Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

БЭК шайлоонун шайтан оюндарын сот аркылуу ооздуктоого бет алды


БЭКтин талапкери Алмазбек Атамбаевдин Ысык-Көлдөгү жолугушууларынан.
БЭКтин талапкери Алмазбек Атамбаевдин Ысык-Көлдөгү жолугушууларынан.

БЭК сотко Ысык-Көл облусунун бийлик жетекчилерин жазага тартууну талап кылган доо арыз берди. Кыймыл муну менен шайлоо убагында жана ага чейин административдик ресурстарды колдонууга бөгөт коюу максатын көздөөдө. Бийлик менен БШК оппозициячыл кыймылдын мындай дооматына негиз жок деп четке кагууда.

Бириккен элдик кыймылдын атынан Каракол шаарындагы район аралык сотко доо арызды укук коргоочу Качкын Булатов берди. Ал арызында кыймылдын демилгеси менен 31-майда Ысык-Көл облусунун Түп районунда төртүнчү элдик курултайды өткөрүүгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тоскоолдук кылды деп белгилеп, аларды жоопко тартууну талап кылды.

Качкын Булатовдун айтымында, жергиликтүү бийлик жетекчилери Конституциянын 23-беренесинде көрсөтүлгөн курултайды өткөрүүгө каршы ар кандай чагымдарды уюштуруп, жарандардын чогулуш өткөрүү укугун басмырлап, мыйзамга каршы ишке барды. Ошондуктан укук коргоочу Ысык-Көл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаевден баштап, бардык район акимдери, шаар мэрлери жана ички иштер, прокуратура жетекчилерин жоопко тартууну соттон талап кылууда:

- Алар машиналарды камап, элдерди кубалап, коркутуп-үркүтүп, элге, мыйзамга каршы иштерди жасашты. Менде буларды далилдеген матеиалдар бар. Эгер сот акыйкат болсо сөзсүз утам.

Оппозициячыл БЭК сотко доо арыз берүү менен шайлоо алдында жана добуш берүү учурунда жергиликтүү бийликтин басымын токтотуу үчүн сес көрсөтүү максатын көздөп жатат. Анткени БЭКчилер курултайды өткөрүүгө жана андан кийинки шайлоо өнөктүгүндөгү бут тосууларды бийликтин, тактап айтканда, президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен жасап жатат деген ниетте.


БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү

Топчубек Тургуналиевдин билдирүүсү боюнча, Бакиевдин буйругусуз жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мыйзамга каршы эч кандай аракеттерди жасай алышмак эмес:

- Кыргызстанда бир гана чоң кожоюн бар. Ал президент Бакиев. Конституцияда жазылган жобо боюнча тынч мүнөздөгү чогулуштарды, курултайларды өткөрүүгө ар бир жаран укуктуу. Эгер Ак үй тараптан андай буйрук болбосо мына ушундай укукту чектеген аким, губернаторлорду кызматтан алып сазайын берүү керек болчу. Демек, андай буйрук болгон.

Укук коргоочу Качкын Булатов да президент мындай буйрук бербесе Конституцияны бузган бийлик өкүлдөрүн кызматтан алууга милдеттүү, эгер ага алы жетпесе көрсөтмө берген адам катары өзү кызматтан кетүүгө милдеттүү деген талап коюуда:

-Президент аларга жаза чара көрбөгөндөн кийин өзү көрсөтмө болуп калып жатат. Буйрук берген адам катары президент президенттик шайлоодон өзүнүн талапкерлигин алып салуусу керек. Себеби бул мыйзамсыз иш.

Ал эми бийлик өкүлдөрү оппозициянын мындай дооматын негизсиз деп жуутпай, шайлоо алдында кырдаалды курчутуу үчүн атайылап жасап жаткан оюндар деп баалоодо. Ал тууралуу президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов мындай дейт:

- Андай буйрук болгон эмес жана мындан ары да болбойт. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык ким, кайсы жерде болбосун кандайдыр бир мыйзам чегиндеги акцияларды өткөрүүгө укуктуу. Түптөгү окуя учурунда бийлик тарабынан, анын ичинде президент тарабынан эч кандай буйрук берилген эмес.

Оппозиция азыр бийлик шайлоо алдында талапкер Алмаз Атамбаевди жарыштан чыгаруу үчүн административдик басымдарды көз-көрүнөө жасап, чагымдарды уюштурууда жана мындай иштер менен бүтүндөй БЭКти шайлоо өнөктүгүнөн алагды кылууга аракеттенүүдө деген кыязда. Топчубек Тургуналиевдин баамында, андай окуялардын эң башкысы президенттикке талапкер Нурлан Мотуевдин Алмаз Атамбаев менен анын маалыматы жарыяланган “Комсомольская правда” гезитине каршы берген доо арызы болду. БЭК мына ушундай доо арыздарга көңүл бурбай, атайын жасалып жаткан мыйзамсыз иштер менен чагымдар боюнча сотко шайлоодон кийин кайрылууга даярданууда.

Анткени БЭК азыр чагымдарга күч коротпой, бардык кубатты оппозиция лидеринин жеңишине жумшоосу зарыл дейт Топчубек Тургуналиев:

- Атамбаевге каршы күнүгө тынымсыз бут тосуулардын чоң бир мааниси бар. Эгер БЭК жана Атамбаевдин шайлоо штабы атайын жасалып жаткан тигил же бул окуя боюнча сотко арыз бере турган болсок ондогон, жүздөгөн адамдарыбыз сотто жүрүүгө мажбур болот эле. Азыркы негизги максатыбыз күнү-түнү менен чапкылап, Кыргызстан татыктуу турмушка жетсин десеңер Атамбаев үчүн добуш бергиле деп элди үгүттөө да. Ошондуктан мына ушундай иштен алагды кылуу үчүн алар көп иштерди атайылап жасап жатат.


Ал эми БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов оппозициянын жолугушууларда бут тосуулар, чагымдар болуп жатат деген маалыматы негизсиз деп билдирди. Анын атымында, БЭК БШКга андай окуяларды тастыктаган бир да расмий арыз менен кайрылган эмес:


-Азыркы күнгө чейин бут тосуу болуп жатат деген кайрылуу болгон жок. Жөн эле айта бербей расмий түрдө кайрылышсын. Териштирип келсек көп учурда калп, ушак болуп чыгып жатат.

БЭКтин өкүлдөрү шайлоонун калыс жана ачык өтүшү үчүн өзү шарт түзүүгө аракетти күчөтөөрүн, эгер мыйзам бузуулар күч алса каршылык акцияларга баруудан кайра тартпай тургандыгын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG