Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

Эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар президентикке талапкерлердин ичинен шайлоочуларга өзү жөнүндө ар тараптуу маалымат жеткирүүгө кудуреттүү жалгыз гана Курманбек Бакиев болуп жаткандыгын белгилешүүдө. Жарышка түшкөн алты талапкердин калган бешөө үгүт иштеринде Бакиевге караандабай калды.

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Демократия жана адам укуктары бюросунун байкоолоруна караганда Кыргызстандын көчөлөрүндө президенттик шайлоого шайма-шай камылгалардын өзгөчө белгилери байкалган жок. Шайлоочулардын көзүнө дароо чалдыкканы - азыркы президент Курманбек Бакиевдин көзгө толумдуу жарнак такталары болууда. Темир Сариев менен Жеңишбек Назаралиевге таандык мындай жарнактарды да бирин-экин жерден көрсө болот. Көпчүлүк аймактарда шайлоочулардын көз кырында Алмаз Атамбаевдин, Жеңишбек Назаралиевдин чапталган портреттери, плакаттары турууда. Токтайым Үмөталиевага, Нурлан Мотуевге таандык мындай көрнөктөр атаандаштарыныкынан сейрегирээк.


Ушундай эле таасирди шайлоочулар жолугушуулардан, аларга байланыштуу таратылган маалыматтардан алышты. Үгүт иштеринин негизги элементи саналган телеканал аркылуу кайым айтыш ишке ашпай калды. Үчкө бөлүнгөн алты талапкердин ичинен Темир Сариев менен Нурлан Мотуев гана бөлүнгөн убакытты өздөрүнүн кызыкчылыгына жалгыздап пайдаланганы болбосо калган талапкерлер телеэрөөлгө ар кандай себептер менен келбей коюшту. Маселен президент Курманбек Бакиев бул күнү Кызыл-Кыя цемент заводун ачып, Баткен, Ош аймактарын кыдырып кетти.

Чындыгында эле Бакиевди шайлоочулардын кеңири чөйрөсү менен эң көп жолуккан талапкер катары атаса болот. Президенттикке талапкерлердин ичинен шайлоочуларга өзү жөнүндө ар тараптуу маалымат жеткирүүгө кудуреттүү жалгыз гана Курманбек Бакиев болуп жаткандыгын айтылууда.

Саясат таануучу Табылды Акеров:

- Президент, мисалы, 35 млн. сом сарптап атса, активдүү Атамбаевдин каражаты 10 миллионго жетип атат, андан кийинкилериники андан да аз. Ошого жараша үгүт иштери деле өтө активдүү болбой атат. Анүстүнө элдин бардыгы талаада болгондуктан, президент Бакиевден башка талапкерлерге эл азыраак барып атат. Бакиевге болсо айыл өкмөттөрүнүн күчү менен, мектептердин күчү менен 10 миңден, 7 миңден элдерди алып келип, мына Бакиевге эл көп келип атат, УТРКнын колдонуп, Бакиевди эл колдоп атат деген пикир түзгүдөй аракеттерди жасап атат.

Президенттик шайлоо үчүн жарышка түшкөн алты талапкердин калган бешөөнүн үгүт иштеринде Бакиевге караандабай жатышы коомчулукта бир нече себептер менен, биринчи кезекте анын өлкөдөгү биринчи адам, мамлекеттин башчысы болуп турушу менен түшүндүрүлүүдө. Бул өз кезегинде администартивдик ресуртардын ээн-эркин колдонулушуна жол ачууда. Мындан тышкары шайлоонун чукул жарыяланышы, ага жараша калган талапкерлердин жарышка кам-кечеги жок, каражаты чакталуу келиши да ыңгайсыздыкты жаратты.

Байкоочулардын жана коомчулуктун президентти колдобогон бөлүгүнүн көңүлүн бурган башкы өңүт көпчүлүк талапкерлерге каршы жасалып жаткан чагымчыл аракеттер, ачык жана тымызын кысымдар, коркутуп-үркүтүүлөр болууда. Өтүп бараткан аптада айрыкча бириккен оппозиция сүрөп келаткан Алмаз Атамбаевге таандык көрнөк-жарнактарды жер-жерлерде жапырт айрып-сыйырып жоготуу ырааттуу жүрдү.

Алишер Бакышев, Атамбаевдин Өзгөн райондук штабынын башчысы :

- Бакиев деген форма кийген жыйырмадан ашык спортсмен балдар Өзгөн шаарындагы сүрөттөрдү бир эле күндө жыйнап коюшту. Ал турсун биздин эки балабызды коркутуп-үркүтүптүр. Мынчалык деңгээлде шайлоонун ыплас болорун билген эмесмин.

Нурбек Касымбеков, Атамбаевдин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:

- Жалал-Абад шаары боюнча алсак бир топ үгүт материалдардын көпчүлүгү белгисиз бирөөлөр тарабынан тытылып жок болду. Пушкан көчөсүнө илгендер толук жок болду. Бекмамат Осмонов, Красина, Спутник кичирайондорундагы көчөлөрдөгүлөр да.

Кочкор районундагы Туз айылынын тургуну:

- Туз айылы “Таза суу” программасына киргизилиптир да. Элди эгер Бакиевди колдобосоңор бул программадан чыгарып салабыз деп коркутуп атышат. Түшүнбөгөндөр айтып атышат Атамбаевди шайлайт элек, эми айла жок суу үчүн Бакиевди шайлайбыз деп.

Аймактарды кыдырган талапкерлердин бири, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев Таш-Көмүр өзү күбө болгон окуя тууралуу буларга токтолду:

- Биринчилерден болуп берди. Жолугушуу бүтүп, кечкисин келип бир жеке менчик үйгө сүйлөшүп мейман болуп калып, төшөккө жатып уктап жатканыбызда жергиликтүү бийлик, финансылык полициянын жергиликтүү башчылары келип, коркутуп бизди түнкүсүн он бир жарымда төшөктөн тургузуп, кетирүүгө мажбур кылышты.

Ал эми Токтайым Үмөталиева атайын кызматтардын аңдуусуна кабылганын маалымат жыйынында кабарлады:

- Кээ бир жерде, мисалы, Баткенде, Кызыл-Кыяда, Кадамжайда, мен чарчадым, эки күндөн бери уюят-сыятты тыйып коюп эле, машинаны сүзгөнгө чейин барышып, СНБнын балдары кууп жүрүшөт. Биринчи жолу ушундай шумдукту көрдүм. Ой балам, калып калчы же менин жаныма отур дегенге чейин бардым. Алар артыбызда жүргөндө эл да жолукпайт экен. Базарларга келсек базардан орун бербесе, башка жакка барсак ал жактан орун бербесе.

Аптанын ортосунда болсо Алмаз Атамбаевдин штабынан үч кишини Ленин райондук соту 15 күндүк камак жазасына чектеди. Буга Бириккен оппозиция лидерлери Бишкек шаарында шайлоочулар менен жолугушуу өтүп жатканда чыккан жаңжал себеп болгон. Жыйынга катышкандар жаңжалды тажаал аялдардын тобу атайылап чыгаргандыгын айтышты.

Саясат таануучу Марс Сариев мындай ыкмалардын бардыгы өз талапкерин алып келүүнү көксөгөн бийликке таандык экендигине ынанат. Төрт жылда бийликти бир колго топтоп, оппозицияны алсыздандырып, үй-бүлөлүк башкарууну күчтөндүрүп койгон азыркы президент коомчулукта толук колдоо табаары арсар дейт талдоочу Марс Сариев:

- Бакиев сезип атат да. Нарынга, Таласка, Көлгө барганда эле эл тиякка ооп кетип атканын сезип, анан кайра барып, административдик ресурстарды кошуп, бийлик элди өзүно тартканга аракет кылып атат. Аябай көп саясий-технологиялык ресурс жумшап атышат. Антпесе Атамбаев утуп кетмек.

Анткен менен жер-жерлердеги мыйзамсыз аракеттер коомчулукка жарыяланган бойдон калып, шайлоо комиссияларына атайын арыз-даттануулар менен кайрылгандардын саны өтө эле сейрек болууда. Келип түшкөн даттанууларды дароо текшерип, шайлоого тоскоолдуктарды жоюу үчүн БШК жан үрөп иштеп жатканын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Амангул Молдалиев Азаттыкка билдирди:

- Нарын районундагы 8-март айыл өкмөтү штабдагыларды коркутуп, кол салганга чейин барышты деп түшүнүктөрүн алган. Нарын облустук шайлоо комиссиясы жеринде текшерсе ал жолдоштор да түшүнүктөрүн беришкен. Нарын райондук прокуратурасы текшерип, аларды чара көрөлү деп териштире баштаганда андай иш болгон эмес деп, кайра баш тартып үч адам тең тескери көрсөтмо берип коюшкан. Прокуратурадан жооп келди иш козгогонго негиз жок, ушундай болуп атат деп. Сариевдин штабынан келди эле ушундай куугунтук Жалал-Абад облусунан болуп атат деп. Биз облустук комиссияларга кат жибергенбиз: бардык талапкерлерге тең шарт түзүп берүү сиздердин милдетиңиздер, жергиликтүү органдар менен бирдиктүү иштеңиздер, аларга тоскоолдук жасабай, тескерисинче шарт тузүп беришиңиздер керек деп.

Ошол эле мезгилде Даттанууну майнапсыз деп санаган оппозиция дегеле расмий бийликке арыз-дат менен кайрылуудан көңүлү кайт болгондой түр көрсөтүүдө.

Шайлоо өнөктүгүндө ыңгайсыз талапкерлерге бут тосуу аракеттерине бийлик өкүлдөрү болсо өздөрүн күнөөлүү деп эсептешпейт. Тескерисинче шайлоонун таза өтүшүнө кызыкдар экендигин, ага жараша шарттарды бардык талапкерге бирдей түзүү камы менен алектенип жатышканын айыл өкмөтүнөн баштап, “Ак жол” партиясынын жетекчилерине чейин байма-бай кайталап келатышат. Тартип коргоо кызматтары ушинтип билдирип атышат. Буга терең ынанган талдоочулардын бири, саясат таануучу Жолборс Жоробеков жер-жерлерде катталып жаткан мыйзамсыз аракеттерге төмөнкүдөй көз карашын айтты:

- Массалык түрдө Бакиевдин көргөзмөсү менен болду деп айткандан алысмын. Айрым мамлекеттик кызматкерлер өто жагынып, өтө өзүнүн иштеп атканын көрсөтүү үчүн ушундай болушу мүмкүн. Себеби бийликтин табияты ушундай, рычагдар колдонулат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. А бирок массалык түрдө ушундай болду деп айта албас элем. Анткени мен күбө болдум, көрүп атабыз, мисалы, Алмаз Атамбаевге ак боз аттарды мингизип, ар ким оюндагысын айтып атышты. Бул жөнүндө маселе жок.

Жолборс Жоробеков тескерисинче оппозиция өзүнө көпчүлүктүн назарын буруу үчүн ашынган жоруктарды жасап жатат деп сындады. Мындай көз карашын талдоочу Алмаз Атамбаев нервди шал кылуучу уу зат менен ууландырылгандыгы тууралуу маалымат менен байланыштырды:

- Бул болбогон сөздөр. Атамбаевди премьер кезинде деле ууландырып атышат. Кайсы жерге барса эле көз тийип кетет, башка болот. Бул - элдин көңүлүн өзүнө буруу үчүн пиар кампаниялардын бири.

Шайлоо өнөктүгү башталган кезде таратылган бул маалыматты өтүп бараткан аптада БЭКтин мүчөсү, “Улуу Биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев дагы бир ирет тастыктады:

- Бул факт. Ал ууланган. Нервтик-паралитикалык уу менен ууландырылган. Азыркы кезге чейин анын сүйлөө жана кыймыл-аракетти координациялоо жөндөмү калыбына келе элек. Ага карабай ал кайратынан жазбай жолугушууларды улантып келатат. Тилеке каршы биз ким жана качан жасаганын билбейбиз. Бирок жасалганы факт. Анын кыйыр далилдери арбын. Алардын бири, атайын кызматтардын жана бийликчил журналисттердин Атамбаев мейманканадан чыккандан баштап эле камерага тартууга даяр турушканы.

Саясат таануучу Марс Сариевдин көз карашында чынында эле жагдай ушундай болуп атат :

- Шайлоонун атмосферасы ушундай болуп атат. Эл коркуп атат. Чатак чыгып кетпесин, кан төгүлүп кетпесин, журналисттер сабалып атат, антпесин, минтпесин деп. Өзүнчо эле сенек болуп атат. Ошон үчүн бул дагы бийликтин иши. Ар кайсы ыкмаларды пайдаланып атат. Абдан сезилип атат, мисалы, жарандык коомдун активдүүлүгү төмөндөп кетти аябай.


Шайлоо Кодексине ылайык үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт. БШК алдыдагы шайлоого даярдыгы шайма-шай экенин ушул аптада атайын маалымат жыйынын уюштуруп, ажарыя кылды. Кыргызстандыктар талапкерлер Алмаз Атамбаев, Курманбек Бакиев, Жеңишбек назаралиев, Нурлан Мотуев, Темир Сариев жана Токтайым Үмөталиеванын кимисин шайлаары 23-июлдагы добуш берүүдөн кийин анык болот.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG