Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

“Элдик кеңеш” кыймылы кезектеги жыйынында парламенттик шайлоону таза өткөрүү жөнүндөгү маселени карады. Анда айтылган ой-пикирлер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө “Азаттыкка” аталган кыймылдын тең төрагасы Орунбек Чондоевдин берген маегинде сөз болот.

- Орунбек мырза, “Элдик кеңештин” кечээги отурумунда таза шайлоо өткөрүү маселесин көтөрдүңүздөр. Анда козголгон негизги көйгөйлөргө токтоло кетсеңиз?

- Негизги актык, тактык, калыстыкты канткенде камсыз кылабыз деген көйгөйлөрдү көтөрүүгө аракеттендик. Шайлоо ачык шайлоо болуп калыстык менен өтөбү деген негизде өттү. Элдин отурумунда ар кайсы региондон келген биздин өкүлдөрүбүз, биздин кеңештин мүчөлөрү катышты. Андан сырткары прогрессивдүү кыргыз элинин, жеринин тагдырын ойлогон инсандар жана партиялардын өкүлдөрү катышты. Бийлик өкүлдөрүн чакырсак да катышпагандыгы биз үчүн өкүнүчтүү болду. Ага карабастан талкуу абдан кызуу өттү. Биз ойлойбуз кеңешибиз ата-бабаларыбыздан калган каада-салттардын негизинде, этеги бата кылуу менен өттү, ошону кабарлап коелу деген оюбуз бар эле.

- Азыр коомчулукта мамлекеттик мекеме-ишканаларда “Ак жол” партиясына күчтөп өткөрүп, президенттик шайлоодо азыркы президентке добуш бересиңер деген маселе кабыргасынан коюлганы айтылууда. Силердин жыйында бул тууралуу сөз болдубу?

- Бул тууралуу сөз болгон жок. Анткени биздин негизги максатыбыз шайлоо маселесин көтөрүп, актык-тактык деп атайын эл менен кеңешкен учурубуз бар эле. Бирок бул маселеге көңүл бурсак да болот. Себеби кийинки отурумубузда ушундай маселелерди көтөргөнгө бизге ылайык болуп калды. Себеби арыздар түшүп атат. Ошон үчүн ушуга көңүл бурабыз деген ойдо турабыз.

- “Элдик кеңештин” кечээги жыйынына келген адамдар канчалык деңгээлде алдыдагы президенттик шайлоо таза өтөт деген ишенимде?

- Ар бир адамдын, ошондой ар бир партиянын жетекчилеринин ойлору бар экен. Чынын айтканда көпчүлүк ишенбөөчүлүк менен ойлорун айтып атышат.

- “Элдик кеңеш” президенттик шайлоо боюнча кандай жыйынтык чыгардыңар?

- Бийлик өкүлчүлүгү менен так отуруп кеңешүү маселесин алдыга коюп атсак, алар келбегенден кийин, анан кандай жыйынтык чыгаруу түшүнүктүү болуп калды го. Ошондуктан шайлоого ишеним көрсөтпөө маселеси так айтылды.

- “Элдик кеңештин” отуруму шайлоо боюнча дагы качан өткөрүлчүдөй болуп атат?

- Сиз айткан маселени жана бир топ маселени карап көрүүгө умтулуп атабыз. Жакынкы арада кайра дагы жыйын өткөрөбүз го деген ой. Себеби эл муну каалап калганын көрдүк, өкүлчүлүктөн келген адамдардын курамы айтып турат, керектүү нерсе экенин биз дагы түшүнүп калдык. Ошон үчүн дагы жыйын өткөрөбүз го деген ойдо турабыз.

- Маегиңизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG