Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Чоң оюндун жүрүштөрү жана имиштери


Бириккен Элдик Кыймыл бирдиктүү талапкерди жарыя кыла элек

Бириккен Элдик Кыймыл бирдиктүү талапкерди жарыя кыла элек

Өтүп бараткан аптада президенттик шайлоого талапкер болууну каалагандардын жоон тобунун аты коомчулукка белгилүү болду. Алардын арасына саясий салмагы күчтүү саналган саясатчылар кошулган жок.

Өтүп бараткан аптада президенттик шайлоого талапкер катары каттоо арызын Борбордук Шайлоо Комиссиясына үч киши берди. Алар - “Даанышман” (“Мудрость”) партиясынын башчысы Дамира Өмүркулова, Кыргызстан патриоттук кыймылдын башчысы Назарбек Нышанов жана БЭКтин мүчөсү, мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаков.

Булардан тышкары президенттик үчүн ат салышаарын ишкер Акбаралы Айтикеев, дарыгер Кубанычбек Апас, “көмүр падышасы” атыккан Нурлан Мотуев, парламенттин мурдагы депутаты Замирбек Парманкулов жарыялашты.

Мындай оюн мурдараак саясий кеңештин чечимине таянып “ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу да ачыктаган. Алардын көпчүлүгүнүн демилгелерине коомчулукта анча маани берилген жери жок. Президент болууну каалаган бул адамдардын марага жетерине ишенбегендердин катарында “Туран” саясий партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев да бар:

- Бул адамдардын ар-намысына шек келтиргим келбейт, бирок, шансы жокко эсе деп айта алам ачык эле. Рекламанын, саясий рекламанын негизинде мен саясатта бармын дегендей аракет болушу мүмкүн. Ошондой эле бир көрүнүп коеюн дегендер бар. Айрымдары бийлик менен сүйлөшүп, кандайдыр бир соодалашсам деген ниети бар талапкерлер да болушу мүмкүн. Алардын арасында жакындаганда кетип калам дегендер чыгышы мүмкүн.

Саясат таануучу Марс Сариев чоң саясий жарыштар саясий технологиянын жардамысыз ишке ашпайт дейт. Ушул өңүттөн алганда саясий мол тажрыйба топтой элек, элге анча таанымал эмес жарандардын саясий жараяндарга аралашуусу бийлик даярдаган сценарийдин туундусу:

- Алар өздөрү аны сезбейт деле. Нышанов деле, Кубанычбек Апас деле, Мотуев деле, башкалары деле аны сезишпейт. Бирок алар чоң оюндун ичиндеги фигуралар. Алар Текебаевдин, Атамбаевдин же Сариевдин же оппозициядагы башка саясатчылардын шайлоочуларын тартып алууга багытталган. Алар деле чакчелекей сөздөрдү айтышы мүмкүн, ар кандай билдирүүлөр менен чыгышат. Ошентип оппозицияны иритет. Анан шайлоочулар оппозицияга тескери карап калат. Ошондуктан бул дагы оюн.

Талдоочу президент Курманбек Бакиев башында турган “Ак жол” партиясынын кезексиз курултайынын улам кийинкиге жылдырылып жатышын да саясий оюндун бир ыптасы дейт. Талапкерди көрсөтүү жараянында чечүүчү орунда турган президенттин партиясынын кезексиз курултайы шайлоо жарыялангандан бери үч ирет которулду.

“Акжолчулар” мунун себебин бир гана уюштуруу маселелери менен байланыштырышууда. Курултайда бир талапкер – партия лидери Курманбек Бакиев көрсөтүлөөрү буга чейин бир нече курдай айтылган. Анын үстүнө Бакиев өзү деле шайлоого барарын президенттик шайлоо жарыялана электе эле айткан болчу.

Партия ушул эле көз карашты карманып турганын партиянын парламенттеги фракция мүчөсү Табылды Орозалиев да “Азаттыкка” тастыктады:

- Президентти гана көрсөтөбүз. Ал биздин саясий лидер да. Ошол гана маселе турат бизде азыр.

Ошондой болсо да акыркы расмий тастыктоого караганда кезексиз курултай 1-майда өткөнү калды.

Ага жараша президенттик жарышта бириккен оппозиция бир күч менен шайлоого барып, Курманбек Бакиевге каршы бир талапкерди сүрөө убадасын ишке ашырган жери жок. Бул дал ушул бийликтин чечимин кылчактоонун натыйжасы катары бааланып, мындай жагдай оппозицияга пайда алып келбей тургандыгы айтылууда:

- Ак үй чойгон сайын тил табыша албай, алек болуп атып эле оппозиция шайлоого жетишпей калат. Орусча айтканда Ак үй менен оппозициянын ортосунда чоюлган окоптук согуш жүрүп атат, - деп салыштырды талдоочу саясий таймаштын азыркы жагдайын.

Өз кезегинде оппозиция лидерлери сүйлөшүүлөр оор, бирок тынымсыз жүрүп жатканын, бирок акыры алдыга койгон максатка жетерин бир ооздон кайталап келатышат.

Алардын бири, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, депутат Роза Отунбаева “Азаттыкка” буларды айтты:

- БЭКтин атынан талапкерди көрсөтөбүз. Чечебиз. Татыктуу адамдарды чыгарабыз. Көп партиялар, көп кыймылдар кошулуп атат. Татаал шартта иштеп атабыз баарыбыз. Кыргызстанда диктатура болуп атат, авторитаризм болуп атат. Азыр таза шайлоо дегендин жыты да жок. Азыркы бийлик баарын өз кызыкчылыгына буруп атат ачык эле, эч кимден коркпой эле. Биздин алдыбызда чоң, маанилүү, татаал иш турат. Калктын жарымынан көбүнүн көз карашын чагылдыра турган күч болуп атабыз. Ошондуктан биз татыктуу адамды чыгарабыз.

Роза Отунбаева учурда оппозициядагы президенттикке ыктымал талапкер саясатчылардын катарында саналууда. Мындай боолголоо анын аял саясатчы экендигин, эл аралык деңгээлдеги тажрыйбасы менен негизделүүдө. Өзүнүн талапкер болуу ыктымалдыгы тууралуу айтуудан башка лидерлер сыяктуу эле экс-министр дагы сактанып турат.

Бул аралыкта саясий чөйрөдө таасирдүү саясатчылар башкарган оппозициялык партиялар четинен президенттик шайлоого өз алдынча кам көрө башташты. Маселен, Социал-демократтар партиясы жакынкы он күн аралыгында саясий кеңешке чогуларын жума күнү айтып чыкты.











Партиядагы лидерлер Алмаз Атамбаев менен Бакыт Бешимов эл оозундагы ыктымал талапкерлердин катарында саналып келатат. Өз лидерин чыгаруу ниетин Темир Сариев башында турган “Ак шумкар” партиясы дагы өтүп бараткан аптадагы саясий кеңешинде билдирди.

Анткен менен Темир Сариев бул оппозицияда ажырым кетти дегенди билгизбейт деп ишендирди “Азаттыкты”. Анын айтымында бириккен оппозиция бир күч болуп чыгаарда кыймылдагы партиялардын чечимдерине таянат:

- Биз он бештеринде (апрель-авт.) дегенбиз да. Кеп-кеңештер жүрүп атат. Анан чечебиз. “Ак шумкардын” чечими да эске алынат го дейм.

Ушуга эле үндөш пикирин БШКга алгачкылардын катарында арыз жолдогон экс-министр, БЭКтин мүчөсү Исмаил Исаков да билдирип, муну оппозициянын тактикалык жүрүштөрүнүн бири деп түшүндүргөн.

Ошол эле мезгилде оппозициялык лидерлердин ар биринде президент Курманбек Бакиев менен теңата таймашка чыгууга тоскоол болчу өксүктөрү, элди ээрчитүүгө тоскоол болчу жагдайлары бары айтылууда. Ошондой болсо да Марс Сариевдин оюнда азыркы кыйчалыш учурда өзүнө упай топтоо үчүн оппозиция реалдуу талапкерге ой токтотушу керек. Мындай талапкер Өмүрбек Текебаев деп эсептеген талдоочу анын өз оюнан кайтышын эп көрөт:

- Менин оюмча Текебаев баш тартса деле суранып туруп аны кайра койсо болот. Текебаев алда-канча реалдуу талапкер да.

“Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев оппозициянын алдыңкы сабында турган лидер катары саналат. Ал буга чейин эки ирет президенттик шайлоого катышып, акыркы ирет 2000-жылы “Ар Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов менен тандем түзүп, шайлоодо 14% добуш алган. Көз карандысыз байкоочулар ошол кездеги президент Аскар Акаев административдик ресурс колдонбогондо биринчи орун алмак деген түкшүмөлдөрүн да айтышкан.

Бирок бул жолку шайлоодо өзүн конструктивдүү оппозицияда санаган Феликс Кулов дагы, президенттикке бириккен оппозициядан биринчи талапкер катары аталып келген Өмүрбек Текебаев дагы президенттик шайлоого баруудан баш тартышты. Кулов талапкердиктен баш тартуу жайын өлкөдөгү стабилдүүлүккө артыкчылык берери менен негиздеди.
“Темир Феликстен” айырмаланып Текебаев өзүнүн талапкердиктен баш тартышын оппозициянын бирдиктүү күч катары чыгышына көмөк көрсөтүү аракетине байлаган. Ошол эле мезгилде коомчулукта бийликтин моралдык-психологиялык кысымы Текебаевди талапкердиктен баш тартууга мажбур кылды дегендер бар. Анын үстүнө Текебаевге оппозициячыл саясатчынын үлгүсүн көрсөтүп келатканы менен, ошол эле оппозициянын башын бириктире алган жок деген дооматтар айтылып жүрөт.

Анткен менен Текебаевдин саясий кеңеш аркылуу кабыл алган чечими президенттик шайлоодон биротоло баш тартты дегенди билдирбейт. Муну саясатчы өзү да төгүндөгөн жери жок. “Таптакыр эле эч ким чыкпай калса ойлонуп көрөбүз” деп жооп берди саясатчы “Азаттыктын” суроосуна.

Бирок оппозициядан таптакыр эч ким чыкпай калат дегенге караганда шайлоого ар ким өз жолу менен барат деген божомолго ишенгендер көбүрөөк болууда. Президент Курманбек Бакиевдин саясатын жактаган чөйрөдө болсо оппозициянын башы бирикбейт, ага жараша жеңишке жетүү максаты – куру дымак деген ишеним күч. Маселен, саясат таануучу Жолборс Жоробековдун көз карашында:

- Буларда биригүү деген болбойт. Биригүү өтө кыйын. Дымагы чоң жигиттер булар. Бири-бирине атаандашып, кимибиз күчтүүбүз, кимибизди кыргыз эли колдойт деген бар да. Кыскасы лидер жок. Экинчиден Кыргызстанды кыйынчылыктан моминтип алып чыгып кетебиз деген программа бирөөсүндө да жок. Бирдиктүү план жок.

Ушундай эле көз карашын “Азаттык” менен Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев да бөлүштү.

Чындыгында эле оппозициялык лидерлер жеке дымагына алдырган шартта алардын кандайдыр бир жеңишке жетиши кыйын дейт талдоочу Сариев:

- Катачылыгы ушул дымагында болуп атат. Оппозиция бийликти күтүп атат, бийлик аны түшүнүп, чоюп, иритип атат. Ошентип атып оппозициянын күчү да, шайы да кетип калат, анан бири-бири менен талаш-тартыш башталат.

Бул аралыкта коомдук-саясий марага биринчи жетүү үчүн айыгыш күчөп баратканда үчүнчү тараптан күтүүсүз карылуу талапкер чыгып калышы мүмкүн деп күтүнгөн ойлор айтыла баштады. Андайлардын катарында айрым маалымат каражаттарында бул аптада дарыгер Жеңишбек Назаралиев тууралуу жазылды. Дарыгер Назаралиев Кыргызстандын саясатында март ыңкылабынын күжүрмөн катышуучусу жана 2005-жылкы президенттик шайлоого талапкер катары таанымал.

“Туран” партиясынын лидери Тайырбек Сарпашов президенттикке талапкер кирди-чыкты жарандардын эсебинен, кокустан чыга калат деген божомолдорго ишенбейт:

- Кыргыз элинин менталитетин эске алганда билинген, аты угулган, саясий бар-баасы бар адамдар эле катыша алат. Асмандан, мисалы, Обама сыяктуу бирөө чыга калышы мүмкүн деп мен ойлобойм. Жарым жылдын ичинде эле бирөө чыга калышы Кыргызстандын шартында татаал.

Талдоочу Марс Сариевдин баамында негизи эле саясий күрөштө оппозиция дагы, бийлик дагы саясий күрөштүн маданияттуу жолун тандап алып, күтүүсүз жүрүштөрдөн сак болгону оң. Анткени Молдованын көрүнүшү кайталанбайт деп эч ким кепил боло албайт дейт.

Шайлоо Кодекси боюнча Кыргызстанда 23-июлда болот деп күтүлүп жаткан президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 18-майда аяктайт. Талапкер болууну каалаган ар бир инсан 50 миңден кем эмес кол топтогондо гана катталуу укугуна ээ болот.

Эске салып койчу өңүт: 2005-жылкы шайлоодо 13 талапкер каттоодон өткөн. Алардын ичинен Урмат Барктабасов, Назарбек Нышанов, Гайша Ибрагимова, Жусупбек Шарипов, Алимбай Сатыбаев, Дамира Өмүркулова, Жеңишбек Назаралиев ар кандай себептер менен шайлоого чейин жетишкен эмес. Ал эми шайлоого катышкандардын ичинен 80% пайыздан ашык добуш алган азыркы президент Курманбек Бакиевден кийинки экинчи көп добуш алган Турсунбай Бакир уулу болгон. Ал шайлоочулардын 4%га жакын добушун топтогон.

Ыңкылаптан кийинки алгачкы шайлоого бириккен азыркы оппозициянын курамындагы саясатчылардын бири да талапкер катары катышкан эмес.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG