын алып баратат. Кээ бир мүчөлөрү колунан келген ишти жасабай жатышпайбы. Ошон үчүн аларга канча жолу айтылды, мындай иштегиле, мындай жасагыла деп. Эми жасабагандардын ордуна сөзсүз түрдө жаш, колунан келчү кадрларды алып келип, ошол тармакка коюш керек. Кадр деген бул чоң маселе. Тармактарга туура келген кадрларды, жакшы премьер-министрди коюп, өкмөттү жакшылап иштетсе, мен ойлом Кыргызстандын потенциалдык мүмкүнчүлүгү бар. Ошону колдоно албай жатабыз бүгүнкү күндө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG