Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

Президенттикке талапкерлердин ичинен азыркы президент К. Бакиев менен Н. Мотуевден башкасы административдик басым күч алганын айтууда. БШК болсо аны мыйзам бузуу тууралуу расмий доо түшкөн жок деп четке кагып жатат.

Азыр ушул тапта президенттик шайлоону өткөрүүгө өлкө боюнча 2330 шайлоо участкасы камдалып, эки миллион 700 миң шайлоочунун добушу берүүсү үчүн шарт түзүлдү. Бирок, так талашка түшкөн алты талапкердин бири Токтайым Үмөталиева шайлоочулардын көбүн бир гана талапкерге добуш бердиртүү аракети күчөдү, ага Бакиевдин өзү катышпаган жолугушууларды өткөрүп жаткан бийлик өкүлдөрүнүн башка талапкерлерге көз-көрүнөө бут тосуусу күбө дейт:

-Кээ бир жерде, маселен, Баткендин Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларындагы жолугушууларда чарчадым. Уят-сыйытты тыйып коюшуп эле Улуттук коопсуздук кызмат комитетинин балдары машинасы менен машинаны сүзгөнгө чейин барышып, арттан кууп жүрүшөт. Ой, балам, калып калчы же жаныма келип отурчу дегенге чейин бардым. Алар артыбыздан жүргөндө эл да жолукпайт экен. Базарга барсак базардан же башка жакка барсак башка жерден жолугушууга орун беришпейт.

Чукул жарыяланган президенттик шайлоого жарандык коом жакшы даярдык көрө алган жок. Бирок азыр өнөктүккө жарандык уюмдар биримдигинин 25 узак мөөнөттүү байкоочусу көз салып жатат.

Биримдикке кирген “Интербилим” уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаеванын айтымында, бул жолку шайлоодо административдик басым, өлүү жандарды тизмеге киргизүү, шайлоо комиссияларына бийликти жактаган адамдарды гана топтоо сыяктуу мурда боло жүргөн көрүнүштөр унутта калган жок. Буларга кошумча өз ой, көз карашы бар адамдарды урук-тууганы менен кошо коркутуу ыкмасы катуу өөрчүдү дейт Асия Сасыкбаева:

-Быйыл административдик басым катуу болуп жатат. “Ата Мекен”, “Ак шумкар” же СДПК партиясынын атынан шайлоо комиссияларына кирген адамдарды коркутуу, жада калса алардын үй-бүлөлөрүнө барып балдарына чейин коркутуу көрүнүшү бар. Ошондуктан кээ бир участкалык комиссияларга мүчө адамдар кетип жатышат. Мисалы Ысык-Көл облусундагы комиссияларга кирген 174 кишинин жетимишке жакыны комиссияда иштей албайт экенбиз, коркобуз деп кайра чыгып кетишти.

Асия Сасыкбаеванын айтымында, мындай мыйзам бузуулар тууралуу БШК баштаган шайлоо комиссияларына берилген арыздар көңүлгө алынбай, комиссия тескерисинче акыл үйрөткөн жоопторду берүүдө.

Ал эми БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаев комиссияга талапкердин укугу бузулду же административдик басым жасалды деген арыз түшкөн жок, демек териштире турган маселе да жок дейт:

-Административдик ресурс болуп жатат деп БШКга эч ким кайрылган жок. Коркутуп-үркүтүү болуп жатат деген да арыз жок. БШКга талапкерлердин биринин артынан бири жазган арыздар гана түштү. Шайлоочулар тарабынан коркутуп-үркүтүү болду деген бир да кайрылуу болгон жери жок.

Анткен менен саясат талдоочулар бул жолку шайлоодо мурдагы көнүмүш саясий технологиялардан тышкары азыркы президенттен ашкан эч ким жок деген көз карашты таңуулаган жаңы ыкма колдонулууда жана аны шайлоого чейинки жана добуш берүү маалындагы саясий соода оюну күчөтүп жатат деп баалап жатышат.

Саясат талдоочу Кубан Абдымендин баамында, бул ыкманы бийлик өкүлдөрү ырааттуу түрдө ишке ашырууда:

- Талапкерлердин арасында эң эле татыктуусу азыр бийликте турган мамлекет башчысы жана башка талапкерлерге жол жок деген ураан менен жүргөн өнөктүк административдик ресурсту колдонуу жолу менен ишке ашырыла турган жаңы ыкма экендиги көзгө көрүнүп жатат. Андан тышкары “Ак жол” партиясы менен иштеше ала турган жана ага жакын болгусу келип жаткан саясий күчтөрдү колдонуу менен сырттан карап, көзөмөл турумунда турган саясий топторду өзүнө тартуу ыкмасын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү пайдаланып жаткан жаңы технологиялардын бири деп атасак болот.

Саясат талдоочунун баамында, өнөктүккө байкоо салган жарандык коомдун өкүлдөрү административдик басымдын жаңы ыкмасы колдонулуп, шайлоочуну унчукпас топко айлантуу аракети күч алгандыгын айтууга чамасы жетпей турат:

- Алардын оозу жабыла тургандай шарт түзүү ыкмасы колдонулуп жатат. Анын эки түрү бар. Бирөө күч менен оозун басуу, экинчиси соодалашуу. Менин оюмча, эки ыкма тең колдонулуп жатат. Көпчүлүк учурда өзүнө-өзү цензура кыла тургандай шарт түзүлгөндүктөн көп адамдардын өз тагдырынан чоочулаган көрүнүш байкалып жатат. Ошондуктан алардын айта турган сөзү болсо да унчукпай, өзүн-өзү сактап турган кездери.

Туура он күндөн кийин шайлоо болуп, кезектеги президент тандалат. Добуш берүүдөн кийин талапкерлер мыйзам бузуулар менен басымдын кесепети тууралуу ачык айтып, таймашка чыгабы же жокпу, азырынча белгисиз. Саясат талдоочулар болсо мындай кадам кезектеги президенттин тандалышына жараша болот деп баамдап жатышат.
XS
SM
MD
LG