Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

Бейөкмөт уюмдар президенттикке талапкерлерди жарышка түшпөөгө үндөгөн кайрылуу таратты. Жарандык коомдун мындай үндөөсү парламентарийлердин дароо каршылыгын жаратты.

Талапкерлерге кайрылууну өлкөгө белгилүү 6 бейөкмөт уюм жолдоп, аны колдоочулардын колун топтоп жатат. Алар шашылыш өткөрүлгөн президенттик шайлоо саясий туруктуулукту бузуп, мамлекетти коркунучка кептелтиши мүмкүндүгүн белгилешип, эл менен талапкерлерди элден мурун шайлоо системасын өзгөртүп, шайлоочулардын тандоо укугун калыбына келтирүүгө чакырышты.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулованын айтымында, кайрылууга элдин шайлоого ишениминин жоголгондугу түрткү берген башкы себеп болду:

-Шайлоо системасына Кыргызстандын жарандары ишенбей калышты. Ошондуктан президенттик шайлоону өткөргөнгө чейин шайлоочулардын шайлоого болгон ишенимин жогорулатып, добуш берүүнүн жыйынтыгына эл ишене тургандай абалга алып келиш керек. Экинчиден, бүгүнкү күнгө чейин парламенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө чыга элек жана парламент легитимдүүлүккө ээ эмес. Ошондуктан эң ириде парламентти легитимдүү макамга ээ кылгыла, андан кийин президенттик шайлоо өткөргүлө деп кайрылып жатабыз.

Президенттик шайлоого бойкот жарыялоо зарыл экендигин буга чейин БЭКтин мүчөсү, экс-коргоо министри Исмаил Исаковдун бир нече жолу айтканы бар. Ушундан улам Исаков жарандык коомдун тынчсыздануусуна толук негиз бар, анткени бийлик азыртан эле оппозициячыл талапкерлерге ылым санаган шайлоочулардын үшүн алып, добуш берүүнүн басым астында болорунан кабар берип жатат деген ойдо:

-Алардын кайрылуусу туура. Себеби бийликтин жасап жаткан аракеттери шайлоонун таза өтүшүнө жол бербейт. Буга шайлоону эл эс алып жүргөн жайында белгилегени, биздин талаптарды аткарбаганы жакшы далил. Ал түгүл полициялык режим күчөп, менин өкүлдөрүм кол топтой баштаганда кээ бир жетекчилер чакырып алып, “Эмне үчүн колуңарды коесуңар?” дегенге чейин барышыптыр. Мындай шартта шайлоо таза өтпөйт.

Исмаил Исаков БЭК бул маселени жакындагы жыйынында талкуулап, анан бир чечимге келээрин да кабарлады.

“Эрк” партиясы талапкерликке көрсөтсө жарышка түшүүгө даярданып жаткан экс-Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу коомчулуктун мындай талабын талапкерлер гана эмес бийлик да эске алып, чара көрүүгө милдеттүү деп белгиледи:

-Президенттик шайлоо быйыл өтүшү керек деген чечимге биз башында каршы болгонбуз. Конституциялык Сот шайлоо мөөнөтү боюнча бурмаланган чечим кабыл алды. Эгер мындай талап коомчулук тарабынан болуп жатса биз сөзсүз түрдө талкуулап, туура болсо талапкерликтен баш тартышыбыз мүмкүн. Бирок аны партиянын саясий кеңеши же курултайы чечет. Бул маселени мамлекеттик жогорку бийлик да карап, терең көңүл бурушу зарыл.

Жарандык коомдун кайрылуусу адаттагыдай эле Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаттарынын катуу сынын жаратты. Алардын бири Ибрагим Жунусов бейөкмөт уюмдар жөн жерден талаш жаратып, коомдо карама-каршылыкты күчөтүүгө ынтызарлыктан гана ушундай чакырыктарды таштап жатат дейт:

-Бул такыр туура эмес. Бейөкмөт уюмдар кандай гана маселе болбосун баарын эле жокко чыгарып, бийлик туура эмес жолдо деген билдирүүлөрдү жасап жатат. Парламентти легитимсиз деп айтканга алардын такыр акысы жок. Шайлоо бүткөндөн туура төрт күндөн кийин кайсы партия канча пайыз добуш алганы “Эркин Тоо” гезитине чыккан. Ушул убакка чейин гезит окубагандар маалымат каражаттарына жарыяланган жок деп айтып жүрүшөт. Шайлоо Кодекси бурмаланды дегенге да мен бир мисалды көргөн жерим жок.

Жарандык коом кайрылууга бийликтин сунушу менен гана тандалган БШКнын курамын кайра түзүү зарылдыгы да түрткү берди деп билдиришти. Ал эми БШК президенттик шайлоо өнөктүгүнө катуу киришип, 14-апрелдеги жыйынында арыз берген талапкерлерди расмий каттоого алуу даярдыгын көрө баштады.

Саясат талдоочулар ушундан улам жарандык коомдун чакырыгы кечигип ташталды жана ал эми эч кимге таасир бере албай калышы мүмкүн деп баалап жатышат. Ал тууралуу саясат талдоочу Табылды Акеровдун ою төмөнкүчө:

-Бейөкмөт уюмдар кайрылууну мурдараак эле айтса болмок. Себеп дегенде саясий абал акыркы мезгилде ушундай нукка алып бараткан. Жарандык коомдун тынчсыздануусун түшүнсөк болот. Кезектеги шайлоо өтө ыплас өтөт, бийлик ага атайы кам көрүп, мурдатан даярдалган сценарий менен өткөрүүгө даярданып алган. Ал эми оппозиция кайрылууга кандай жооп берерин айтыш кыйын. Алар деле “Ак жол” партиясынын кыймыл-аракетине жараша жүрүштөрдү жасап, активдүүлүктү көрсөтө элек. Бирок саясий партиялар шайлоого бойкот жарыялап, шайлоону күздө өткөрүүнү талап кылганы туура болот деген ойдомун. Анткени шайлоону демократиялык негизде өткөрүү үчүн бүт чараларды көрүш керек.

Табылды Акеровдун баамында бийлик президенттик шайлоодон кайра тартмак түгүл шайлоону жапырт колдойбуз деген ураан чакырган шайлоочулардын кайрылууларын уюштуруп, жеңишке жеткиче коомдо жасалма кырдаал түзүшү мүмкүндүгүн божомолдойт:

-Мисалы үчүн ар кайсы жактардан каттарды жиберип, бийликти колдогон кайрылууларды кабыл алдыртып, массалык маалымат каражаттарына таратып, бийлик каалаган вариантта өткөрүүгө аракет жасайт деген тынчсыздануу бар.

“Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова болсо бийлик кайрылууга жооп кылып, жок дегенде БШКнын курамын сапаттык жактан өзгөртүп, талапкерлердин баарына тирбей шарт түзүп, административдик ресурстан баш тартса шайлоого эл ишенмек деп тынчсызданат.

Президент болсо жарандык коомдун ушундай эле талап менен буга чейин өзүнө жолдогон кайрылуусуна жооп бере элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG