Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Европа баккан алатоолук "жетим" апалар


Голландиядан жардам алган баткендик апа.
Голландиядан жардам алган баткендик апа.

Мигранттардын айрымдары алыска кеткен соң ата-энесин унутабы, же бөтөн элде өз алапайын таппай калабы, айтор, Кыргызстанда балдарынан тирүүлөй айрылып, неберелерин багып калышкан карылар аз эмес.

"Бабушка Адопшын" же“Бакма чоң эне” бейөкмөт уюму кароосуз карыларга акчалай жардам берет. Аталышынын орусча, англисче болушунун бир себеби, бул уюм каралашкан бир миңдей карынын көбү орус аялдары, ал эми аларга жардам бергендер дээрлик бүт европалыктар.

Бирок бир кыргыз атуулу да "Бабушка Адопшынга" тогуз жылдан бери каралашып келатат. Баткендеги бул уюм каралашкан аксакалдардын, байбичелердин ар бир бешинчисинин балдары Россияга иш издеп кетип, неберелери менен кароосуз калган.
Аталган фонддун аткарып жаткан иштери жөнүндө анын жетекчиси Айдай Кадырова "Азаттыкка" азын-оолак маек куруп берди.

Айдай Кадырова
: -Биздин кайрымдуулук фонд 2000-жылы Акыйкат министрлигинен каттоодон өткөн. Башында Швейцариянын Кызматташттык агенттиги каржылап келген. 2006-жылдан бери биз өзүбүз чарбалык эсепте иштеп келатабыз. Эми чарбалык эсеп бул эми жөн гана аталышы, бизде карыяларды колдой турган спонсорлор бар.

Азаттык: -Спонсорлордун арасында мамлекет да барбы?

Айдай Кадырова:-Жок, мамлекеттик заказ боюнча мыйзам жаңы чыкты. Ошонун негизинде долбоор жазалык деп жатабыз. Мүмкүнчүлүк болсо бюджеттин 25 % ошону менен жапсак, абдан жакшы болот эле.

Жардам алып жаткан айылдык карыя
Азаттык:
-Силердин спонсорлор толугу менен чет өлкөлүктөрбү?

Айдай Кадырова: -Ооба, 98 % европалык жана башка чет элдиктер.

Азаттык: - Калган 2 % жергиликтүү экен да.

Айдай Кадырова: - Ооба. Болгондо да чет элдик уюмдарда иштеген орустар. Кыргыз спонсордон бирөө эле - Эркин Бекболотов. Менин билишимче ал чет өлкөдө жашайт. 2000-жылдан баштап беш кары кишиге жардам берип келатат.

Азаттык: -Ошондо силердин кол алдыңарда канча байбиче, аксакал бар?

Айдай Кадырова: -Азыр биз 920 пенсионерге жардам беребиз, жалгыз бой калган, ден соолугу начар, жашы 65 жаштан өйдө пенсионерлерге жардам беребиз да.

Азаттык: -Кыргызстанда ошондой жардамга муктаж, силер айткандай, жашы боюнча жалгыз бой жана саламаттыгы начар карылар канча бар?

Бишкектеги жардамга муктаж карылар

Айдай Кадырова
: -Бүгүнкү статистика боюнча, 12000 киши такыр эле жалгыз бой калган пенсионерлер экен. Биздин Бишкекте жашаган камкордукка алынган, көбүнчөсү орус кары кишилер - 85 %. Баткен облусундагы филиалда биз каралашып аткандар көбүнчө эле кыргыздар. Анткени айылда жумуш жок, мисалы биз каралашкан бир апанын беш баласы бар, биринин да жумушу жок. Ошолордун баары тең апанын мойнунда отурат.

Азаттык: -Канча жаштагы балдары?

Айдай Кадырова: - Иштей турган курактагы 30-40 жаштарда. Кээ бир апалардын балдары Россияга акча табабыз деп кетип калышкан. Ошол кары кишилер өздөрүнүн балдарын чоңойткону аз келгенсип, азыр неберелерин багып калышкан. Биздин камкордуктагы адамдардын арасында мындайлар жалпы сандын 20 % түзөт.

Азаттык:- 920 пенсионердин канчасы Баткенде?

Баткендик "бакма" ата
Айдай Кадырова
: - 300 чактысы. "Бабушка Адопшын" башка уюмдар менен “Чек арасыз Борбор Азия” деген биримдикке кирет. Биз биригип алып, 1-октябрь - Карылар күнүнө карата жармаңке уюштурганы жатабыз. Анда биздин кийимдер сатылат, шахмат мелдеши болот, лотереядан чогулган акча карыларга азык-түлүк, дары-дармек алганга жумшалат.

Азаттык: -Саат канчадан канчага чейин жана кайсы жерде өтөт?

Айдай Кадырова: -1-октябрда саат тогуздан үчкө чейин Эркиндик бульварында, Киев менен Чүй көчөлөрүнүн ортосунда болот.

Азаттык: -Болгон жардамы коомчулуктун ошол жакка келип катышып, силер саткан товарлардан алса, жардамы ошол болот экен да. Анда акцияңар ийгиликтүү өтсүн.

XS
SM
MD
LG