Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Жон Керри ЕККУ аймагында авторитаризм күчөп баратканын эскертти


Жон Керри
Жон Керри

Мындай пикирди АКШнын мамлекеттик катчысы 8-декабрда ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн Гамбургдагы жыйында билдирди.

“Көптөгөн жерлерде авторитардык негиздеги ой жүгүртүүлөр арбып, адам укуктары, сөз эркиндиги жана маалымат каражаттарынын көз карандылыгы артка сүрүлүп, толеранттуулук азайып, жек көрүүчүлүк кылмыштары өсүүдө”” деп белгилеген Жон Керри.

Ал ошондой эле “көптөгөн мамлекеттерде коррупция күчөп, лидерлер бийлигин күчөтүү максатында Конституцияны өзгөртүп жатат” деп кошумчалаган. АКШнын мамлекеттик катчысы Украинада “азапты токтотуп, туңгуюктан” чыгууга аракет жасоого чакырды. Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунда 57 өлкө бар, анын ичинде мурунку советтик республикалар. ЕККУга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жылдык жыйыны Гамбург шаарында өтүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG