Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:06

Байкоочулардын баамында Ошто милиция жана аскер кызматкерлеринин эртелеп добуш берүү процесси мыйзам бузуулар менен коштолду.

Ош шаардык шайлоо комиссиясы маалымдашынча, түштүк башкалаасында 1799 жаран мөөнөтүнөн мурда добуш берди. Анын ичинде 936 милиция, 836 аскер кызматкери. Калган 27 чет өлкөгө сапарга аттангандар.

Бирок Бириккен Элдик кыймылдын талапкери Алмазбек Атамбаевдин Ош шаардык штабынын жетекчиси Алымбай Кадыров белгилешинче, оппозициялык партиялардын байкоочуларын эртелеп добуш берүү жараянына катыштырбоо аракети жасалды.

- Орой мыйзам бузуулар катталды. Биринчиден, шаардык шайлоо комиссиясы бизге натуура маалымат таратып, добуш берүү саат 10.00гө белгиленсе, атайылап кечки 16.00гө чакырып жатышты, - дейт Алымбай Кадыров. – Экинчиден, мыйзамга ылайык шайлоочуга бюллетень менен конверт чогуу берилиши керек эле. Өзү кабинага жалгыз кирип, тандаган талапкерин белгилеп, кол коюп, анан конвертти клейлеп тапшыруусу абзел. А участоктордо кандай болду? Адегенде бюлеттендерди берип жатышты. Анан тигил жактагылар кимди шайлагандыгын көргөндөн кийин конвертти колуна карматышты. А түгүл конверттин тышына милиция же аскер кызматкерлери фамилиясын жазып урнага таштап атышты. Ушундан улам кимиси Бакиевге же Атамбаевге добуш бергендигин оңой билсе болот.

Ошентсе да, жергиликтүү байкоочу Калыбек Закиров түштүк борборунда жайланышкан аскердик бөлүктөрдүн жоокерлерин жана офицерлерин күн мурунтан добуш бердиртүүнүн кажети жок эле деп эсептейт.

- Биз барганда жоокерлер конверттин сыртына эч кандай белги койбой салып жатышыптыр. Анан биз аларга колун койдуртуп таштатып, а түгүл акт да түздүк. Себеби, буга окшогон фактылар көп болду, - деп кепке кошулду байкоочу Калыбек Закиров. – Атайылап бурмалаганга ыңгайлаштырып атышат да. Эгерде аскер кызматкерлери өз убагында шайлоого катышканда, добуштарды реалдуу эсептегенде Атамбаевге көбүрөөк ташташмак. Бирок эки-үч күндөн кийинки жыйынтык Бакиевдин пайдасына чыгарылышы ыктымал.

«Ата Мекен» партиясынын Ош аймактык координатору Төлөгөн Келдибаевдин баамында, бийлик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого ниети бардыгын эмитен байкатууда.

- Күч структураларынын өкүлдөрү өздөрү да коркуп олтурушат. Ошон үчүн конверттин тышына кызматкерлеринин аты-жөнүн, дарегин толук жаздыртып атышат. Бул жерде шайлоонун купуялуулугу четке кагылууда. Алардын айтымында, президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев (мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси - автор) өлкөдөгү күч органдарын катуу көзөмөлгө алды деген каңшаар тарады. Ошондуктан, ички иштер органдарынын кызматкерлери Курманбек Бакиевди колдоп добуштарын берүүгө аргасыз болуп жатышат.

Өлкө башчылыгына талапкер Курманбек Бакиевдин Ош шаардык штабынын өкүлү Руслан Ташанов президенттик шайлоонун мыйзам бузуулар менен коштолушун кадырэсе көрүнүш катары баалады:

- Кандайдыр бир мыйзам бузуулар болушу ыктымал. Муну дүйнөлүк практика далилдеп жатпайбы. Бул деген демократиялык түзүмдүн өзүнчө бир эрежеси, мыйзам ченемдүүлүктөрү экен. Аны моюнга алышыбыз абзел. Бирок жалпы жонунан элдин добуш берүүсү бурмаланбайт.

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзилдаевди кепке тартканыбызда, оппозициялык партиялар жана жергиликтүү байкоочулар белгилеген кемчиликтер убагында четтетилгендигин билдирди:

- Социал-демократиялык партия техникалык кемчиликтерди айтты. Адамдар кезексиз көп кирип жатышыптыр. Анан бир-эки конверттин тышына добуш берүүчүлөрдүн фамилиясы жазылып калыптыр. Мындан башка олуттуу мүчүлүштөрдү байкашкан жок.
Мухтар Пайзилдаев мөөнөтүнөн мурда берилген добуштар 23-июлда эртең менен тиешелүү участокторго жөнөтүлүп, жыйынтыгы ошол күнү кечке маал чыгарылаарын кошумчалады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG