Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

Парламенттик шайлоонун алдында турган Кыргызстанга москвалык ММКлардын маалымат чабуулу “Азаттыктагы” кезектеги талкуунун темасы болду. Кремль кожоюндары өзүнө караган ММКлар аркылуу кыргыз саясатчыларынын бир катарын жамандап, экинчилерин мактоого алып жатат. Экспеттердин көз карашында Кремлдин мындай мамилесине Кыргызстан кезеңинде өзү куштар болуп келген.

Кремлдин маалымат саясаты жана Кыргызстан

Бүгүн биз Москванын маалымат саясатын, анын мурдагы Советтер бирлигиндеги өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга карата жүргүзүп жаткан саясий технологияларынын таасирин талкуулайбыз.

Талкууга Украинанын Шайлоочулар комитетинин төрагасы Александр Черненко, Грузиянын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр фондусунун президенти Александр Рондели, “Азаттыктын” Беларус кызматынын саясий баяндамачысы Юрий Дракахруст жана Бишкектен сяасат таануучу Орозбек Молдалиев катышты. Талкууну Азаттык/Эркин Европа үналгысынын кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева алып барды.

"Азаттык": Кыргызстанда элдин көпчүлүгү азыркыга дейре маалыматты көбүнчө россиялык теле-радио каналдардан жана россиялык башка маалымат булактарынан алышат. Мындай кырдаалды пайдаланып, Москва ушул күндөрү өзүнө караштуу ММКлар аркылуу өзүнө жакпаган кыргыз саясатчыларынын бир даарын ачык эле сынга алып баштады.

10-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоолор өтөт. Москвага жаккан же жакпаган саясатчылардын аты-жөнүн айтпай эле коелу. Бирок Москванын мындай маалымат чабуулу Кыргызстандагы элдин ар кыл өңүттөгү ой-пикирин жаратты. Биздин окурмандар менен угармандардын көпчүлүгү Россиянын Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатканына нааразы экендиктерин ачык эле айтып жатышат. Мына ушул маселенин айланасында пикир алышсак деймин.

Адегенде Бишкектен саясат таануучу Орозбек Молдалиевге кулак салсак. Сиз кандай деп ойлойсуз, эмне үчүн Москва Кыргызстанга карата мындай маалымат чабуулун жасап жатат? Кыргызстандагы эл эмне деген ойдо болуп жатканын алар эске алып жатабы жана өзүнүн бул жактагы саясатын тууралап алууга канчалык даяр?

Орозбек Молдалиев: Москвага бир лидер болгон ыңгайлуу

Орозбек Молдалиев: Мындай маалымат согушунун чыгышына бир нече себеп бар. Биринчиден, Москва парламенттик өлкө менен баш ооруткусу келбейт. Москвага анын айтканынан чыкпаган бир адам керек. Маселенин өзөгү мына ушунда.

Экинчиден, эгерде парламентаризм Кыргызстанда оожалып кетсе, КМШ өлкөлөрүндөгү оппозициялык күчтөр албетте парламенттик системаны орнотууга умтулуп башташат. Муну, албетте, Москва каалабайт.

Бул жерде негизги себеп, Россия Борбордук Азиядагы таасирин жоготуп жатканында. Өткөн жылдан бери Түркмөнстан өзүнүн жаратылыш газын Кытайга Казакстан аркылуу экспорт кылып жатат. Бул аймак Россиянын көзүн караган экономикалык туңгуюктан чыгууда. Ошондуктан Москва бул өлкөлөрдө өзүнүн аскер базаларын көбөйтүү жана бийликке өз кишилерин коюу аркылуу таасирин сактап калгысы келип жатат.

"Азаттык": Москванын мындай мамилеси Кыргызстандагы элдин ичинде кандай кабыл алынууда?

Орозбек Молдалиев: Мен кечээ кыргыз радиосунда түз ободо болдум. Угармандар телефон чалып нааразы болуп, чын эле россиялык президент Медведев Бакиевди туурап Феликс Кулов менен тандем түзгүсү келип жатабы деп айтып жатышты. Медведев менен болгон жолугушуу “Ар-намыс” партиясынын беделине доо кетирип койду.

"Азаттык": Киевге кезек берели. Александр, бул жөнүндө Сиз кандай ойдосуз?


Александр Черненко: Москва башка өлкөлөрдөгү кырдаалды жеткиликтүү биле бербейт


Александр Черненко: Украинанын тажрыйбасы, өзгөчө 2004-жылдагы окуялар көрсөтүп тургандай, Москва өзүнүн кызыкчылыгындагы аймак деп эсептеген өлкөлөрдөгү кырдаалды жакшы биле бербейт. Москвалык саясатчылар менен технологдордун 2004-жылы Украинадагы чалмакей оюндары акыры элдин көтөрүлүшүнө алып келди.

Албетте, Украинада кырдаал бир топ башка. Бул жакта көбүнчө жергиликтүү ММКлар популярдуу, россиялык каналдарды көргөндөр аз. Ошондуктан башкача технологиялар колдонулган. Кремлге ыктаган россиялык технологдор бул жакка келип, бийликтин ичине чейин аралашып, Россиянын планын аткарышкан. Алар Украинанын ММКларына да өзүнүкүн таңуулаганга аракет кылышкан.

Айрым бир убакыт алардын оюндай болду, бирок оюн от чыга турган опурталдуу деңгээлге чыгып кетти. Президенттик шайлоонун алдында украиналык журналисттер мындай кысымдарга, цензурага каршы чыгышты. Ошондуктан россиялык сценарийлер бул жакта ишке ашпайт.

Постсоветтик өлкөлөр жана анын элдери кыйналса да өз жолун таап кетип жатканын жана азыр такыр башка болуп өзгөрүп жатканын тигил жактагылар түшүнүш керек. Россия бийлигинин Кыргызстанга колдонуп жаткан технологиялары таптакыр тескери натыйжа бериши мүмкүн.

"Азаттык": Украинадан айырмаланып, Кыргызстандын маалымат айдыңында россиялык ММКлардын таасири чоң. Ушул кырдаалды пайдаланып, Россиянын президенти Дмитрий Медведев парламенттик система катастрофага алып келет, мындай система Кыргызстанга жарабайт деп эки жолу расмий билдирүү жасап жиберди. Эми Тбилисиден эксперт Александр Ронделини угуп көрөлү.


Александр Рондели: Москва Кыргызстандагы таасирин сактап калуу үчүн баарына даяр


Александр Рондели: Кыргызстандагы окуялар жөнүндө бизге бул жактан бирдеме деп айтыш кыйын. Бирок Россия бул жакта өзүнүн таасирин сактап калуу үчүн баарын жасап жатканын биз сопсонун түшүнүп турабыз. Кыргызстан Россия менен чек арасы чектешпейт, ошондуктан алардын аракети оңой ишке ашпайт. Ошондуктан "жумшак күчтөр", "орой опуза" жана "бешинчи колонна" деп аталган ыкмалар колдонулуп жатат. Алар башка ыкмалардан ылаажы болбогондо бизди кара күч менен алууга да аракет кылып көрүшпөдүбү.

"Азаттык": Жакында НТВ телеканалында Беларус президенти Александр Лукашенкону сындаган фильм көрсөтүлдү. Бир катар ММКлар Москва Беларуска каршы маалымат согушун баштады деп жоромолдоп жиберишти. Бул жөнүндө биздин саясий баяндамачыбыз өзү айтып берсин.


Юрий Дракахруст: Беларуста россиялык ММКлардын колу кыска


Юрий Дракахруст: Чынында эле үч фильм көрсөтүлдү, «Крестный батька» деп аталат. Анда Александр Лукащенкого карата чынында эле катуу сындар болду.

Бул жерде белгилеп коеш керек, азыр россиялык каналдар Беларуска бир кыйла чектелген шартта жетип жатат. Ошондуктан россиялык фильмди көргөндөр аз эле болду. Анткен менен, сурамжылоолорго караганда, болжол менен элдин үчтөн бир бөлүгү, балким жарымы ДВД аркылуу көрүшкөн же фильмдин мазмуну жөнүндө тааныштарынан угушкан.

Балким, Кыргызстанда адамдар нааразы болуп жаткандыр. Бирок такталган маалымат болуш керек, социологиялык сурамжылоолорду жүргүзүү зарылдыр. Радиого телефон чалгандар элдин арасындагы жалпы маанайды так чагылдырбайт. Беларустагы сурамжылоолорго караганда, Лукашенко ушул фильмдердин айынан бедел рейтингисинин беш пайызын жоготту.

"Азаттык": Менин оюмча Бишкекте кырдаал башкачараак. Орозбек Молдалиевге суроо: Москванын ушундай маалымат чабуулу Кыргызстандагы саясий кырдаалга жана кыргыз саясатчыларынын беделине кандай таасир бериши мүмкүн?

Орозбек Молдалиев: Мен Россия Федерациясына карата терс пикирдеп деп айыптоого болбой турган Кыргызстандагы коммунисттердин лидери Исхак Масалиевдин сөзү менен жооп берейин. Кечээ “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө сүйлөп жатып, ал россиялык жетекчилер Кыргызстандагы чыныгы кырдаалды билбейт деп айтты. Антпесе Куловго караганда “өтүмдүү” адамды тандоого болот эле го. Россия жетекчилигинин көңүлүн Кулов эмнеси менен алды? Россия менен конфедерация болобуз, биригебиз деп дайыма кайталаган билдирүүлөрү мененби?


Кыргызстан – Россияга ыктаган өлкө


"Азаттык": Кыргызстан мурдагы советтик республикалардын ичинен Россияга ыктап келаткан өлкө болуп саналат. Кыргызстанда Орусияга умтулган маанай күчтүү. Жүздөгөн кыргыз атуулдары ушул күндөрү Россияда жашап иштеп жүрүшөт, адам көчү азыркыга дейре токтобой, журт которуп орус жарандыгын алып жаткандар көп. Россия Бишкекти колдон чыгарбас үчүн дагы кандай таасирлүү каражаттарды колдонушу мүмкүн? Бишкек өз алдынча саясат жүргүзүп кете алабы? Бул суроо Александр сизге.

Александр Черненко: Көрүнүп тургандай, постсоветтик мейкиндиктеги ар бир өлкө, анын ичинде Украина дагы, канткен күндө да россиялык фактор менен эсептешкенге аргасыз, бул көрүнүш дайыма боло берет. Кеп бул жерде анын ички саясатка канчалык кийлигише тургандыгында.

Эгерде Орто Азияны айта турган болсок, Кыргызстан башка коңшуларына салыштырганда өз учурунда көбүрөөк батышчыл жана демократиялуу мамлекет болчу. Анан кийин тараза ташы башка жакка ооп кетти. Азыркы убакта Россия Кыргызстанды өзүнүн таасиринде кармап тургусу келип, буга бардык аракетти көрүп жатканы, ушул себептен улам акылга сыярлык иш.

Менин оюмча, Россияда азыркы бийлик турганда, Кремлдин кожоюндары сырткы саясаттын эсебинен, башкача айтканда кандайдыр бир тышкы факторлорго элди алаксытуу менен өзүнүн ички саясий проблемаларын чече берет.

"Азаттык": Рондели мырза, сиз Бишкекке кандай кеңеш айтар элеңиз? Кыргызстанга карата Москванын колунда дагы кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

Александр Рондели: Менин оюмча, Бишкектин Россия менен чектешпегени чоң мааниге ээ. Ошондуктан кыргыздар коңшуларына караганда өздөрүн кыйла эле коопсуз сезише алат. Бирок партиялар каруу-күчкө толо элек мезгилде парламенттик республика болуунун опурталдуу жагы бар. Мен Кыргызстанда парламенттик республика түзө ала турган күчтүү партиялар бар деп ойлойбойм.

Авторитардык башкаруудан, бийликти бир президенттин колуна топтогондон, албетте, кетиш керек. Бул үчүн президент дагы, парламент дагы күчтүү болгондой кандайдыр бир жакшы орто жерин табыш керек. Бул техникалык маселе. Менин оюмча, албетте, Москвага күчтүү авторитардык башкаруудан башканын кереги жок.

"Азаттык": Юрий, Сиз кандай деп ойлойсуз, орус каналдарынын маалымат чабуулунун артында эмне жатат? Кыргызстанга алар эмнени каңкуулап турушат?


Кыргыз саясатчылары орус таасирине өздөрү жүгүрүп жатышат


Юрий Дракахруст: Алар жөнөкөй эле нерсени айтып атышат, биз каалагандай болгула деп жатышат. Бакиевди кулатаардын алдында кыргыз оппозиционерлери, эгер эсиңиздерде болсо, Москвага тынбай каттап калышкан. Алар чынында эле Россия өзү кийлигишип, Кыргызстандагы окуяларга таасир көрсөтүшүн каалашкан.

Бакиевди кулатаар алдында кыргыз оппозиционерлеринин бири Бишкекке учуп келер менен камалганын эстесеңер. Ал камалар алдында “Бизди Путин колдойт!” деп кыйкырбады беле. Ошол учурда Москванын таасири оң көрүнүш катары каралып, эми терс көрүнүш болуп калды.

Эгер Россия сенин өлкөңө таасир көрсөтүшүн кааласаң, анда так ушундай болот. Ошол учурда анын таасири оң көрүнүш болуп, эми азыр терс кабыл алынууда. Ошондуктан мындай чабуулдарга жол бербөөнүн жолдору жөнүндө айта турган болсок, анда Россияны кийлигишпе деп сураныштын кереги жок.

"Азаттык": Юрий, ошол учурда муну Кыргызстанда кандай кабыл алышканы, жакшыбы же жаманбы, мен билбейм. Менин оюмча, Кыргызстандын калкынын бир бөлүгү өлкөнүн ички иштерине сырттан бирөө кийлигишкенин каалабайт. Молдалиев мырза сиз кандай деп ойлойсуз?

Орзбек Молдалиев: Бул жерде ошол учурда Бакиевдин режимине каршы Россиядан катуу чабуул болгонун унутпашыбыз керек. Кызыкчылыктар шайкеш келген, максат бир болгон.

Ал учурда Россия эгерде оппозицонерлер бийликке келсе кандай Конституция болот деп кызыккан. Ошондуктан оппозицияны да, Москваны да айыптаган туура эмес. Саясатта баары өзгөрүп турат.

Ошол эле учурда Россиянын президентин орус эли менен теңдеп караган болбойт. Эгер Медведев кыргыз элинин намысына тийгендей сөзүн айтып жатса, бул анын жеке пикири. Биз ошондой кабыл алабыз. Бирок Путин Кыргызстанды парламенттик система курууга умтулуп жатканы үчүн бир да жолу айыптаган жок. Биз муну байкайбыз жана айырмалай алабыз. Бул Медведевдин пикири экенин, бул бүтүн Россиянын, ал түгүл Россиянын бардык жетекчилигиники эмес экенин билебиз.

"Азаттык": Тегерек үстөл талкуусуна катышкандарга ырахмат айталы. Менде Кыргызстандын алдында дагы далай иштер жаткандай ой калды. Ырас, элдин пикирин өзгөртүү үчүн, башкаруу үчүн ар кандай заманбап каражаттар колдонулары турган иш. Бирок акыры акыйкатта элдин өзүнүн тандоосу чечиш керек эмеспи. Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG