Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

БЭК К.Бакиевди телеэрөөлгө чакырды


БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров шайлоо өнөктүгү мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын белгилеп, президентикке талапкерлер К.Бакиев менен А.Атамбаев экөөнү телетаймашка чыгарууну БШКга сунуштаганын билдирди.

БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров 2009-жылдын 23-июлу президенттик шайлоо күнү деп белгилениши укуктук жактан аныкталбаганын, бул шайлоо мөөнөтүндө өткөрүлүп жатабы же мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жатабы, бул суроого бир дагы мамлекеттик органдар жооп бербегенин билдирди. Анын пикиринде, бул маселе шайлоо бүткөндөн талаш-тартышты жаратып, «Бакиевдин мөөнөтү ушул 23-июлдан тартып башталып калышы мүмкүн».

А.Бекназаров ошондой эле Шайлоо Кодексинин 11-беренесинин 1-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы облустук, Бишкек, Ош шаарларынын шайлоо комиссияларынын курамын түзүшү керек. «Тилекке каршы, БШК Ош, Бишкек шаардык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүнүн мөөнөтү бүтсө дагы алардын курамын жаңыртпай, токтомдун негизинде комиссиялардын укугун узартып койгону мыйзамды одоно бузгандык»,-дейт Бекназаров.

-Эгерде укуктук мамлекет болсо бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясын жоопко тартса болот. “Кызмат абалынан кыянаттык менен чегинен чыгып, аша чаап кетишти. Мыйзамды бузуп алардын укугун беш жылга узартып койду”,-деген. Бул чоң мыйзам бузуучулук, -деди Бекназаров.

Бул маселе боюнча СДП Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берип, Биринчи май райондук сотунда каралды.

“Бүгүн Биринчи май райондук соту БШК Шайлоо Кодексинин 11-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо участкаларынын курамын түзүү жана алардын укуктары жөнүндөгү мыйзамды бузгандыгы жөнүндөгү арызды карап, БШКнын өкүлүнүн пикирин жана биздин жүйөөлөрдү укту. Сот бул документ менен толук таанышып чыгуу үчүн соттук териштирүүнү 3-июлга жылдырды”,-деди жактоочу Галина Скрипкина.

Борбордук шайлоо комиссиясы өз кезегинде БЭКтин штаб башчысы менен СДПнын коюп жаткан дооматтарына моюн сунбай, аларды негизсиз деп четке кагууда.

БШК шайлоо өнөктүгүн мыйзамдын алкагында өткөрүү багытында алгылыктуу иштерди алып барууда. Үгүт иштери боюнча атайын жумушчу топ мыйзамдын бузулушуна жол бербөө үчүн катуу көзөмөл жүргүзүүдө”,-дейт БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов. -Облустук жана Бишкек, Ош шаардык комиссияларынын полномочиелери азыркы күнгө чейин бүтө элек. Анан Шайлоо Кодексинин 11-беренесинин 1-пунктунда шайлоо участкаларынын курамын түзүү жана алардын полномочиелери жөнүндө каралган. Ага ылайык жаңы курамы келгенден кийин гана эски курамынын полномочиеси бүтөт. Ошондуктан БЭКтин коюп жаткан дооматтары орунсуз.

Азимбек Бекназаров ошондой эле шайлоо алдындагы үгүт иштери боюнча дагы Шайлоо Кодексинин бир катар беренелери бузулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, үгүт иштерине диний уюмдардын мүчөлөрү жана өкүлдөрү, укук коргоо, салык, бажы жана финансы органдарынын кызматкерлери, аскер кызматчылары катыша албайт, деп мыйзамда бадырайтып жазылып турса дагы, муну бийлик тескери колдонуп жатат.

-Бүгүн Бакиевдерге үгүт иштерин кимдер уюштуруп жатат. Бардыгы мамлекеттик кызматкерлер. Губернаторлорунан баштап, акимдер, салыкчы, милиция, соту жада калса прокурорлору үгүт иштерине катышып жатышат. Ошолорго урук-туугандарыңан беш-алтыдан киши алып келесиң деп план салып койгон. Мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик ресурсун пайдаланып жатат. Катчыларын кошуп, машинелерди, зданияларынан бери пайдаланып жатышат.

Бекназаров белгилегендей, Улуттук теле радиокрпорациясы, “5-канал”, мамлекеттик басылмалар жалаң бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатышат.

Шайлоочулар кимдин-ким экенин ачык билиши үчүн талапкер Курманбек Бакиевди БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев менен телеайтышка чыгаруусун БШКдан суранабыз”,-деди Бекназаров.

XS
SM
MD
LG