Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

А. Атамбаевдин жактоочулары кармалды


Жекшембинин кечинде А. Атамбаевдин шайлоо штабынын үч өкүлүн Ленин райондук милициясы кармап, депутаттар Р.Отунбаева менен А.Кодуранованын кепилдиги аркасында түн жарымынан кийин кайра кое берди.

Окуя Бишкектин "Береке Гранд" соода борборунун жанында болду. А.Атамбаевдин штабы үгүт ишин жүргүзүп жатканда бир катар аялдар аларга таш ыргытып, чуу сала баштаган. Окуяга күбө болгон пенсионер Сабина Турусбекова мындай дейт:

- Мен ошол жерде жашайм. Бүгүнкү жолугушууга келип, алды жакта тургам. Анан беш-алты аялдын бирөө Өмүрбек Текебаевге суроо берип жатып эле эңкейе калып топо алымыш болуп туруп газ баллонду чачты. Биз уу экен деп коркуп кеттик. Мен дароо эле муунуп, милицияны көздөй бакырып-өкүрүп чуркадым. Милицияга барсам алар эч басып келбей койду. Анан мени келип бир абышка чапты, анан дагы бир киши согуп кетти. Андан араң эс алдым, айланайын. Мына ушундай ызы-чуу болду. Бул атайын буйрук. Арасында 7-8 абышкасы, аялдар жана балбандары бар экен. Аларды атайын автобус менен алып келишкен экен. Балбандар колдорунда бычак алып жүрүшөт. Алар “азыр баарыңарды сабап, жинди кылабыз, өлтүрөбүз” деп ызырынып жүрүшөт. Бийликтин жүзү ушулбу?

Бишкектин Ленин райондук милициясы чуу чыккан жерден оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын Бишкектеги штабынын бөлүм башчысы Бакыт Калпетовду, өкүлү Мирлан Токтошевди жана үн жаңырткычтар ташылган машинанын айдоочусу Мейманбек Макеевди кармап кетишкен. Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мехман Алиевдин айтымында, алар бейбаштык кылды деген кине менен кармалган:

-Бейбаштык кылды деп үч адам кармалды. Митинг болуп атканда алар сүйлөп аткан аялды көздөй газ баллонунан газды көзүнө чачкан. Анан тепкен. Азыр бул ишти тергөөчү тергеп жатат. Бир нече сааттан кийин жыйынтыгын көрөбүз. Алардын аракетине юридикалык баа берилиш керек.

Ал эми БЭКтин өкүлдөрү окуя бийликтин буйругу менен атайын түзүлгөн кутумчулар тарабынан жасалды деген ишенимде. Ошон үчүн БЭКтин шайлоо штабынын Ленин району боюнча координатору Чолпонбек Жуматаев милиция алып кеткен үн жаңырткычтар жана башка жабдуулардын арасына кыймыл өкүлдөрүнө каршы күбө болчу буюмдарды салып коюп, кинеге тартат деп кабатыр:

-Ал аялдар, ОБОНчулар деп коелучу, бир жумадан бери тынчтыкты кетирип, бардык жерде чатак чыгарып жүрүшкөн. Милициялар биздин күнөө кылбаган балдарыбызды эч бир айыбы жок жерден кармап, үн жаңырткычтарыбызды, жолугушууга даярдалган жабдууларыбызды камакка алып, арасына атайын бир нерселерди салып атышканын көрдүк. Күнөө кылбаган адамдарга асылып, мына көйнөктөрүн тытып салышты. Ага чейин милицияга айтып, ушул кишилерди тыйгыла деп жатып, тыйдыра алган эмеспиз. Азыр арыз жазган кишилердин баары өзүлөрүнүн адамдары. Эртең же бүрсүгүнү медициналык экспертиза жасатып, булардын көзү соолуп калды же бир жери сынды деп туруп, эртең биздин балдарды камаганга аракет кылышаарын билебиз.

Милиция кылмыш ишин ачуу үчүн окуяга күбө болгон бейтааныш адамдардан да түшүнүк кат алды. Жекшембинин кечинде, он экилер чамасында Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги камакка алынгандарды депутаттар Роза Отунбаева менен Асел Кодуранованын кепилдиги аркасында кайра кое берди. Эми кармалгандар бүгүн кайра сурак беришет. Бул иштин жыйынтыгы кандай болору - кылмыш иши козголобу же жокпу - ал азырынча белгисиз. Депутаттар Р.Отунбаева менен А.Кодуранова Ленин райондук милициясына баардык талапкерлерге шарт бирдей болбой жатканын, албууттанган аялдарды токтотууга милиция кийлигишпей койгонун айтып, аларды сынга алышты.

Оппозиция жыйынына аялдар тобу чуу салды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:16 0:00

XS
SM
MD
LG